Асель Касымова "Эркелеп"
Жанр:Поп
00:03:39
50,66 Мб
Жүктөлгөн: 19-06-2012


Сөзү:Нурлан Насиптики
Обону:Нурлан Насиптики

Жүрөгүм, жүрөгүм жаман эзилет,
Сүйүүгө жан дүйнөм неге берилет?
Бир өзүң деп жүрсөм да.
Сагынып, саргайып күтүп жүргөнмүн,
Өзүңдү, өзүңдү жаным, сүйөмүн,
Бир өзүң, жүдөдүм.
Сагынып, саргайып сен деп жүрсөм да,
Өзүңдү, өзүңдү жаным, сүйсөм да,
Сезбедиң, сезбедиң.

Кайырма:
Эркелеп, эркелеп сага барсамбы,
Кучагың, кучагың мага жайсаңчы.
Жан эркем, сүйүүнүн балын татсаңчы,
Жүрөктүн кусасын жазсаңчы.

Ойлонуп, ойлонуп ойго батамын,
Көз алдымдан кетпейт сенин карааның,
Жете албай сыздадым.
Жүрөмүн азыр да сени сагынып,
Билемин, келбесиң мага кайрылып,
Ыйлаймын, сыздаймын.
Жүрөмүн азыр да сени сагынып,
Билемин, келбесиң мага кайрылып,
Ыйлаймын, кыйналдым.

Кайдасың, кайдасың менин жамалым?
Өзүңдү, өзүңдү издеп таппадым.
Асылым, ардагым сүйүүм сезбедиң,
Келбедиң жалгызым, келбедиң.

Сагынып, саргайып сен деп жүрсөм да,
Өзүңдү, өзүңдү жаным, сүйсөм да,
Сезбедиң, сезбедиң.

Кайырма:
  • Currently 4.65/5
(83 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (161)

30.08.2012. 14:58
 Sirena
Келечектен копту умуттондургон таланттуу кыз!
31.08.2012. 17:23
 CCP
Уккан, сайын уккум келет, тойбодум ушул ырга.
03.09.2012. 21:28
 nura_312
козунун устун кара тень мн боугон жарашпайт экен чачы туз жагындагы макияж оболденно болуптур озуно дагы к лицу ыр жакты
04.09.2012. 17:00
 a-kalykov
ырын жакшы бирок клибиндин мааниси жок
04.09.2012. 21:49
 Akishova93
Ыр сооооонун болуптур! ийгилик!
05.09.2012. 17:08
 Nursultan
soz jok
07.09.2012. 20:54
 Boginya
скучный очень
24.12.2012 22:06
_xXx_
Boginya, озун скучный!
11.09.2012. 13:05
 MEDEROLLA
Саксафон ойнолгон жери сонун да
11.09.2012. 21:41
 NADUW
тим эле журокту эргитетда! жакшы жазыпкан ырды Нурлан байке!анжелика экоосу окшошуп кетет экен!
16.09.2012. 00:06
 aiza_kg
jakty, super!!!
17.09.2012. 11:27
 CCP
Мен "Супер Инфо" газетасына тушунбой калдым.Газетанын акырка санында Темир Назаровду биринчи орунга чыгарып Аселя Касымованы 2-орунга коюптур. Темир Назаров бир да жолу биринчи орунга чыккан жок эле, даже 2-орунга да чыккан эмес болчу.Менимче ал жерде да коррупция бар окшойт. Бул коррупция качан жоголот болду экен.
17.09.2012. 11:39
 admin_media
CCP, байкооңузга чоң рахмат! "СуперХитте" эч кандай корупция жок, добуштарды жасалма жол менен көбөйтүү мүмкүн болбошу үчүн, добуш берүүдө чек коюлган. Ал эми, Темир Назаров биринчиликке чыгып кеткенине таң калыштын кереги жок.
17.09.2012. 11:42
 admin_media
CCP, Биринчиден, Темирдин ыры жаңы кошулган, хит параддын жүрүшүндө жаңы кошулган клиптер биринчи орунга чыгып кеткен учурлар көп болот. Мунун таң кала турган эч нерсеси жок. Себеби Аселдин күйөрмандары канча болсо, Темирдики да андан кем калбайт.
Экинчиден, билип-билбей жалпы ишмердүүлүккө дайынсыз сын айтканыңыз үчүн 3 күнгө БАН!Модератор MiranA түзөттү 17.09.2012 11:45
24.09.2012. 06:43
 _aika_85_
molodes klasstaw!
28.09.2012. 18:07
 JanumAkisha
аябай жакшы ыр уккан сайын уккун келет бул ырды кайра кайра уксанда жадабайсын Асель азаматсын чыгармачылык ийгилик сени м,н сыймыктанабыз бар боооол....
07.10.2012. 15:33
 koshmatov
клип жакшы чыгыптыр соз жок бирок бир кемчилиги бир кадрда жигиттин кол сааты он колуна отуп калат 2:15-2:25 минуталарда
14.10.2012. 16:53
 AFRODITA-89
жакшы ыр
14.12.2012. 19:25
 angel.2012
Мага жакты!Абдан жакшы болуп тур клипттин бир кемчилиги Асел эже кыска туникабы же койнокпу тушунбодум ошол жери жакпады!
24.12.2012. 22:08
 _xXx_
Анжелика менен туугандык жагы жок бекек? Сураштырыш керек экен э достор?
07.01.2013. 23:28
 reyba
aselya dagi bir uwunday jagimduu ir irdap ber4i. Kutom
10.02.2013. 21:15
 angel.2012
Оба тура айтсасынар абдан Анжелика эжебизге окшош экен!
25.02.2013. 03:35
 fanatka19
Алга жана алга башка соз жок.таланттуу кыз экенсин.
05.04.2013. 09:05
 1994jika
Соонун ыр)
08.04.2013. 19:05
 nuRchik01
аябай сонун ыр журогум эзилип кетти!
17.07.2013. 11:06
 hiall
Асель айымдын аткаруусунда журоктогу ак сезимдерди ойготкон ырлардан болуптур. Таазим кылам, чон рахмат!
19.02.2014. 00:52
 mekusha
Вааау сонун ыр экен!1 Кыз дагы жакшынакай экен бирок клиптин бир аз майы жетишпей калыптыр да а так в целом соз жок алга оркундой бер
05.03.2014. 21:58
 peri...97
Урматту админ Асел Касымованын кара жорго ырын жуктоп койузуздарчыыы сураныыыч сиздерден.алдын ала рахмааааат
06.03.2014 09:54
admin_media
peri...97,
Саламатсызбы! Ал ырды А.Касымова ырдабайт.
http://www.super.kg/media/uservideo/112107/
14.04.2014 01:27
peri...97
admin_media, ошол озумда ойлодум биринчи,бул кыз кантип эле мындай ырды ырдасын деп....мага ошол Асел деп К тамгасы кеткен фамиляны айтты эле Касымова окшойт деп ойлопмун,корсо жанылыптырмын.....чоон рахмат сиздерге;)
14.04.2014 10:18
admin_media
peri...97,
Эч нерсе эмес:)
22.04.2014. 09:16
 Hameleon
Аябай сонун ырдаган. Ийгилик Асель. Жашоодо аябай эле жонокой кыз экен. Алга ийгилик менен ;)
26.08.2014. 03:48
 kg_sulushka
Ubagynda ushul yr mn oorup jurgom
28.12.2015. 18:50
 MuslimNur95
Бул ыр мен учун озгочо таасирдуу суйлошкон кызым тун жарымда зв кылып бул ырды угун деп айткан эх Асель рахмат сизге
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: