Түмөнбай Колдошов "Жалбырагым"
Жанр:Эстрада
00:04:01
61,77 Мб
Жүктөлгөн: 02-05-2017


Сөзү:Нарсулуу Гургубаеваныкы
Обону:Түмөнбай Колдошовдуку

Турмуштун туура көргөн катасы үчүн,
Жашайбыз эки өйүздө жалгызсырап.
Бизге азыр бүтүн болуп жашаш үчүн,
Дүйнөнүн бүтүндүгү аздык кылат.

Билбеймин кайда барам, кагылайын,
Өзүңө буйрубаган сүйүүм менен.
Мен сенин үзүлбөгөн жалбырагың,
Сен менин жалбырагым үзүлбөгөн.

Бар туруп, бул дүйнөдө жартыбыз биз,
Өтөбүз өксүк бойдон сүйүү издеп.
Башкалар жашап эми бактыбызды,
Башкалар эми биздей сүйүлүшөт.
  • Currently 4.00/5
(5 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (21)

02.05.2017. 17:32
 uja
жакшы
02.05.2017. 20:21
 1.NewRich
Тумонбай байке Мыкты чыгарма... Ийгилик...
02.05.2017. 20:24
 forever-forever
Сонун ыр,сонун аткаруучу...Бар болунуз Тумон агай!
03.05.2017. 10:54
 Sezy
кыз мынча сулуу, баары сонун.
04.05.2017 23:34
argynnuri9
Sezy,туура айтасын кыз сулуу экен аябай.Тумонбай Колдошев обону эн жакшы ,чыгармачылык ийгилик.
03.05.2017. 12:43
 manas93kg
Акмаанай красавица
03.05.2017. 15:20
 Amael_95kg
Жакшы клип болуптур.Тумон агай ийгилик.
03.05.2017. 16:17
 MaksAruna
Мыкты экен
03.05.2017. 20:56
 Ense1705
Акмаанай кызым,кедечегин кең болсун
04.05.2017. 00:02
 shagym11
Акмаанай сени сүйөм.
04.05.2017. 00:36
 Atagul....
Коштошуу деген клибин көрүп аябай ыйлаган элем, бул типа уландысыго э мага жакты акырында баары бактылуу болуптур.ийгилик агай.
04.05.2017. 03:07
 Djal1987
Тиги шумшук кыздын бетине бир чаап салдыго((( бир жаака чаап экинчиси жаака жеп анан жарашып алдыбы??? Башкача тартпайбы кичине эле туртумуш болуп койсо жетиштуу болмок. Кайсы не нормальный эркек аялына кол которуп анан туну койнуна алып жатат экен??? Жапайы кадам. А Туголбай ага жакшы ырдайт
04.05.2017. 10:00
 Rusbubu
Соонун ыр. Чырагмачылык ийгилик,Түмөн аке.
04.05.2017. 11:12
 Ermek010292
Соонун клип болуптур!!!
04.05.2017. 19:41
 Bekovich76
Обону анча эмес
05.05.2017. 03:56
 Mt.free
Журогум ииий
10.05.2017. 12:53
 sordi
Тумон иним сага ийгилик! Жакшы ыр болуптур! Аккордоен менен да ырдаганынды берип койсон сонун болот эле.
11.05.2017. 14:07
 Nargizjoldow
Эң сонун чыгарма Түмөнбай байке ийгилик
02.06.2017. 15:26
 noeli
..чын эле аябай сулуу кыз го.
04.07.2017. 17:49
 Razzak.kg
Ырдын созу таасирдуу жазылыптыр, обону менен ото таасирдуу, соонун чыгарма жаралыптыр. Аткаруучу, клип жарашып эле калыптыр. Биринчи суйуусуно жетпей калгандар кечке угуп журсо керек:)
01.04.2019. 12:49
 Gupa
Клип "Коштошуунун" уландысы экен да э? Мен эми байкадым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: