Анжелика "Балалыгым"
Жанр:Поп
00:03:14
61,54 Мб
Жүктөлгөн: 26-10-2015


Сөзү:К. Урманбетовдуку
Обону:Р.Бейшеналиеваныкы

Жамгырда чуркап жүргөнмүн,
Жадабай ойноп-күлгөнмүн,
Карлыгач болуп учканбы, балалыгым.
Баягы тунук жок сезим,
Каякта калды шок кезим,
Кайрып бир алар күч барбы, балалыгым.

Кайырма:
Канча самаганга карабай,
Кайра боло албайбыз баладай.
Эми балам чуркап жамгырда,
Мендей ойноп-күлөт жадабай.

Ажайып күндүн биринде,
Акырын мага билинбей,
Качтыбы алтын балыктай, балалыгым.
Асманың ачык чайыттай,
Алыска кетпей, чалыкпай,
Жүрө бер жайнап бактылуу, балалыгым.

Кайырма:
Канча самаганга карабай,
Кайра боло албайбыз баладай.
Эми балам чуркап жамгырда,
Мендей ойноп-күлөт жадабай.
  • Currently 4.06/5
(17 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (32)

26.10.2015. 13:49
 Elime
Сонун клип болуптур.Эл керегине жараган мыкты азамат уул-кыздардан болушсун мотурайгандар!
26.10.2015. 14:03
 burulai94
клип сонун болуптур молодец Анжелика
26.10.2015. 14:43
 nazi8889
эң сонун клип алга Анжелика
26.10.2015. 14:46
 burulai94
текст жуктоп койосуздарбы сураныч
26.10.2015. 15:35
 aya88
Сонун. Молодец!
26.10.2015. 16:29
 upol92
Кыргызстандын эн сулуу Айымы деп айтса болот!!
Ирина Дубцованын *Люби меня долга* деген ырынын клиби не аябай окшош экен.
Молодец Анжелика ийгилик
26.10.2015. 18:20
 chonkurulush
Клипте бир гана мен жокмунго
26.10.2015. 18:56
 Jantaev
Клипти коруп балалыгым эске тушту... Ырына да клибине да соз жок укмуш. Жакты
26.10.2015. 19:01
 UkAA
Сонун клип болуптур!!!
26.10.2015. 19:04
 dastan_nookat
Кандай сонун клип!
26.10.2015. 19:30
 meerim11
Сонун клип болуптур мага да жакты.
27.10.2015. 00:34
 operaledi
Супер клип. Мага гана эмес, Россиялыктарга да жакты.
27.10.2015. 00:35
 arxidea
классная песня Анжелика супер....
27.10.2015. 01:36
 tavsan
sonun klip boluptur
27.10.2015. 15:24
 janaylin
Абдан сонун клип... Мага жакты.
27.10.2015. 17:26
 sabyr86
Оо суппер.
28.10.2015. 01:16
 artur2008
Молодец Анжелика!!! Аябай сулуу бактылуу айым.
28.10.2015. 10:17
 aikol87
Сонунго.Корсон эс ала турган клип.
28.10.2015. 10:30
 nurshoola
клиптерин жакшыле тартат уну жокта кынылдапле созуп созуп бутуруп коет
28.10.2015. 12:03
 mira2006
Жакшы чыгыптыр уну дагы жагат мага
29.10.2015. 01:34
 ffria
Уну да соонун озу да соонун айым жалан жакшылыктарды каалайбыз, ыр да клип да эн мыкты чыгармачылык ийгилик,уй-булолук бакыт каалайбыз эн мыкты айым!
29.10.2015. 15:52
 Galia1990
Азаматсын Анжелика эн соонун клип
31.10.2015. 12:02
 shazi
Клипго сонун тартылган. Бир гана уну анчп болбой кынылдап ырдап койюптур.
05.11.2015. 22:26
 dav312
Анжеликанын бул ыры да конулго толорлук эмес себеби бул ырда озунун уну жок Анжелика Балалыгым ырында ырдын созу угулбай музыкасы угулуп создору жакшы угулбай калыптыр бирок актрисалык жактан клипте озун жакшы корсото алган
09.11.2015. 23:00
 Mekalove5551
Жакшы
11.11.2015. 22:20
 Nur0701
балалыгымды сагындым,мага жакты
20.11.2015. 21:35
 Eliza83
Соонун!!! Бакыт чойчогу боксорбосун!
18.03.2016. 04:24
 Nurisum
Сонун
26.03.2016. 14:28
 anya
Ушул ырчы озун пиарлап бутуп, эми уй-булосун пиарлап баштаган го .
02.04.2016. 14:45
 rabyiga
Эн сонун
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: