Куралбек Чокоев "Биз экөөбүз"
Жанр:Поп
00:03:44
52,32 Мб
Жүктөлгөн: 29-09-2015


Сөзү:О.Султановдуку
Обону:Р.Абдыкадыровдуку

Билбейм кайдан жаралгансың сен мага,
Маңдайыма бүткөн окшоп бакыттай.
Сени сүйдүм, буйрук алып тагдырдан,
Башкалардын миңи сага татыбай!

Же болбосо сен жаралып мен үчүн,
Төрөлгөндө мендик болуп төрөлдүң.
А болбосо айтчы, жаным, эмне үчүн,
Зарлап тапкан перзентимдей көрүндүң?

Уктаганда сенин уйкуң менде бар,
Ойлорум да ойлоруңа киришкен.
Мен сүйлөсөм сенин үнүң үнүмдө,
Мен көрүүгө сенин көзүң керектей.

Сен экөөбүз эки сандай барабар,
Сен экөөбүз эки суудай бириккен.
Биз экөөбүз эки күчпүз барабар...
  • Currently 3.69/5
(26 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (28)

29.09.2015. 18:30
 Diana87
Эх кандай соонун ыр. Куралчик мыкты ырдапсыз. А баса, акыркы кундору такыр эле ыр жазбай дымыныз чыкпай калды. Сизден соонун ырларды дайм кутом.
29.09.2015. 19:24
 Jaz3
ушул бала тегеле никулиндин шляпаларын чечрей койду да
29.09.2015. 19:26
 Angel-92
Ийгилик!Супер
29.09.2015. 20:20
 karexher

өркөндөй бер сака ейгйлйк
29.09.2015. 20:41
 karona
Саламат Садыкова жакшы ырдайт бул ырды Курал неге дайым шляпа кийе берет
30.09.2015. 09:14
 missO
маньяктардай чуркаптырго кыздын артынан)))) missO түзөттү 2015-09-30 10:07:38
30.09.2015. 09:49
 admin_media
jazgul80, Batma.Sh,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынат!
30.09.2015. 11:44
 Vishenka
Мага бул ырдын Нурбакыт Разаковдун аткаруусунда жагат!
30.09.2015. 15:34
 sabyr86
Эмнеге эле бирөөлөрдүн ырын ырдай бересиң?
01.10.2015. 01:44
 altynaiB
Токтобубу Черикчиева эн соонун ырдайт. Эргип эле угасын.
01.10.2015. 09:49
 OYSI
Азаматсын,онорун оркундой берсин!
01.10.2015. 16:02
 ainuska00
шляпасы же очкиси ашыкча.....
02.10.2015. 09:00
 amanatym
унун жетпейт!!!
02.10.2015. 09:37
 Oi_pikir
Сонун ыр! Курал жакшы аткарыпсың, акыркы куплетти, же жок дегенде аяк жагындагы кайрыктар өсүүсү керек эле, кульминацияны айтам, ошо жетпей калды. Ошентсе да жакшы. Куралга ушундай эски ырларды ырдаган жарашат.Oi_pikir түзөттү 2015-10-02 09:37:24
02.10.2015. 17:14
 aiperishka87
Ха ха хаа маньктардай чуркаптыр
03.10.2015. 09:10
 Moorjanka
Ырды мыкты ырдаган бодонону сойсо да касапчы сойсун.дегендей ырчыбы ырдасын сынатып эле койсо силерди......
03.10.2015. 23:31
 aikol87
Токтобубу Черикчиева эн сонун ырдайт.
13.10.2015. 18:27
 Atabaev.kg.su
Айдоочу деген ырын жуктоп койгулачы сураныч
14.10.2015 17:05
admin_media
Atabaev.kg.su,
Саламатсызбы! Жакынкы күндөрү порталдан уга аласыздар.
26.10.2015. 15:34
 Zai0888
Клип жакшы но жакшы жеткире албаптыр
22.11.2015. 21:44
 KG_vip
Бир сонун ыр да уккан сайын үккүң келет
23.12.2015. 23:21
 anya
Силерге билбейм бирок мага тамактын тузу кемдей болуп калды .
25.12.2015. 22:10
 dan12
Азаматсын.Онорун оркундой берсин иним.
28.12.2015. 22:48
 dav312
жакщы ырды бузуп ырдап салыптыр музыкасы да уну да начар мындай айтканда Курал Чокоевге бул ыр туура келбейт
05.01.2016. 19:25
 dastan_nookat
Клип жакшы эмес ыр жакшы!!
06.01.2016. 15:48
 Karalina
Эн сонун ыр. Спорт Ордосунда 3.12.15ж кайрымдуулук концерте ырдаганы аябай жакты. Уну сонун. Азаматсын. Коп эле ырчылар андай кайрымдуулук концертке бара бербейт экен.
21.01.2016. 13:24
 muzykant
Ырдын пири Рыспай Абдыкадыровдун ырларын кантип жаман дейбиз жакшы аткарылган экен бирок аранжировкага башкача звуктарды колдонсо болмок экен гитара эле ачып коюптур
09.02.2016. 02:04
 dav312
Куралбек Чокоев бул ырды иинине жеткире албагандыгы корунуп турат ырды жанылайм деп эле ой келди бусуп ырдай берген болбойт да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: