Асель Кадырбекова, Нурлан Насип "Жакшы көрөм түбөлүк"
Жанр:Поп
00:03:44
47,24 Мб
Жүктөлгөн: 02-09-2014


Сөзү:Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону:Нурлан Насиптики

Күлсөң эгер назарыңдан,
Күн шооласы чачылат.
Күлмүңдөгөн ажарыңдан,
Көңүл чери жазылат.

Карегиңде бир сырың бар катылган,
Көрсөм сени жүрөк тойбой сагынган.

Кайырма:
Селкинчек сезимдерге күүлөнүп,
Сейил куруп жүрөлүк.
Сырымды ачык айтсам жашырбай,
Сага сүйүүм түбөлүк.
Жаз сымал жүрөктөргө гүл өнүп,
Жанашып биз жүрөлүк.
Жан дүйнөм ашыктыкка берилип,
Жакшы көрөм түбөлүк.

Жылытасың илебиңе,
Жалындаган от сындуу.
Жакындашып тилегиме,
Жаштыкка нур коштуңбу?

Бийиктеги махабат жылдызымды,
Билгизбестен уурдап кеткен жоксуңбу?

Кайырма:
  • Currently 4.75/5
(20 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (82)

08.09.2014. 22:21
 periw92
супер клип
09.09.2014. 02:00
 chicagogirl
sooonun boluptur i klip i ekoo teng :))
09.09.2014. 10:46
 akyla88
сонун клип!!!! ыры да клиби да сонун болуптур, ийгилик!
10.09.2014. 00:27
 Aydayka
Биздин ырчы балдар тренажерный залга барып кичине машыгып койсонор жакшы болмок .Таарынбагыла, бирок колунарды эле карап корсонор кыздардыкынан да ичке ай.Эркек деген коломдуурок болсо жакшы го дейм.
16.09.2014 03:15
Elnuram090
Aydayka, мен да сизге кошулам арык байкуш колдорун коруп мен да уялып кеттим азыраак ойлонуп семирсен боло же уйлонсон семиресин ото арыксын
11.09.2014. 00:50
 timur1995
Нурландай ырчыны Кыргызстандан коро элекмин
12.09.2014. 20:41
 Altynay96
Супер клип
13.09.2014. 23:54
 rustam1993
katuuuuu
15.09.2014. 01:25
 L0T0S
Керемет.
15.09.2014. 03:25
 FSB
Super!!! Ochen' krasivaya para.
15.09.2014. 08:35
 vive8
Акыры ошондо кандай болду тушунбой калдым
15.09.2014. 16:38
 Angel87.87
асель кызыл койнок кийген жерде румянаны ашыра коюп коюптур а так макияж жакшы
16.09.2014. 15:11
 melek1
Aselge kokul jarawpaitken
19.09.2014. 21:35
 Mariyana
соонун клип.
20.09.2014. 04:13
 vaselisa
Нурландын буттары оллоо сексуальныйлар да ....... Ушундай кыйшык буттар олллооо жагат.......
20.09.2014. 16:32
 Aipri
Нурлан Асель соонун парасынар. Мурундар окшош экен.
21.09.2014. 00:18
 feruza86
эми экоонун тоюн кутобуз
24.09.2014. 14:01
 aitowa11
Ушулар уйлонот эми экоо бактылуу болушсун
26.09.2014. 03:35
 stepboy
Алексанын ыры бар "где же ты" деген ошол клипти корсонор Тимати менен тартылган ошонун копиясы эле болуп калыптыр го бул клип
26.09.2014. 15:56
 aykyz
тушунсом олойун клип эмне тууралуу болгонун.
12.10.2014. 12:07
 gulperi92
ушул ырды уккандан эч жадабайм.ото соонун ыр ийгилик Нурлан Асель
13.11.2014. 23:17
 nazya5
Нурлан аябай жакшы жигит, жонокой, жанындагы Асели эле жасалма, жасап суйлойт, ун деген ноль, и экоо такыр эле пара эмес. Асель жабышып журуп эле тиет болуш керек Нурланга. Окунучтуу ушундай жакшы балдарга ушундай кыздар туш келип калганы. Ойлон Нурлан! Ойлон!
10.12.2014. 19:38
 lusi2013
Бактылуу болушсун. Уйлонсонор баланар бомпошка болот буйурса)))
11.12.2014. 10:44
 Aidana.96
Биз ырчылардын жеке жашоосуна кийлигишууго укугубуз жок. Нурлан байкенин уну жакшы.Ийгилик каалайм.Асел эже дагы таланттуу ырчы.
11.12.2014. 12:02
 Dakument
Бул клиптин башында килейлен "ляп" бар экен. 20- секундада Нурландын оң колундагы саат 26 - секундада сол колуна тагылып калыптыр. Оң колдо гүл пайда болуп)) Чөнтөккө сайылган көз айнек оордунда эле турат)))
22.12.2014. 16:54
 Janylai2012
ыр супер нурлан жакшы бала экени жузунон эле корунуп турат экоо сонун пара
23.12.2014. 21:25
 Zari2013
жылдын супер клибине татыктуу! Куттуктайм!
17.01.2015. 16:46
 ABU
Sonun boluptur birok Asel oto ele makuyaj dep koichu bele owonu kop kylyp salyptyr. Kyskasy oto boenup koiuptur. Ozunon figurasy anan unu ele kalgandai :). Taarynbasyn .
11.08.2015. 12:24
 admin_media
Apache,
Такталбаган маалымат жазып, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө жол берилбейт! 10 күн БАНга!
31.01.2016. 21:51
 magbet
Экоо бири бирине жакшы жарашышат эле. суйлошпой калып жаман эле болду. Менин лично ичим ачышты.
16.03.2016. 15:36
 Ailo
Сонун.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: