Анжелика "Бактылуумун"
Жанр:Поп
00:04:01
47,01 Мб
Жүктөлгөн: 20-10-2014


Сен барда бул өмүрдө багым бар бул күндө,
Жашоомдун мезгилдерин бөлөдүң түркүнгө.
Жаз болуп сезимдерим ар убак жаңырат,
Сен менин, кечим менин, бакытты чакырат.

Кайырма:
Бактылуумун, бактылуумун өзүң бар үчүн,
Сездим бүгүн таттуулугун өмүр балы үчүн.
Бул дүйнөдө менин сүйүүм жалгыз сен үчүн,
Жылмайганым, наздуулугум өзүң бар үчүн.

Көңүлдүн жарыгысың нурданткан тилекти,
Жанымдын жарымысың агарткан жүрөктү.
Сен барда бар ырысым жашарткан үмүттү,
Салбасын сүйүүбүзгө эч ким күйүттү.

Кайырма:
  • Currently 4.08/5
(13 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (102)

25.10.2014. 05:52
 aqua-94mema
уй булоолук бакыт
25.10.2014. 11:16
 Aipri
Клип соонун. Бирок чын эле Анжеликанын уну жок. Бирок чынында сулуу. Бактылуу болсун.
25.10.2014. 20:01
 jemchujinkakiss
аиии ай,эмне мынча жамансынар?? жон эле койсонор болот ко,койногун унун турмушун сынабай. мен учун соонун тартылыптыр,Анжелика жакшы,жаш болуп баарына жетишти, бактылуу экен чынында. ийгилик каалайм!
27.10.2014. 18:09
 283755
zato baktyluu eken da silerge okwop biroonu uwaktabay///
30.10.2014. 23:53
 akulina93
Сопсонун!!!
01.11.2014. 12:57
 mersedes2013
классс!!!!
02.11.2014. 13:12
 toocool
Ар бир адамдын жеке оюу болот анын сынарындай меники:Анжеликанын сулуулугуна суктанам,жакындан тааныбайм бирок жонокой жакшы адамдай,уну да жагат назик,башка ырчыларга салыштырмалуу,эмнеге коп колдонуучулар терс ойдо билбейм,бирок сулуу адамдардын коп душманы болот деп койот.озум башка олкодо окуйм,курбуларым KG кыздары жонундо сурап калат,эн биринчи эле Анжеликаны корсотом,ойумча мисс мирага катышса KGнин желегин желбиретчудой,бир бою жетпей калат(Азамат клип дагы соонун.Очпос суйуу,бакыт каайм
14.11.2014 02:17
Mariyana
toocool, мен да сиздин оюнузга толугу менен кошуламын.
22.11.2014. 19:50
 shazi
Бул ырдын обону,созу кимге таандык экен.
28.11.2014. 16:39
 Altynaikaa
клип жакты абдан сооооонун болуптур Анжелика моооолодец))))))
28.11.2014. 20:36
 mumu
Клип жакты.бирок уну...
03.12.2014. 20:25
 17_sanya87_
Анжелика чынында эркек гана эмес кыздар да суктанаарлнык кыз.Бардык жагына топ келишкен кыз, ушундай сулуулугу,ушундай данкы менен жылдызмын деп бой которбой, жонокой, адамгерчилигин сактап келет, азамат.Кыйын кыз, 25 жашында уже бардыгына жетишкен! Ушул бакыты озуно кут болсун, элдин жаман созунон, жаман козунон сактасын! Кудайым ыйман, бакыт, узун омур берсин.Эгер менин колумда болсо Анжеликага "Дуйно сулуусу" деген наам бермекмин, анткени Анжелика сулуу дагы, суйкумдуу дагы!Бар бол Анжелика!
10.12.2014. 05:06
 suimon302010
Окуп отуруп тан калдым кыргыз элим мынча ичинер тар тобоо,
11.12.2014. 10:50
 mailashka
Чындыгында бактылуу! Анжелика бактылуу бол!!!Ар дайым жонокойлукту каалайм... Жашоо бир келет жашаш керек!!! Алга Анжелика.....Бирок кичине мактанган жагынды кичине ылдыйлатсан... а то элдер ошонунду эле айт беришет.....
11.12.2014. 10:51
 mailashka
клип мага аябай жакты!!! Сонун клип болуптур!!!
11.12.2014. 18:12
 aski_kg91
татынакай аябай назик кыз
31.12.2014. 17:25
 admin_media
Multicam,
Курамы окшош сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат! 3 күн банга!
Сунушуңузга рахмат!
09.01.2015. 11:08
 ABU
Естественный болбой калыптыр. Ото жага берген жок.
13.01.2015. 12:53
 anya
Ушул ырчы такыр жакпайт, кебетеси болбосо эле, уну жок го, дагы кыйраткансып апасы Леди KG газетасына " Уй-булолук бюджетинин 70 пайызын Анжелика табат деп интервью бериптир " куйоо баласы кандай реакциада калды болду экен.
30.01.2015. 13:59
 Alay-Gulcho
Ар бир уйбулого ушундай бакыт каалайм!
03.02.2015. 10:23
 patma.mahmud-kyzy
Сонун клип, ырынын мааниси да сонун. Озгочо клип.
04.02.2015. 12:01
 roza960801
Созу,обону,музыкасы,клип бут баар эн сонун болуптур,ийгилик! Мен да бактылуу болгум келет...
11.02.2015. 19:03
 ryskul94
Бул ырды угуунун озу-бактылуулук. Назик айымдан журок эргитерлик ыр болгон. Бул ырдын созун жазган Акбар Кубанычбековго данк жана дунк! Жаш ырчылардын багын ача баштады.
12.02.2015. 17:53
 azimova90
Анжелика уй булоолук бакыт каалайм.Эн сонун ыр клибида жагат.
16.03.2015. 13:05
 nuriza88
en soonun klip!
24.04.2015. 22:25
 nasikat.turarovna
эн сонун азаматсын
04.06.2015. 10:52
 Jypara_Jusueva
Уну көнул суйунторлук эмес, бирок, ырчылыкка болгон каалоосу куч окшойт шоу чойродо эмгектенип, бат-баттан клип чыгарып жатат.
07.07.2015. 18:27
 adiletik
Не дейбиз ичи куйгондор жата калып туз жаласын. Ушул дээнгелге асмандан тушуп эле ээ болуп калган жокда. Силердей ичи тарлардын созуно сынбай, кара жанды карч уруп, талыбас эмгектин артынан келген БАКТЫЛУУЛУК. Бактылуу бол ар дайым дагы коптогон ийгиликтерге жетиш. Кыздарында сага окшоп ордуларын таап бактылуу болушсун...
29.09.2015. 10:20
 Sayragul
Клип жакшы. Ар бир жан бактылуу болсун.
14.05.2016. 03:17
 magnat1013
менин суйгон ырым, куйоомо ыраазычылык билдиргенде ушул ырды коюп койсом куйоом да суйунуп калат, Молодец Анжелика
29.11.2017. 20:28
 rustamov.com
эн сонун
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: