Түмөнбай Колдошов "Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?"
Жанр:Эстрада
00:03:56
48,59 Мб
Жүктөлгөн: 10-11-2014


Сөзү:Т.Кенжеевдики
Обону:Т.Колдошовдуку

Мен балалуу, сен бирөөгө бүлөсүң,
Дале таза сага мээрим, мүнөзүм.
Көрөмбү деп көп келемин шаарга,
Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?

Оштон тапкам мага жагып мүнөзүң,
Эстен кетпейт мажүрүм тал, бир өзүң.
Тагдыр сени бир көргөзөр деп келем,
Дайының жок, сен сагынбай жүрөсүң.

Сезим жанып, бактылуу сен өзүң,
Сени издеген өзгөрүлбөйт мүнөзүм.
Бизге күбө Сулайман тоо, Ак-Буура...
Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?!
  • Currently 4.56/5
(9 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (19)

10.11.2014. 11:21
 finalyear2014
сонун ++55
10.11.2014. 13:44
 Meinu
Super men da owtu ayabai sagyndym
11.11.2014. 01:00
 wustraya
Сагындыыым садагам Ошумдуууу((((Оштуктарым силерда сагындынарбыыыы???
11.11.2014. 05:46
 sagyn01
Сагындык, бирок газ жок барганыбыз менен, жашоо оор
11.11.2014. 10:44
 rnurzida
Керемет клип. Оштун сонун жерлерин тартыптыр. Ыр да сонун. Негизи эле Түмөнбай Колдошов жакшы обондорду жаратат. Ийгилик.
11.11.2014. 13:29
 yylkan
Сагындым Ошумду кереметтуу Сулайман Тооумду...
11.11.2014. 18:00
 begusia
Кыз Кара-кулжадан экен,бир орт баласы жар кылып алдыда)))). А так Ошту сагынбай койо албайсынго)))
12.11.2014. 09:59
 spb007kg
Аявай сонун 5!бирок биз кыргызстаныбызды сагындык не только Ош.
12.11.2014. 22:33
 papanstan
Мен да Элге Окшоп Москвада журом,Сагындым кыргызстанды))
13.11.2014. 16:34
 upol92
Мен дагы Сагындым
14.11.2014. 13:32
 Feruzahan
Ordoluu Oshum tynch bolsun. Sagynuu, kusaluu sezimder bolot. Birok, adam balasy baaryna chydaganga tuura kelet. Albette, bir mezgilde biz Osh shaarybyzga kaityp barabyz.
15.11.2014. 20:45
 Patrik
Ырдын текстин киргизчи АдминМедиа.
17.11.2014. 10:20
 Ayka1994
Туманбай Колдошов ото жакшы ырдайт.анын мукамдуу обону жагымдуу,клип да ото соонун тартылыптыр.Алга Тумонбай агай ийгилик сизге.
17.11.2014. 10:22
 Ayka1994
Кыргызстаныбызды Ош шаарыбызды студенттик кундорубузду сагындыкко оххх
20.11.2014. 01:52
 NurlanS-89
Эх Ошто жургон студенттик кундор, клипти коруп эске салды баарын ийгилик ырчыга!
27.02.2015. 22:27
 erikkarakulja
Сагындым аябай ошумду студентик кундор откон ошумда.эх кандай керемет шаар туболукту бол
28.02.2015. 19:05
 AZIK01
Менда сагындым...:)
12.05.2015. 19:32
 Ernis_91
клиптеги кызды суйуп калдым
15.07.2015. 20:44
 Biykech95
Клиптеги кыз коп клиптерге катышат , мен клиптен тааныйым сонун ойнойт . Супер инфо сиздерден сураныч клиптеги кыз жонундо маалымат алгылачы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: