Асель Кадырбекова, Баястан "Сен"
Жанр:Поп
00:02:56
67,96 Мб
Жүктөлгөн: 08-11-2015


Сөзү: Баястан, Т. Айылчиевдики
Обону:Назгүл Токтакунованыкы

Сен мен, махабаттын гүлдүү, сүйүү багында,
Дайым эркелетип жүрчү менин жаныңда.
Таттуу балда сөзүң мени арбайт өзүңө,
Сенсиң багым, болчу жанымда.

Махабатым баасыз, көз каранды эмессиң,
Боломун мен алсыз, эстеп калсам элесиң,
Билем мага келесиң, болобуз түбөлүк биз,
Айдап сүйүү кемесин, жолубуз түбөлүк, бир.
Катуу айтсам кечир жалгызым, мага таарынба,
Ар бир аткан таң боломун дайыма жаныңда,
Сага чоң пландарым бар,
Тартип бер балдарыма.
Таттуу сүйүп жашыңда,
Сүйөм карыганыңда,
Ар убак жаныңда болом, мен,
Ар бир көз караштан күчко толом,
Аралап дүйнөнү, эң сулуу гүлдөрүн үзүп,
Сага берем, анткени жакшы көрөм.

Сен мен, махабаттын гүлдүү, сүйүү багында,
Дайым эркелетип жүрчү мени жанымда.
Таттуу балда сөзүң мени арбайт өзүңө,
Сенсиң багым, болчу жанымда.

Кайра издеймин сени, күткөн адамың белги.
Билем таппам сендейди,
Сага тартылам деймин, эми жаныма келчи,
Аксың, тазасың, жок сендей пенде,
Оюмдун бардыгы сенде,
Сага эч ким теңелбейт, сендей эч ким түшүнбөт,
Эмнегедир мен билбейм, сага чейин үшүгөм.
Жылуулуктан алыстап калган жүрөгүм,
Сага чейин, жылуу сезимди арнап,
Жаздын демин алып келдиң.

Сен мен, махабаттын гүлдүү, сүйүү багында,
Дайым эркелетип жүрчү мени жанымда.
Таттуу балда сөзүң мени арбайт өзүңө,
Сенсиң багым, болчу жанымда.

Сүйүүнүн түрдүү сырлары терең,
Сүйүүмдү табышмак кылып келем.
Сүйөмүн сага айта албаймын...

  • Currently 3.94/5
(16 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (43)

08.11.2015. 19:19
 ayday_92
аягында кучактап койгону жакты)))))
08.11.2015. 21:31
 Aitgul91
жакшы болуптур
09.11.2015. 08:31
 Aikumush
Ыр сонун экен, Асель красавица. Кыргыздар ушундай эмеспизби, бироону жамандатып эле койсо.
09.11.2015. 09:10
 Janysh95
Баястан жакшы ырдаптыр. Всегда Аселден үндөн дайын жок.
09.11.2015. 09:11
 Geroy
Бул ырда Аселдин уну бир аз озгоруптур. Бирок, ыр клип окшош коендой эле.
09.11.2015. 15:34
 Aipri
Ыр клип сухой. Негиз музыка ыр деген адамдын жан дуйносун ойготот го. Булардыкы, ырдап атканын же суйлоп атканын билбейсин.
09.11.2015. 15:36
 Ainagula
Асель типа реп окуп аткандай гоо. Деги бир унун болсочу.....
09.11.2015. 16:33
 mira2006
Сонун ырдашыптыр, Асель молодец уну жакшы чыгыптыр
09.11.2015. 16:49
 Janela
Аселдин уну жакшы дегендер, ыр деген эмне экенин билбегендер гоо.
09.11.2015. 16:51
 Janela
Нурлан бутуп эми Баястан менен пиар болоюн дегени гоо.
09.11.2015. 17:40
 almadai
мага жакты...
09.11.2015. 18:22
 cimba
асельдин эмнеси жагат жасалмаго))))))) макияжы жок болсо ужас болуп калат голосту айтпай эле койсом болот)))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))
10.11.2015 12:52
jalgyzdyk
cimba,кундо жанында жургондой жазыпсынго))
10.11.2015. 04:11
 RASTAMAN
2-3 sekund uktum jetet!!!!
10.11.2015. 11:20
 sema.kgz
ыр жакшы эле,клип жакпады
10.11.2015. 12:53
 Нуркыз Курманбек кызы
билбейм мнеси жаман жакшылего, мага жакты
10.11.2015. 14:39
 GulzatD
iygilikk koro albagandar jaza beriwet
10.11.2015. 15:02
 jasi
Асель жаны жашоо баштаган го, стилинде озгоруу бар
10.11.2015. 16:23
 Diana87
Бир эки кынылдап койсо эле, ыр болуп калбайт да. уккум келген жок.
17.11.2015. 00:03
 hanisa
ұнү жок болсода Асель жагат мага
17.11.2015. 01:44
 Gulya.akbaralieva
Тушунгон жокмун
20.11.2015. 17:33
 aylin91
Сооонун болуптур, Аселька и Баястан молодцы! !!
06.12.2015. 09:27
 BebeU
Aselya akyrky eki jyl osup atat,arakettenip atat bu kyz,birok bashka choirodon izdese ozun balkim ubakytty uyturbai,paida bele insandyk osuusuno dep oiloim.Bizde bir az kyigachtap kete berishet ushu korunuktuu kop jashtar:))yrchy,biychi,akter,aktrisa,jurnalisttik tarmaktarda dagy.Ar kim oz ordun bilse,mendeiler syndabai kalat bele tuurusun aityp,tutalanyp kuiboi.Yrchy degende "un"suz kantip yrchy degin kelsin?Albette,on kelbet,figura jana ozun ar jerde ozuncho kuzgu boluu degen tushunuk da...:(
12.12.2015. 22:48
 dastan_nookat
Абдан сулуу мыкты ырчы кыз Асель!
31.12.2015. 21:27
 Sunrice
Вообще укканга болбогон ыр!
09.01.2016. 11:08
 tursunai98
бул ыр соонун ырдалган Баястан м.н Асел жакшы жаратыпсынар
24.01.2016. 03:01
 Munarbek.ka4ka
мага жакты. Асель мен сени жакшы кором!)
24.01.2016. 03:02
 Munarbek.ka4ka
Асель ийгилик мен сени жакшы кором
14.03.2016. 17:54
 sezim.ibraimova
Асел аябай романтичнаяго
28.03.2016. 16:03
 dav312
Ырды ыр деп айтууга болбойт башка ырлар сыяктуу кайталама создор коп кездешет жана клиптеги аткаруучулардын кыймыл аракетери жазалма экенин корунуп калган
18.04.2016. 01:14
 Taiyr.Mamurov
Aсель Эже ырыныз да жана клипби да сонун чыгарыпсыз Ар дайым ушундай ырларды чыгарабериниз жана уштип сулуу болуп журобериниз. мен сизди суйом! эх аттин арман.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: