Аяна Касымова "Чагылган"
Жанр:Поп
00:03:46
57,16 Мб
Жүктөлгөн: 15-11-2016


Сөзү:К.Алмазбековдуку
Обону:А.Атабаевдики

Көрүшкөндө көздөр тике карабай,
Эки мүнөз уяң өскөн баладай.
Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып,
Баратабыз гүлдүү бакты аралай.

Биз ал күнү таанышканбыз жаңыдан,
Жарым карыш чыккым келбейт жаныңдан.
“Аппагыңды көрүп алчы” дегенсип,
Аңгыча эле жарк дей түштү чагылган.

Жарк дегенде неге сени карадым?
Жүрөк булкуп жайнап турду жамалың.
Дагы, дагы жарк дей түшсө экен деп,
Ошондо мен чагылганды самадым.

Басылганча туралы деп кичине,
Баш катабыз бир күрмөнүн ичине.
Ошол түндү дал ошентип өткөрдүк,
Неге мынча сүйүү кызык кишиге?
  • Currently 3.57/5
(7 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (58)

17.11.2016. 14:02
 neiztvestno
Урматту админ Нурлан насиптин айылым женеке ырларын кошуп койунуздарчы
17.11.2016. 19:03
 altyn2015
Гулзат Батырканова курмо деп эле сонун ырдаган. Аянаныкы турмо болуп калган.
17.11.2016. 22:38
 aykyz
Турмонун ичине баш катып алып жыргаптыр Аяна)))
17.11.2016. 23:55
 mikoo
Jakshy yrdaptyr, klibi da mykty.. Iigilik))
18.11.2016. 01:31
 tolik
Урматтуулар силердин угуу жөндөмүңөр начарбы же меникиби? Жакшылап укканда күрмө эмес гүрмө дейт го. Негизи эле Аянанын үнү батыш ырчыларында диалекти бар. Ошондуктанбы айтор кыргыз ырларына ошол тонду кошпогону жакшыраак болмок экен. Сүрөтүңө дегенине ошол үн жарашкан. А бул ырда ырдын маанисин түшүнүү татаалыраак болуп калыптыр.
19.11.2016 00:28
mishonia8077
tolik,сиздики начар угуу жондомунуз
18.11.2016. 05:29
 Kuban99.kg
Корбой туруп ишенем клип супер
18.11.2016. 10:00
 Nariste...12
Турмо деп ... Уят башка созум жок!!
21.11.2016 12:03
aia-s
Nariste...12, турмо деп эле ырдап жатат курмо деген деп танып жатышат го
18.11.2016. 11:38
 Il9s
клиптин маанисине такыр тушунгон жокмун чынын айтсам
18.11.2016. 12:38
 aibek0001
Нена ырдаганы жагат, жеткире ырддай албаптыр
18.11.2016. 23:12
 rahat.87
Буткон ишке сынчы коп дегендей,бул жерде баарыле сынчылар чогулуп алыптырго
18.11.2016. 23:34
 Koshaly
турмо дейби курмо дейби башкысы уну жагат .иззи
19.11.2016. 02:25
 limuna
Куланырады тазалагыла курмо деб эле ырдаб жатат коро албагандар оозунарга келгенди суйлобогуло
19.11.2016. 07:02
 fanatka19
Аяна көйнөгүн камераны каратып ыргыта берген жери жаккан жок,үнү сонун,жакшы ырдаптыр дүрмө деп ырдаса дагы угуп атам.эми тууралап ырдап койоор.
19.11.2016. 12:30
 Sarana
А бали! Турмонун ичинде баш ката бер! Ийгилик!
20.11.2016. 10:28
 NuriK_Ala-Too
Чын эле турмо дептирсин Аяна кудай баарыбызды сактасын турмодон
20.11.2016. 17:41
 happy7
ырдайт десе эле эптеп ырдай бербей, жакшынакай чыгарманын маани маңызын кетирбей ырдаса ушулар.
20.11.2016. 18:45
 Maks_shop
очуруп салгыла
20.11.2016. 21:00
 jorobek.kg
Начар эмес жакшы
Бирок жаш ырчыга бул ырдын мааниси дал келбейт анткени бул ыр башыдан копту откоргон терен ойдогу ырчыларго татыктуу
Аяна азыркы замандын жаш ырчысы. Аянага канча керек эркелеп кулуп кубанычтуу шандуу ырлардын баары жарашат шандуу музукалар керек
21.11.2016. 10:57
 iam
мага жакпайт, ырлардын баарын эле мунга салып сыздап ырдайт
21.11.2016. 17:58
 Aikyn93
голосу керемет турмосун ондогондо 5
22.11.2016. 06:27
 sherzatik
Чын эле түрмө деп ырдалыптыр,түздөгүлө. Кечиргиле)
22.11.2016. 11:59
 nazira...
Ооба, башындагы "эки муноз баладай" эмес, "эрке муноз баладай" дегенин да ондош керек. А так ырдаганында соз жок "5".
22.11.2016. 15:45
 nargiza1986
Такыр жакпады.
22.11.2016. 17:19
 Mile
Аягына чейин коргучо зеригип журогум сыгылып кетти. Жакшыраак жери бардыр деп умуттонуп жатып клип бутуп калды.
22.11.2016. 22:49
 Krai
Создун маанисин билиш керек турмо менен курмонун мааниси асман менен жердей Аяна
23.11.2016. 04:03
 melkaya
сонун уну бар сонун ыр
28.11.2016. 15:54
 kilim
Мыкты чыгарма
10.12.2016. 01:57
 Janar9191
Тим еле элдин баары сынчы болуп кеткенго, Өзү биз бирөөнүн айыбын ачканды укмуш еле жакшы көрөн калк екенбизда.
22.12.2016. 02:27
 raykray
Адашканы болбосо эн соонун! Унун уксам эс ала тушом, азыр коп ырчы эски ырларды туурамес же кыргызда жок создуле окшотуп ырдап алгандар бар!
10.03.2017. 20:37
 aitieva00
Мен ката угуп жатамбы же чындап эле "турмо" деп ырдап жатабы?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: