Эльзар Өскөнбаева "Эгиз жүрөк"
Жанр:Фольклор
00:04:10
64,36 Мб
Жүктөлгөн: 09-02-2012


Сөзү:Майра Керим кызыныкы
Обону:Майра Керим кызыныкы

Карчыга карегиңе табындырып,
Булкунган жүрөгүмдү багындырып.
Жаздагы каркыраны күткөн сымал,
Садагам, койдуң неге сагындырып?

Кылыгың кыял отун тутандырып,
Жалт эткен жаштыгымды чагылдырып,
Жалт эткен жаштыгымды чагылдырып.
Сүйбөсөң мазам кетип неге издеймин?
Жүрөгү ашыктарды эгиз деймин.

Жанарым жашылданып сени эстеймин,
Жарыгым, жаным кейип неге издеймин?
Махабат дайрасынын жан шериги,
Күндө эңсеп жарашар го сүйүү өзгөйүм.

Шумкардын канаттары кагыланда,
Жүрөгү ашыктарды эгиз деймин,
Жүрөгү ашыктарды эгиз деймин.
Сүйбөсөң мазам кетип неге издеймин?
Жүрөгү ашыктарды эгиз деймин.

Аралдай суу каптаган тегерегин,
Жанымда куткаруучу жебеленип
Канаты сынган ак куу сыңарындай,
Чымын жан сени көксөп чебелендим.

Кылыгым кыз жибектей болгонум, ай,
Үмүттө күтүп жүргөн түнөгүмсүң,
Үмүттө күтүп жүргөн түнөгүмсүң.
Сүйбөсөң мазам кетип неге издеймин?
Жүрөгү ашыктарды эгиз деймин.
  • Currently 4.35/5
(23 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (47)

10.02.2012. 09:14
 jazz007
ssuluu кор албастыкыгынды биякка койчу макулбу.Тем более Эльзар жаны эле чыгармачылыгы там тун басып келетат.Канча деген эмгек кылды,5 жыл чуркап журуп оз кучу мн кызыл диплом мн окуусун бутту.Азыр дагы эч кимдин жардамысыз жалан озу чуркап эмгектенип журот.Сен ойлоп атасынбы клип тартырып,ыр жаздырыш оной деп.Сындаганды да билиш керек калп эле ойуна келгенди жабай.
10.02.2012 10:11
snejinka
jazz007,
Эльзар жалгыз адам эмес болуш к-к чуркап окуусун бутуп диплом алган.....сынды да туура кабыл алыш керек да-чындап эле клип жаман тартылган-"подбор актеров-НЕ то"(((( кабинеттин кебетеси кантет...эмнеге тиги баласы чоноюп кеткен ал эми экоо жапжаш ....клип жаккан жок
уну жакты-создору жакты.
21.02.2012 16:15
jika
snejinka, жашоодо мындан жаман ырайы кеткен кабинеттер кезигет ,же клип болсо эле кабинеттер кычырап калыш керекби,я?
10.02.2012. 11:31
 mirbek.akunov
эльзардын талантын коро албагандар комментарий жазбай эле койгулачы жакпаса,ыры да клиби да соонун тартылган рахмат эльзар талартын ташкындай берсин!
10.02.2012. 11:36
 mirbek.akunov
шалпайган ырчыларга караганда бир топ тепкич ойдо турат.Кыргызстанды чет элдерге даназалачу ырчылардын бири.кыскасы супер!
10.02.2012. 13:06
 jikoma1990
Азаматсын Эльзар,сага чыгармачылык ийгилик.
10.02.2012. 14:13
 evropa
ooo jakwy sahnadagy an4a myn4a fonarikterge karganda jakwy abdan iygilik kaalaim seer guuut
10.02.2012. 15:11
 senmen
Эльзар, улуттук, салттуу музыкага салым кошуп, оркундоп осо бер! Мен сени жакшы кором.Сага чыгармачылык ийгилик.
10.02.2012. 16:44
 Барби
Ыр жакшы экен. Бирок клиптин манызына тушунгон жокмун. Эмне тиги аял да жалт жалт карап тиги кургурду суйуп калдыбы.
10.02.2012. 18:12
 akiykat
Майра Керим кызынын керемет чыгармасын Эльзар мыкты аткарыптыр.
Эгер клип жонундо соз айта турган болсок, жаман эмес. Бирок, клипке тартып жаткан инсандардын бетин макияж жасап койсо болбой тбеле?? Эмнегедир, башкы ролдогу кыздын бетин, врас жигиттин бетин эч ким карабаптыр. Клип деле озунчо искусство да, чын бы? а искусство дайыма сулуу, эстетика жакын болсо дейм да......
10.02.2012. 19:04
 barpynynkyzy
түшүнсөм өлөйүн клипке
10.02.2012. 23:41
 ssuluu
Syndy tuura kabyl alsanar bolo. Ukmush bolboso jalgandan sonun degendin emne keregi bar? ORTOZAR yrchylardyn arasyna koshsok bolot. Jany ideyalar toltura, kachestvo klipa voobwe ne nravitsya! Prichem dzes' kyzyl diplom? Akcha berse buto beret da!!!El'zardyn taanyshtary jazyp jatasynar tushunom silerge! Koldoi bergile karshylyk jok! Menin jeke oium, maga koshulgandar dele kem emes eken!
03.01.2013 16:44
jazz007
ssuluu,Сынды туура алыш учун сынды туура жазыш керек!Чон ырчыларга салыштырып сындабай.Кээ бир жаны чыккан клиптерге караганда бир топ ойдо! Конечно акча болсо баарын кылса болот.Чыгып эле атпайбы коп ырчылар уну жок болсо деле клиптерин сонун тартылып.Эльзардыкы баары алды да.
10.02.2012. 23:47
 juma60
Орто десек болот! Клип тушунуксуз болуп калыптыр. Уну деле орто! Аракет кыл кобуроок!
11.02.2012. 01:33
 seva
Эльзар азаматсын чыгармачылык ийгилик сонун ыр экен кыргыздын данкын чыгарган ырчылардан бол
11.02.2012. 04:12
 Aelina
Jakshy ele yrdait eken birok klipte tigi doktor bala boyunda bar ayaldy jakshy korup kalgany kulkunuchtuu bolup kaldy, kichine realniyraak kilishsa go, anan da tigi kiz aminali aytkandai suyoo turgandai dele kyz emes eken.
11.02.2012. 09:00
 atam
Азаматтсын сен сыяктуу ырчылар коп болсо сенден чыныгы кыргыз кызынын жузун коро алдым башкалар сыяктуу кокурогун ачып санына ойдо кийген кыздарды кыргыз кызы деп айта албайм чыгармачылыгына ийгилик!!!!!!!!!!
12.02.2012. 00:08
 cosmopolit
Çigarmaçilik Zor Iyigilik!!!
13.02.2012. 03:10
 Bishkek
чынында накта кыргыздын сулуусу уну жакшы ырларын жакшы кором бирок ырын да клипин да тушунгон жокмун
14.02.2012. 13:11
 Дикуся
Унуно береке азаматсын Элзар. Ийгилик чыгармачылыгына!
15.02.2012. 16:26
 dilara
Elzar alga!ti super!!!!!
16.02.2012. 15:07
 uligo
талантына таазим эттим,оркунун осо берсин
18.02.2012. 09:51
 mana
ыры жакшыкен клибин кайра кайра коруп атып тушунгон жокмун
30.10.2012. 15:58
 intel
jakshy yrdaitken
30.10.2012. 19:55
 kgnazikg
Эльзар азамат ырлары эн мыкты мындай керемет ырды ырдай алгандар жана ырдай албагандар бар бул ырды эн мыкты дэнгээлде ырдаган.
01.11.2012. 22:47
 Asanbek65
Эльзар, азаматсын!!!!! Менин кыздарым Алтынай, Кумушай, Уулкелсин , Кыял сени менен сыймыктанышат! Сага ийгилик! оркундоп осо бер!
18.11.2012. 21:22
 Giza
suluu kiz eken
08.01.2013. 15:51
 rasulka
Аябай сонун ыр экен!
21.03.2013. 09:41
 azat001
Elzar jakwy irdayt ekensingo birok klipti elge ters jaman tasir berchuu kilip tartipsing! kantiple biroonun ayalina i plus boyunda bar eken jakwy korup koz artsin! elge jakwy tarbiya bere turgan kilip tartip jursong menen keneshim
05.04.2013. 20:52
 saparbek
Ыр жаман эмес, аткаруу да өзгөчө бир оригиналдуу деңгээлде, бирок клиптин мазмуну начар
18.03.2014. 16:44
 lily27
клиби деги эмне тууралуу тушунсом мурдумду кесип берейин
24.09.2015 01:21
jypar.i
lily27,мен да клиптин маанисин түшүнгөн жокмун, бирок Эльзар ырды абдан сонун ырдаган. Элзар ырдаганда ушунчалык берилип да, өзүнө тартып да ырдайт
18.03.2016. 22:05
 Nazik0116
Сонун ыр!клип жакшы эле го ,бирок мындан да сонун кылып тартса болот.
22.03.2016. 20:07
 azamatisrail1984kg
класс
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: