Нуркыз Кожонова "Досторго"
Жанр:Эстрада
00:03:07
43,3 Мб
Жүктөлгөн: 08-08-2014


Элестетип күндөр, бирге жүргөн түндөр,
Куса болуп эске алам бүгүн.
Каздар учкан көлдөр, кереметтүү жерлер,
Өзгөрбөптүр баарын көргөнмүн.

Кайырма:
Биз асманга карап, жылдыздарды санап,
Жүрчү элек го алыс күндөрдү самап,
Бара берем деймин, алыс болсо мейли,
Аман жүрсүн досторум деймин.

Көп ойлоном күндө, уктай албай түндө,
Бакыт-дөөлөт баары болсо дейм.
Элге кубат досу, эмгек-өмүр тоосу,
Кыйындыктан коркпоюн дейм.

Кайырма:

Кулпурсачы талаа, кулпурсачы калаа,
Гүл бакчада куштар сайрасын.
Эңсеп айткан тилек, сезимдер да түнүк,
Армандардан көңүл калбасын.

Кайырма:

Көктөмдө күнүм деп, cагындым бүгүн деп,
Жаштыкта жолугуп жыргал сүрөлү.
Бар өмүрүм менин белек кылса мейли,
Аман жүрсүн досторум деймин.
  • Currently 3.00/5
(2 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (30)

08.08.2014. 11:35
 oooald
Ашыкча эле боенуп алыптыр. Жакшы ыр бирок, уну жок экен. Модератор admin_superstan түзөттү 08.08.2014 12:11
08.08.2014. 11:42
 elli_88
ушул ыр мага жагат да жакшы клип болуптур азаматсын АЛГА!!!!!!
08.08.2014. 11:51
 Samat.A.A
Жакшы клип болгон негизи, бирок ушундай да ырчы бар экен да.
08.08.2014. 12:53
 Nazi_18
Бетине болгонун уруптур. Ашмалтай клип халтура.
08.08.2014. 13:30
 Tangsuu
Сонун, позитивный клип болуптур. Мага жакты.
08.08.2014. 13:55
 Gulnazz93
Жанара Атабекова соонун ырдаган бул ырды
08.08.2014. 14:28
 umutai.86kg
жанара атабекованын ырдаганын жуктоп койунуздарчы сураныч.
08.08.2014. 15:08
 burulu
cooonun
08.08.2014. 15:16
 burulu
uwul yrdy ugup ele,docdorumdu sagyna bawtadym,
08.08.2014. 17:42
 admin_superstan
wustraya, кемсинтүүдөн алыс болуңуз.
08.08.2014. 18:48
 sherzatik
Салам
08.08.2014 19:33
dafa91g
текстин жазып коюнуздарчы сураныч
08.08.2014. 21:31
 femida86
Ун жок. Жанара мыкты ырдаган. Дикциясы да жакшы эмес
08.08.2014. 23:15
 kunduz0702
Soonun baary yny dele jakshy alga
09.08.2014. 01:02
 Aselya_9105
ыр жакшы 5. ушундай эле клипти башка бир ырчыдан коргондой болуп жатам.....
09.08.2014. 09:48
 Aipri
Ыр жакшы. Нуркыздын "кыялымда" деген ырынын клибине караганда бул клиби жакшы болуптур. Эми бир жакшы ырлардан жаратсан жакшы болмок. Бул кыздын уну бар, башка ырчыларга караганда. Ийгилик.
09.08.2014. 15:40
 nurba7
саламатсыздарбы Майра Керим кызынын "Жылан аяк" деген ырын жуктоп же болбосо шилтеме берип койсонор.
09.08.2014. 20:19
 guliz996
кок жотол деген ырды ким ырдайт жвзып койунуздарчы=)

10.08.2014 00:11
meninmekenim
guliz996, интернеттен кок жотел деп издесениз казакчасы клиби менен чыгат оригиналы
10.08.2014 00:24
admin_superstan
guliz996, Саламатсызбы!
http://www.super.kg/media/useraudio/124099/
10.08.2014. 02:51
 aziko88
Уну жетпей менин журогум сыгылып кетти,мурунку ыр сонун болчу.бир нерсе жетишпейт.
10.08.2014. 14:19
 Aziza.Kas
Клиптин алдында коюлган реклама тажатты же бат ачылбайт!!!
10.08.2014. 20:35
 osor
Саламатсызбы Админ Нурлан Насиптин секетим аттуу ырын таап бериниздерчи сураныч.
10.08.2014 22:32
admin_superstan
osor, Саламатсызбы!
Аракет кылабыз.
12.08.2014. 11:19
 Guli.K.E.
Ушул жерден башка жер жокпу не клип тарканга?
анча эмес жаккан жок.
14.08.2014. 08:56
 ayakosya
Ун жок же стил жок же сюжет жок не дээримди билбей калдым.
21.08.2014. 23:19
 elvira1980
Ун бар стил бар баары жакшы жакпаса корбогуло!
16.10.2014. 12:22
 sambo
Мыкты ыр,соонун клип азаматсын Нуркыз чыгармачылык ийгилик!!!Сынчынын сынар отугу майрык коро албагандар жаза беришет!!!Ушундай темп менен иштей бер!!!
04.11.2014. 00:36
 Desmond
Эмне каап кара болуп калышкан???
06.11.2014. 23:47
 dastan_nookat
"Сонун клип мага аябай жакты ийгилик сизге"
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: