Назира Кадыева "Толгонуу"
Жанр:Эстрада
00:03:31
45,28 Мб
Жүктөлгөн: 16-09-2014


Сөзү:Эсенгул Ибраевдики
Обону:Жеңишбек Шамшиевдики

Күзөтчүдөй көз ирмебей күн-түнү,
Тирүүлүктө түгөнбөгөн түйшүгү.
Мен апамды кут төгүлгөн үй десем,
Атам анын кармап турган түркүгү.

Атам барда мен таптагы ылаачын,
Атам менин бөксөрбөгөн кубатым.
Күбөсү бул сен жараткан эрдиктин,
Күрөштөрдө күнгө серпкен кулачын.

Шаштым кетип бошоңдосо сабырым,
Колдон алып оор жүктүн жарымын.
Кыйын кезде кылт дедирбей дем берген,
Атам менин терең жайган тамырым.

Кубанчыма, кайгыма да тең шерик,
Бул дүйнөдө жан болбостур сенчелик.
Ак сарайым, алтын туткам кутманым,
Мен дүйнөдө сен тургузган эстелик.
  • Currently 5.00/5
(3 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (21)

16.09.2014. 13:13
 Leili
кандай сонун клип болгон мага аябай жактты азаматсыз назира эже кайра кайра угудан тажабадым эн мыкты клип 5555555
26.09.2014 13:09
Leili
итер уро берсин эшектер журо берсин сын айткандын башын жегиле озунор ушундай клип тартып алгыла башкан тамакка сынчы коп болбой
16.09.2014. 13:34
 dastan_nookat
Mp3-Форматын жуктоп койсонуздар!
16.09.2014. 19:46
 Shah
Рахмат Мен дуйнодо сен тургузган эстелик
16.09.2014. 20:20
 Pakissstanka
Uwu eje jon ele koiso bolmok je bir unu bolso ne...kalp ele ubarakerchilik da..
17.09.2014 00:11
salamatka
Pakissstanka, эмне жон койот,таланты болсо ырдайт да,кыйын болсон сен ушунтип ырдап ал биринчи,бышкан тамакка сынчы коп.Баары соонун,мага абдан жакты сизге ийгилик Назира эже.Коро албагандар суйлой берсин.
17.09.2014. 03:51
 Almaz-93
Эн сонун
18.09.2014. 02:47
 mi-li-na
Макияжы ото туура эмес жасалган, а ырды укса болот.
18.09.2014. 13:40
 4aidai
Шыбырап эле суйлоп койгондой. Ырдабай эле койчу ай.
18.09.2014. 22:46
 kishi
Обону Шамшиевдики
19.09.2014. 23:40
 nursultan.mr
Azamatsyz!!! chygarmachylyk iygilik! klip mykty
21.09.2014. 15:59
 kuntai
Биринчиден мен бул клипке тартылган адам катары айта алам, канча убакыт , аракет, айылдан туугандарыбыздын баарын чакырып, баарыбыз бир кун тоодо камеранын астында ... Отурдук, бир секундук видено кайра кайрадан 20 миноттон тартылып. Уйго барып тартылып, макияж костюм, тамак Аш всей сьемочной группе Ж. Б. Ушул сыяктуу майда чуйдо коп нерселер. Бул клип как семейный архив ... Раматылык атабызга эстелик катары тартылган. Биринчи сын айтаардан мурун озунор ушундай Эле клип тартып анан суйлосонор
29.03.2015 01:19
lusi2013
kuntai, эн сонун тартыпсыздар мага Жакты бир тууганын коп болгон кандай жакшы.башкасынан да аябай окшош экен сиздер. Коро албагандар туз жаласын
22.09.2014. 11:49
 Angel87.87
даяр оокатка сынчы коп ... жакшынакай клип! колунардан келбегенден кийин сындап эмне кыласынар? коралбастыкка жатат бул кылыгынар... назира эже азаматсыз мындан да жогорулай бериниз
22.09.2014. 12:14
 admin_media
Anisaydan,
Саламатсызбы!
Бизде колдонуучунун 15 мүнөт ичинде 10 файл көчүрүп алуу мүмкүнчүлүгү бар (видео же аудио болсо да). Эгерде 10дон ашып кетсе, "Медиа-порталдын" негизги бетине ыргытып салат. Бир аз убакыт өткөрүп, анан көчүрсөңүз болот.
29.09.2014. 14:55
 MARINA78
Урматтуу Назира аябай жакшы ыр жана клип болуптур ушул ырды ырдап чыкканынызга чон рахмат озумдун атамды эстеп кайра кайра угуп жатамын
01.10.2014. 02:53
 MARINA78
Назира талантыныз мындан ары оркундоп осо берсин мен сизди ушул ыр учун баалайм башка ырларыныздын кандай экенине карабастан
28.10.2014. 16:56
 Leili
Назира эжеден жакшы жанылык укубуз келет откондо кордум кочодон машина айдап кетип баратыптыр Анын жузун жакшы коро албадым Сиздер аркылуу коргум келет
28.10.2014 17:09
admin_media
Leili,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз, рахмат!
26.11.2014. 14:16
 Leili
бууу деле сонун клипго эмнеге кирген жок наамга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: