Эльзар Өскөнбаева "Ак жоолук"
Жанр:Поп
00:04:03
56,77 Мб
Жүктөлгөн: 18-12-2015


Сөзү:Нуркыз Рыскул кызыныкы
Обону:Баян Акматовдуку

Апакең келин күтүп, кабагы ачык,
Ак жоолук балким жүрөт мага катып.
Өзүмдүк кылып алчы жароокерим,
Өзгөлөр кете электе ала качып.

Бооруңа кысчы бекем сүйүнөйүн,
Болду деп бойдоктуктан түңүлөйүн.
Ак жоолук куп жарашып маңдайыма,
Атакең, апакеңе жүгүнөйүн.

Деп жүрүп жараткандан сурап алдым,
Дегдеген ак өргөмдү курап алдым.
Уулуна жубай болуп жакшылардын,
Узартып учугумду улап алдым.

Жараткан тилегимди берди белем,
Жанашып нике кайып сени менен.
Бал ширин уулду күтүп, кызды күтүп,
Бакытка балкып турам кемибеген.
  • Currently 4.64/5
(14 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (18)

18.12.2015. 19:19
 altyn2015
Супер ыр болуптур. Создору сонун. Ийгилик! Ушул кыздан уй-булосу жонундо жазып койгулачы. Рахмат!
18.12.2015. 19:31
 karexher
асаматсың элсар сэни мэнэн бир гѳрүшсѳм арманым жок
18.12.2015. 21:21
 barsbek88
Адилет Азимовдун суйуу кучу деген ырын жуктоп койгулачы сураныч
19.12.2015. 01:28
 kuu-1005
Sonun yrdaptyr! Talantyna soz jok! Nurkyz jakwy yrlardy jazat,azamat!
19.12.2015. 03:26
 shok.kg
Соонун....
19.12.2015. 11:50
 mirana9395
клип жакты аябай★★
19.12.2015. 11:52
 Nurzada_0111
Сонун болуптур Элзар эже.
19.12.2015. 21:27
 suidum.96
Мааниси абдан жакшы болгон,унунуз да соонун азаматсыз!
19.12.2015. 23:33
 Tynchy28
эн сонун ыр,эн сонун клип,эн сонун чырай. Алга элзар! Унуно береке.
20.12.2015. 00:55
 Guzi88
Админ Кайрат Примбердиевдинда видеосун жуктоп койсонор бугунда Москвага келип Кремлде ырдай турган болуп отту Эми Кыргызстандында аты чыга турган болду финалдан отту куда кааласа
20.12.2015. 12:56
 azizka94
Сонун мыкты ыр мыкты аткаруу эжекебизди сагынып калдык интервью алсанар админ
20.12.2015. 23:57
 Ularr
клиптеги кыздын аты ким болду экен...???Айабай татынакай кыз экен....)
21.12.2015. 00:33
 shazi
Соз жок сонун, азаматсыз Элзар ийгилик чыгармаларынызга. Ыр болсо журогумдун жарасын козгоду, менде мындай нерсе болбоду.
21.12.2015. 09:18
 amanatym
эн соонун ун.
21.12.2015. 09:45
 missO
мынча сонун. жакты.
22.12.2015. 08:22
 Nurzat1
абдан сонун чыгарма абдан сонун клип азаматсын элзар
05.01.2016. 22:13
 2014_samat_DJ
Уну соонун озуда соонун менин суйгон ырчым.
28.02.2016. 01:46
 ela
Эн соонун ыр.Созун жазган авторго таазим,азаматсыныз,орконунуз осуп мындай ырлардын далайын жазыныз,калеминиз курчуй берсин.Рахмат абдан сонун чыгарма.Угуудан да,коруудон да чарчабай келем,атайын жазып алып кынылдап ырдап да журом.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: