Жоодарбешим "Балапан"
Жанр:Поп
00:03:31
37,6 Мб
Жүктөлгөн: 04-09-2015


Сөзү:Адахан Мадумаровдуку
Обону:Жоодарбешимдики

Балапан, ыйлабачы заманыңа,
Бүгүн да түшпөсө эт казаныңа.
Сен эмес, ата-энеңдин башы катты,
Боору жок бул турмуштун азабына.

Кайырма:
Ыйлаба, айланайын, жаш канатым,
Көптөгөн азап чеккен кыргыз атың.
Түшүнөм, айткан менен жеңил болбос,
Колуңда турбаган соң майлуу наның.

Күлбөсөң, көңүлүңдү көтөрбөсөң,
Кубанып өз үйүңдө төрөлбөсөң.
Кантип мен айта аламын кыргызсың деп,
Кыргыздын жеринде да көгөрбөсөң.

Кайырма:

Балапан, аман болуп, эр жеткенде,
Бактыңды таба албастан өз жергеңде.
Бабалар ушул күнгө калтырды деп,
Боз үйдө калбагайсың биз кеткенде.

Кайырма:
  • Currently 4.77/5
(30 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (67)

07.09.2015. 11:15
 nazima_89
Соонун ыр экен баардык жагынан топ келиптир. Ийгилик сага Жоодар акыркы учурда аябай аракет кылып жатасын негизи эле быйылкы жылы иштерин жакшы ушунунан жазба сени колдогон угармандарын коп
07.09.2015. 12:06
 Zai0888
Эххх!!! Канча көрсөм да тажабай, ошол эле учурда ыйлап олтуруп көрдүм. Кандай муңдуу жашоонун ачуу чындыгын чагылдырган чыгарма болгон. Чынында мамлекетибиз дал ушундай кейиштүү абалда турабыз. Жумушсуздук качан жоюлат деги, миграция, суицид, педофиля... Неси болсо аябай таасирдүү болуптур, азамасыз!!! Жоодарбешим сизге чыгармачылык өсүш, бул да болсо чек эмес!!! Баары алдыда дагы-дагы таасирдүү ырларды күтөбүз. Аткарган бала келекчектеги мыкты актерлордун бири болот окшойт...Zai0888 түзөттү 2015-09-07 12:38:49
07.09.2015. 12:43
 Dayna
Жоодарбешим байке, азаматсыз. Кыргызстандагы азыркы жашоону чагылдырган клип болуптур. Кайра-кайра коро берип тажабадым. Мадумаровдун ырына тим эле жан бериптирсин. Дагы -да соонун ырларды Сизден кутобуз.
07.09.2015. 12:46
 Altyn1111
Соз жок, мошный клип болуптур. Клипти коруп, эжемдин кичинекей балдарын карап алып ыйладым. Чыныгы турмушту чагылдарган клип болуптур. Жоодарчик, сени сыйлайбыз. Адахан байке, Сиз чыныгы журналистсиз. Колдойбуз.
07.09.2015. 13:46
 Adilet93
Ырдын созуно соз жок, обону деле жаман эмес отоо жамандарга салыштырмалуу, Жоодардын аткаруучулук чеберчилиги жок бул ырдын тексттин бир карап чыкпасан озу ырдап атса тушунбойсун угулбайт тилин чайнап создорду так айткан эмес чулдурап, кубо болсонуздар сиздер да маани берип угуп корсонуздор так эле ырдабайбы. (жазатып коюптур унун шумдарды кошуп, демек озу жакшы ырдай албайт) откондо концертин берди КТРК дан бут фонаграмма ырдап)
07.09.2015 18:13
May
Adilet93, Сопсоонун эле ырдап келет. Озгочо ушу баланын унун Кайрат Нуртастын унуно окшоштурам. Башка ырчылардан айырмаланып да турат. Молодец, 2 жылдын ичинде ушундай денгээлге жетип жатасын.
08.09.2015 16:39
Zhiydesh
Adilet93,Нечен ырчыларга салыштырмалуу Жоодардын уну жана ырды жеткире ала турган ырчы деп билем. Кимге кандай, бирок мага ушу баланын унун Кайрат Нуртастын уну окшоштуруп жакшы кором. Клип да азыркы окшош клиптерден озгочолонуптур.
07.09.2015. 15:22
 Nazmirjaz
клиптин мазмуну терен ырга жараша болуптур чыныгы жашоо ушундай бп жатат эмеспи байкуш кичине балдарга эле боорум ооруйт ата-эне мээрими азыр кобуно жетпей турат. Катуу айтсам кечиресиздер тируулой жетим болуп калышты.бул тубун тушкур дунуйо дагы кимди эмне кылат болду экен ойлогондон коркуп кетем...
07.09.2015. 15:26
 Nazmirjaz
Клиптеги бала боюнча айтса кетсем билишимче "Баарын билгим келет" деген балдар учун берууну алып барган Канатго дейм. Абдан таланттуу созго чечен бала коз тийбесин
07.09.2015. 21:12
 mugalim_bala
Клип абдан жакты
08.09.2015. 02:09
 kanatbek91
Маанилуу ыр болуптур
08.09.2015. 03:38
 brunette
Чынында эле ошондой. Канчалаган балапандар ата-эненин мээримине куса болуп осуп жатышат (
Клип, ыр мыкты! Ыйлаба балапаным, баары жакшы болот!
08.09.2015. 03:40
 brunette
Клиптеги суйкумдуу балапандын талантына таазим, жакшы ойнойт экен.
08.09.2015. 11:47
 Asema89
Азыркы жашоонун койгойун чагылдырган ыр клип болуптур. Озгочо, Жоодарчик, Адахан акесинин ырын элге жеткиликтуу аткарганы мага жакты. Эрнист да молодец, жигит. Жоодар биз сени менен сыймыктанабыз. Чыгармачылык ийгилик каалайбыз.
08.09.2015. 12:07
 rnazik
кичинекей бала сонун аткарыптыр.Жакшы клип болуптур негизи бирок Жоодарбешим жакпайт мага
08.09.2015. 12:21
 ASELENOK
Мен бул балапанды ущул беруудон коруп калып эле жакшы коргон бойдон журом )))Модератор admin_media түзөттү 2015-09-08 12:24:14
08.09.2015 12:24
admin_media
ASELENOK, курамы окшош сайттарга шилтеме берүүгө тыюу салынган! 3 күн БАН!
08.09.2015. 16:16
 ere
клиптин образын жаш бала соонун актердук менен ойноп ошол ачыптыр соонун
08.09.2015. 16:53
 hadije01
Аябай сонун клип болуптур !!! Клиптеги каарман суйкумдуу бала экен ))
09.09.2015. 11:20
 Zubi91
Кичине бала ото жеткиликтуу ойноптур онорун осо берсин.

09.09.2015. 14:12
 Diana87
Биз Орусияда жыргап жургонубуз жок. Балдарыбызды, айылга ата-энебизге таштап, турмуштун кыйынчылыган иштеп журобуз. Жоодар жигиттин клибин коруп, алып комнатадагылар баарыбыз бир ыйлап алдык. Жакында болуучу шайлоонун катышуучусу Адахан Кимсанбаевич, мигранттарга конул болуунузду суранабыз.
09.09.2015. 18:07
 Мэри
Адахан Мадумаров саясатчыдан мурун чыгаан журналист болчу,т.а. тележурналист. Эстей албай жатам аталышын, сонун алып барчу. Мен аны саясатчы эмес, чыгармачыл адам катары (тилинен чаң чыккан, чечен)тааныйм. А журналист, чыгармачыл адамдардын (деги эле кыргыз баласы ырга шыктуу келет да) көбү ыр жаза алышат. Андыктан анын ыр жазганы кадимки нерсе деп ойлойм.
Клип таасирдүү, бирок обон жакшы эмес...
11.09.2015. 12:28
 Oceana
Адахан Мадумаровта ыр жазат экенда. Ыр сонун сөз.жок!
11.09.2015. 17:14
 May
Азыркы ырчылар женил-желпи ырларды ардашпай, Мадумаров сыяктуу улуу муундан улгу алышып, элге пайдалуу ырчарды ырдашса соонун болмок. Жоодар сен азаматсын.
14.09.2015. 09:58
 Tursunai23
Адамды ыйлатчу, терең ойго салчу клип болуптур. Мыкты, тассирдүү клип! Чыгармачыл топко алкыш!
14.09.2015. 18:41
 Jazgulya22
Вот это чыныгы жашоо! Жоодарчик , молочик. Клип просто офигенно вышел))))
14.09.2015. 18:45
 Milash01
Быйылкы жылдын супер клибине татыктуу клип болуптур. Жоодар азаматсын, мага ото жакты бул ырын.
23.09.2015. 12:46
 Maxa-95
Бугунку кундогу эн койгойлуу маселени чагылдырган клип экен.
13.10.2015. 17:44
 Salamatka96
Кино көргөндөй болдум гоо. Жалаң сүйүү жөнүндо ырдап жургөн Жоодарчик, бүгүнкү турмушту чагылдырган ыр аткарат гоо. Бала катуу кеткен экен. Эмне дейбиз, молодец.
01.12.2015. 13:32
 ilyazkg-2015
Просто эн соонун азыркы жашоонун чагылышы ийгилик Жоодар брат Балапан гада ийгилик максатына жет Адахан байке приздент болотурган киши !!!!клип ыр соз обонго соз жок!!!!
16.06.2016. 01:24
 aiza.kyrgyzkyz
Баламды эстеп журогум сыгылып ыйлап да алдым, ыйлабаааа балам жакында барам. Адахан Мадумаров жердешиме коптон коп ыраазычылыгымды билдирип кетем. Рахмат сизге уккулуктуу кылып журок тупкуруно жеткире жазыпсыз.
26.08.2016. 20:11
 mi2000
Аябай таасирдуу ыр екен. Чон адамдарды да ыйлатты.
09.06.2017. 06:22
 BarsBaatyr
Балапан, аман болуп, эр жеткенде,
Бактыңды таба албастан өз жергеңде.
Бабалар ушул күнгө калтырды деп,
Боз үйдө калбагайсың биз кеткенде.
Маанисин карагылачы.Жүрөкө тик сайылчу сөздөр.Мындай сөздөр жөн адамдын көкүрөгүнөн чыкпайт.Элим,жерим деп,эртенки келечеке кайдыгер карабаган инсандын көкүрөгүнөн чыгат мындай с&
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: