Назира Кадыева "Эсиңдеби?"
Жанр:Поп
00:03:16
42,19 Мб
Жүктөлгөн: 22-07-2014


Сагындым мен өзүңдү,
Сиз деп айткан сөзүңдү.
Унута албайт окшоймун мен,
Сенин кара көзүңдү.

Кайырма:
Эсиңдеби сен жаным,
Сүйөмүн деп айтканың.
Мени ушунча ишендирип,
Неге мени алдадың?

Алтыным мен күнүгө,
Сени көрөм түшүмдө.
Мына азыр олтурамын,
Ырым арнап өзүңө

Кайырма:
Кайда кеттиң сүйгөнүм,
Сени күтүп жүрөмүн.
Элесимде, көз алдымда,
Сен жылмайып күлгөнүң.

Кайырма:
  • Currently 2.83/5
(6 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (41)

22.07.2014. 23:34
 elkat
Вааааауууу мыкты клип болуптур.Клипти катардагы клиптерге окшоштурууга болбойт.Бул ырчы айым мыкты диджей гана эмес мыкты ырчы дагы.Коро албастар ар кайсыны жаза берет.дагы жакшы клиптерди кутобуз сизден.бул клибинизди кайра кайра коруп жатам.слов нет супееееееер!!!
22.07.2014. 23:41
 meninmekenim
Назира Кадыева азаматсыз.Унунузго соз жок.Ушу ырдын клибин кутуп журдум эле.Эки жумушту тен кылып жатасыз.Ырчы катары сиздин ар бир ырынызды чогултуп угам.Ийгилик сизге.Бул клибиниз башкача болуптур.Аябай жакты.
23.07.2014. 00:25
 beka1979
Ырдабай эле койчу сураныч! Назира озунлун эле ырын радиодон ырдай албаса да куйуп тажатат. Уялчы. Бирок клипин нормальный эле. Модератор admin_superstan түзөттү 23.07.2014 09:12
23.07.2014 09:15
admin_superstan
beka1979, талкуудан алыстабаңыз.
23.07.2014. 01:05
 freid
Назира азаматсыз! Мукам унунуз менен дагы жакшы ырларды аткарып эл журогуно жол сала бер! Иттер уро берет,мыктылар алга карай журо берет! Тогорогун топ келишкен сонун клип болуптур!Модератор admin_superstan түзөттү 23.07.2014 09:11
23.07.2014 09:11
admin_superstan
freid, жеке билдирүүнү купуя менен жөнөтүңүз.
23.07.2014 12:03
aminuwka
admin_superstan, сураныч кеч Айгерим Расул кызыны ктрк Ала тоо жанылыктарда мас болуп колго тушту деп берди тушунбой калдым ошону жазгылачы сураныч туну 21:30 жанылыктарда корсотту эле
23.07.2014 12:19
admin_superstan
aminuwka, Саламатсызбы!
Ал окуя тууралуу макала бар:
http://www.super.kg/article/?article=21825
23.07.2014 12:50
aminuwka
admin_superstan, admin_superstan, урматтуу админ мен кечее кордум туну бирок акырын коруп калдым. Наркологияга алып барыптыр анан
23.07.2014. 01:30
 Lazat
Нази эже эң сонун клип жана ыр. Үнүңүз аябай булбулдун үнүндөй. Эжеке дагы жаңы ырларыңызды күтөбүз. Бар болуңуз.
23.07.2014. 02:04
 FREZIYA
Ото начар жакпады...
23.07.2014. 06:12
 urmat_88-kg
Буту кыйшык болсо да байдын кызы бийлесин болуп жатат. Жок десе озундун ырларынды озун бербечи рад/н. Анан да ырдабай койсон андан соонун болот.
23.07.2014. 09:13
 admin_superstan
Anjella89, ар бир колдонуучу өз оюн жазууга укуктуу! Жеке билдирүүнү купуя менен жөнөтүңүз.
23.07.2014. 09:16
 admin_superstan
Pepi, талкуудан алыс билдирүүлөрдү жазбаңыз. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
23.07.2014. 10:27
 aika1405
Назира диджей болуп эле жургон жакшы,ун дегенден дайын жок.
23.07.2014. 10:36
 meerim8793
Ушундайда ырчы бар беле, кимге кандай билбейм бирок,лично мага үнү жакпады.
23.07.2014. 15:09
 Talantbek
обону (уну) слабый экен, вокал деген жок, клип, костюмер тоже слабый, кийимдери, чачы чон корсотуп койгон, мен билишимче жаш эле диджей, клип жакшы тартылып, монтаждалган, бирок башкача ырчыга жана башка ырга жакшы чыкмак бул клип
23.07.2014. 15:20
 Talantbek
музыкасы да жакшы, создору обону жок учун кичине жакшы болбой калган
23.07.2014. 17:43
 Dayana1991
Ушинтип ырдавай Эле койсо болмок,мааниси жок жаккан жок
23.07.2014. 18:07
 nursultan.mr
ogooooooo/ ynynyzgo bereke! Ozgocho klip boluptur, azamatsyz!!! Negizi ele Nazira eje radiodon da mixovaitetip soonun alyp barat go. Adam bir jakshylyk kilsa ozy ozgorboi ele ailanasyndagylar ozgorot degen chyn, koro albagandarga konyl burup da koibonuz
23.07.2014. 18:20
 anelya_kaparova
Назира Кадыева мыкты ди-джей гана болбостон, ырчылык тизгинин да алып келет. Эң соонун ыр, соонун клип менииче. Жакшыны жакшы деп эле айтыш кере та, туурабы. Эмне эле үн жок деп атасынар, биздин учурдагы "жылдыз" сөрөйлөрдүн айрымдарын угуп анан ушинтип жазгылачы макулбу. Алга Назира эжекеси, катардагы эмес, модалуу деп эмес, сапаттуу, мазмундуу ырларды ырдап жүро бериниз!
23.07.2014. 19:36
 momuntay
Назира Даниярова го. Чындап озуну зордоп ырчы кылып алгандай. Ди жей болгон эле жарашат го дейм сага. Клип маанисиз бирок эффектер кооз....
23.07.2014. 20:23
 Pepi
Клип ото Эле супсак. Же макияжы жок нормальный, же прическасы нормальная эмес. Дешевый клип, " ары бастым мен бери бастым" болуп. Модератор admin_superstan түзөттү 24.07.2014 12:56
24.07.2014 12:58
admin_superstan
Pepi, акыркы эскертүүм!
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирбеңиз.
23.07.2014. 21:14
 elvira1980
Клипке озун тартылбай эле жаш кыздарды тартыш керек да, эч жарашпай калыптыр ырдаш учун талант керек ун жок!Модератор admin_superstan түзөттү 24.07.2014 12:55
23.07.2014. 21:43
 freid
Странных людей очень много!!!Жакпаса корбой эле койгула. Может еще силерден сурасынбы клипке кимди тартып кимди коюшту? Лично мен Назиранын ырларын суйуп угам!Назира Азаматсын!
25.07.2014. 01:38
 cosmopolit
Клип жакшы тартылыптыр...
25.07.2014. 11:31
 syma
мммм ар бир адам колунан келген ишти кылса!!! калп эле ырдын баркын кетиришип!! азыркы жаны чыгып келе жаткан ырчылардын ырларын уккунда келбейт, маниси да жок,унуда жок, эптеп эле ырдай беришет! ФОНОГРАМАНЫ коюуп алышып,ушу ырчыларды тасалашса электен откозушо нормдары калат эле!!!
25.07.2014. 14:10
 kuntai
Клип жакшы тартылган, профессионально ) эффекты тоже хорошие, жакшы ырдалган. Мага жакты )
25.07.2014. 18:36
 Altyndoor
Жон эле койбоптур! Смешной клип болуп калыптыр! Озунун жашына ылайык клип тарпайбы. Озун жаш кыз сезип албай.
28.07.2014. 23:44
 melek1
nazir eje azamatsyzz!!!!aitylgan sozdorgo konul burbanyz)))jakwy boluptur.a sizdi taanybagandar,ichi kuigondor suiloi beret.5++++
05.08.2014. 12:44
 admin_superstan
akbala-2014, акыркы эскертүү!
Жеке билдирүүлөрдү купуя менен жөнөтүңүз!
05.08.2014. 13:37
 admin_superstan
akbala-2014, эскертүүлөргө карабастан, эреже бузганыңыз үчүн 2 күн БАН!
06.08.2014. 15:20
 Leili
мага аябай жактты сонун тартылган коро албагандар суйлой берсин эн мыкты клип болгон,Клип тартыш деле оной эмес сындап суйлош эн оной,Назира эже сиз алгалай бериниз Итер уро берсин кербендер журо берсин,Дагы Жакшы Клиптерди Кутобуз,Алга Алга
18.09.2014. 18:54
 aitenir
Назике баракелде! Унун очпосун
25.01.2017. 15:01
 Nuura
Мен клиптен эч кандай озгочулукторду коргон жокмун .Алты айда тартылган клиптей эмесго.Эмнеси болсо да ишине ийгилик каалайбыз!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: