Жанр:Поп
00:03:19
56,04 Мб
Жүктөлгөн: 14-06-2018
Сөзү:Чыңгыз Турдубековдуку
Обону:Чыңгыз Турдубековдуку
Канча убак мезгил өттү учуп эми,
Жебе жылып өткөн сайын эстейм сени.
Кайдигерсиң кандай айла кылсам дагы,
Жок дегенде көңүл бөлүп укчу мени.
Кайырма:
Ук мени, сага болгон сезим барда,
Бул күндөр өтүп кетет, келбейт кайра.
Болбосо көңүлүмдү мажбур кылбай,
Айыпсыз жүрөгүмдү жаралаба...
Ар сындар көп өйдө-ылдый бул жалганда,
Аргасыздан көтөрүүгө не кылсаң да.
Табигаттын тартибинен тана албайсың,
Жазылбаса буюрары мандайыңа.