Куралбек Чокоев "Ата-эне"
Жанр:Поп
00:04:09
57,51 Мб
Жүктөлгөн: 11-11-2015


Сөзү:Т.Бектургановдуку
Обону:Т.Бектургановдуку

Тарбия бардыгына бирдей берет,
Он бала болсун, багат ата-эне.
А бирок ошол ону биригишип,
Багышпайт ата-энени эмнеге?

Кол созуп бир кездерде: "Келе-келе,
Келе бер, кармат мага, өзүң жебе".
Дегендер боор көтөрүп, үй-жай күтсө,
Унутат ата-энесин эмнеге?

Оокат таап адилеттүү эмгек менен,
Адамдык сапатыңды тилеп келген.
"Ай, ушул адам болуп кетсинчи" деп,
Ата-энең болчу өргө жетелеген.

Көрүнүп эл көзүнө коройгондо,
Бой болсо ак теректей соройгондо.
Карабай атасына, энесине, энесине,
Кай мерез басып кетет чоңойгондо?

Турмуш оор, жүз каталык кеткен күндө,
Ойло, дос, жаңылыштык кылып жүрбө.
Өзүңдөй таш боордукту балдарыңдан,
Көргөндө өкүнбөгүн, ушуну ойлон.
  • Currently 4.67/5
(18 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (34)

11.11.2015. 18:57
 beben
Эн сонун азамат .
11.11.2015. 19:05
 tuigan.
Кыргызстандын Алтын ун ырчысы.сонун ырдаптыр.эх балдарыбызга кудайым акыл эс ыйман берсин.ырга клипке унго +555555
11.11.2015. 19:43
 Kiza
Супер клип Курал!!!! Мололец!!!!
11.11.2015. 20:30
 anar-87
жакшы килип соонун азамат
11.11.2015. 21:14
 Jantaev
Мер бул ырга анча маани мербоочумун. Клибин коруп. Ырдын маанисин тушундум. Азарта жакшы клип болуптур
11.11.2015. 21:30
 kenzhebekkkk
Эн сонун ыр, эн сонун клип, ийгилик Курал!
11.11.2015. 22:22
 Nur0701
ыр сонун болчу озу, голос да сонун, а клип таасирдуу болуптур мага жакты
11.11.2015. 22:32
 kama_future_millioner
Абдан сонун эс ырга жаңы үн берилиптир. Клибида жакшы тартылыптыр ата энелерибизди сыйлай билейли
12.11.2015. 04:56
 rnurzida
Журокту титиретет го.
12.11.2015. 06:34
 Aichoy
Суппер!!!
12.11.2015. 09:37
 deva
Таасирдүү клип болуптур! Өзгөчө эски там эсимде калды.
12.11.2015. 12:41
 elina
Азаматсын Курал.. абдан таасирлуу, журоко сыздаткан клип болуптур... Алга
12.11.2015. 12:48
 Ainagula
Уну соонун да. Курал, наконец то шляпасын чечип, калпай кийиптир. Браво!!!!!
12.11.2015. 13:27
 anya
Жакшы тартылыптыр.
12.11.2015. 14:55
 Nurluujan16
Менин оюмча ата энелер дагы балдарын өзүмчүл кылып өтө эле чалчактатып көзү менен кошо тегеренип чоңойтсо кесепети ушундай болсо керек.Баарыбыз каарыйбыз.Ошону ойлонсок. Озүнүн эне атасын өз колу менен кантип каарылар үйүнө алып барганга дити барат!?Ата бабаларыбыздын баалуулуктарынын оордуна батыштын баалуулуктарын алмаштырбай эле койсок болмок!Батышта балалулар аз.Себеби картайганда балдары эне атасын к.үйүнө жеткирип үйдүсатып бөлүшкөнчө шашышат.Себеби өзүм гана өзүм деген тарбиямн чоңоюшат
12.11.2015. 15:24
 Izdeim_seni.
Калпак да ,шляпа да бирдей жарашбайт экен Куралга.
12.11.2015. 20:16
 Medina..
sonun klip boluptur!Taasirduu.Kural chyn jurokton yrdait ushunusu jagat.
13.11.2015. 11:46
 joker007
Жакшы клип болуптур,бирок карылар уйундо жалан гана башка улуттун карылары биздин карылар уйубуздун куту болуп эле журушот мен кыргыз болгонума сыймыктанам...
13.11.2015. 19:21
 HAPPY.GIRL
уууухххх журогум ооруп кетти((((
13.11.2015. 23:18
 econom313
эң мыкты болуптур!
14.11.2015. 13:25
 soccer_boy95
Еу Курал брат,сизден сураныч...твга чыкканда калпагыны туз еле кийип чыкчы,бир жака кыйшайтып албай ХХХ ХХХ ал калпак сага кепка же шапка эмес го!!!1500 сомдук калпагын бар екен,кыйшайтпай еле кийчи сураныч,Модератор admin_media түзөттү 2015-11-16 12:31:56
16.11.2015 12:32
admin_media
soccer_boy95,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кеминтүүгө тыюу салынат!
14.11.2015. 23:39
 mirlan15
Моладес коруп ыйладым супер
15.11.2015. 08:18
 meri.kg
Азамат.Өзү Куралдын үнү жакшы. Кандай ыр ырдасада уккулуктуу!
17.11.2015. 23:51
 aisulusha
Сооонун ! Ыйладым алыста ата энемди эстеп ! Бар болгула ар дайым ата энелер !!!!
18.11.2015. 03:36
 bibi87
Журокко жете турган клип болуптур. Аткаруучуга 5+++++++++++++++++
23.11.2015. 14:43
 sabyrov.s
Арсен красавчик....
21.01.2016. 13:00
 muzykant
Бул ырга жакшы омур берипсин ийгилик
23.03.2016. 15:32
 anya
Курал Чокоевдин уну жакшы, абдан жакшы иштесе популярдуу ыры боло алат, козум жетип турат да .
04.05.2016. 11:03
 damir007
Негизи клиптин мааниси жакшы, уну да жагат бирок озу ырдаган жерлерди коп тартып коюптур(((
04.05.2016. 11:15
 Jibek91
Эски ырды бузуп коюптур. Таалайбек Бектургановго жетпейт. Сценарийин жазууда изденишпептир. Өтө эле кайгылуу болуп калгандай.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: