Роза Шакирова "Жүрөгүм"
Жанр:Эстрада
00:03:31
52,39 Мб
Жүктөлгөн: 24-01-2012


Сөзү:Т.Сериковдуку
Обону:Т.Сериковдуку

Ак куудай катар жүргөн деңиздеги,
Көңүлүм алып учуп сени издеди.
Биле албай отурамын, баары бир деп,
Жүрөгүм, жүрөгүм, ай,
Жүрөгүм, жүрөгүм, ай, сени издеди.

Мен сени бакытыма баалап жүрдүм,
Көрбөгөн күндөрүмдү санап жүрдүм.
Укпайсың, айткызбай, ай, бар сырымды,
Мен сени жүрөгүмдөн,
Мен сени көңүлүмдөн каалап жүрдүм.

Жүрөмүн сен жөнүндө күндө ойлонуп,
Чыгамын кирпик какпай түндө ойлонуп.
Келгенде айтамын деп канча бир сөз,
Каламбы айта албай,
Каламбы айта албай тил байланып.
Жүрөгүм, жүрөгүм, ай,
Жүрөгүм, жүрөгүм, ай, сени издеди.
  • Currently 4.55/5
(29 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (38)

25.01.2012. 02:07
 nazgul8076
Розанын уну оргиналдуу. Аябай жакшы ырдайт мен баалайм. Азаматсын Роза. Чыгармачылык ийгилик!!!!
25.01.2012. 16:21
 balia
Ийгилик сизге! соннун уккулуктуу ыр болуптур клиби деле жаман эмес.
25.01.2012. 22:12
 Luckyman
мага ыры да клиби да абдааан жакшы))) Роза эженин баардык ырлары жагат) от души поет постоянно)
25.01.2012. 22:26
 benslife
keremet unu...
26.01.2012. 12:59
 kuba55
роза
азамат
26.01.2012. 14:32
 damke
ыры аябай сонун сизге ийгилик роза эже
26.01.2012. 17:04
 taalaigul
Сонун ыр экен,ийгилик сизге Роза эже!
26.01.2012. 17:45
 janetta
Роза супер!
27.01.2012. 00:36
 Aelina
jakshy ele eken.
27.01.2012. 11:10
 beka8585
сонун ыр экен
27.01.2012. 14:29
 armin85
Аябай уккулуктуу ыр болуптурун уну да сонун.Чыгармачылыгыныз оркундой берсин Роза эже!ийгилик сизди коштоп журо берсин!
28.01.2012. 23:33
 gulnaz-1708
эн сонун
29.01.2012. 18:02
 BaktybekA
клип сонун экен
04.02.2012. 04:18
 aseboss
Роза эжеке менин журогумдун дартын ырдаптыр
07.02.2012. 00:02
 Narynbek
Сонун ыр болуптур!Азаматсың Роза
07.02.2012. 11:38
 jyldyza0000
алтын ун да Шакированын унундой болобу!!!Ийгилик оркунунуз оссун!!!
14.02.2012. 13:59
 smailik
ЭЭЭЭЭЭХ байкуш кана суйуп жургон кыздар, журогумо тийип кетти тим эле, аттин ай сонун клип экен.
10.03.2012. 23:17
 АйАй
журогум журогум ай сени издедии ииий
13.03.2012. 22:46
 Molodec
Эмнеге кыргыздар ич куйдулук кыла беребиз,жакшы ырдап жатса дагы . Гулнурду туурайт деп,туураса да окшошсо болду да.Гулнур эжеге ким эле окшошуп жатыптыр.Ырларды уксанар дагы жакшырак комментарий таштасанар,булар ушул ырды ырдап ,жаздырып клип тартыргыча эле канча туйшук тартышат.Кишинин эмгегин дагы баалаш керек да!!!!!
13.04.2012. 14:05
 asel8680
Жаман жакшы эрк шаркак болуп журот, клиптердин баары жакшы болсо да бизге жакпайт негизи. Беш кол тен эмес та, жердештер. Роза эже ырларды жакшы ырдайт. мен ойлойм, мындан ашкан кандай клип болмок эле. :)))).
16.04.2012. 17:40
 Мэри
Ыр жакшы, мазмундуу, маанилуу, обону уккулуктуу, ырчынын уну да жакшы. А клипте озгочолук деле байкалбайт.
19.04.2012. 09:18
 miniusha
Талантына,унуно,ырына соз жок,бирок баари бир Гулнур эжекебизди абдан туурай,кийингенине чейин.Розаны коргондо Гулнур эжени коргондой боло берем.Ушу клиптерде сузушуп кетип,китеби кулап,алып берип,суйуп калган эпизоддор качан токтойт я?Башка жаны нерсе киргизе албайбызбы урматтуу ырчылар!!!
08.05.2012. 05:42
 gulya_93
сонун
16.05.2012. 11:54
 andormeda
Бааааягы эле жолугушту, сүйүштү, ажырашты деген супсак сюжет. Башкалардан айырмаланган өзгөчөлүк кана? Анан университеттердин аудиторияларынан башка клип тартуу жай жокпу бизде?
01.07.2012. 23:06
 aidai88
roza ejenin baardyk yrlary jagat,bul yryda aawka yrlarynan kem emes,soonun.unuz ech kachan o4posun!
08.08.2012. 20:14
 chailoo
Гулнурдун Сатылганованын образы го?
10.08.2012. 19:56
 enigma
журогум, журогум ай сени издеди, кандай гана керемет ун жана керемет ыр саптары
21.10.2012. 14:17
 Gulzat-88
мунусунда роза эже жакшынакай бп озунун стилин тааптыр.Баракелде!Ыры да аябай жакты +10!
25.11.2012 01:15
Neba.
Gulzat-88,Ооба эми жарашкан койнок кийиптир мурунку койноктору толук корсотуп койчу
25.04.2013. 11:48
 Bolotbek7404
абдан сонун ыр клип да жакшы
15.05.2013. 20:05
 chika-chika88
унунуз аябай жагат кандай ыр ырдасанызда журокко жеткире ырдайс Роза эжее ийгилик сизгее!!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: