Баястан, Бегиш "Эне тил"
Жанр:Рэп (Хип-хоп)
00:03:16
61,92 Мб
Жүктөлгөн: 22-12-2015


Кооз жерде төрөлгөм деп ойлойм ар дайым,
Төрт мезгил мекенимде күз, кыш, жаз, жайы.
Дайым элимдин алаканы жайык,
Жаратканым буюрса берет, баарыбызга нан жайып.
Мен ишенген адамдар бар, алар мага ишенет,
Бир максатты көздөсөк бошонобуз кишенден.
Бийик учуп, бүркүт сымал Ала-Тоонун үстүндө,
Кыргызстаным муктаж салым кошкон ар бир кишиге.

Кайырма:
Бул чыгарма меники, менин энекемдики,
Угармандыкы, сеники.
Бизге кыргыз тил сабагын берген эжекеники
Сөзү менин мекенимдики,
Сөзү менин энекемдики,
Бул жашоонуку, сеники,
Сага кыргыз тил сабагын берген эжекеники,
Сөзү кымбат кыргыз элдики.

Элимдин жаны менен барабар жерге,
Илгери ата-бабаларыбыз келген.
Улутум сүйлөсүн деп эне тил берген,
Урпагы сактасын деп мээнетин арнаган.
Сөз байлыкты баалаган,
Күндөр өттү арадан.
Жер кургап жамгыр төктү,
Дале кыргыз деген бар адам.
Эй, жашайт мейкин ааламда,
Мен да эркин баратам.

Кайырма:

Кыргыз тил сенин тилиң,
Менин тилим, эне тилим,
Жашайт дайым урпактарга берет билим.
Керек тилим сүйлөгөнгө,
Маселени чечкенге, маектешип түшүнүүгө,
Таарынычты кечкенге.
Кеч калба, эч алба, башка тилди биринчи орунга,
Эне тилиңди тиричилик орунда.
Эсиңдеби эне тилиң колуңда,
Сүйлөсө дейм кыргызча борборумда.

Кайырма:
  • Currently 4.42/5
(24 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (53)

23.12.2015. 04:26
 johaaaa
Сонунгоо клип молодцы ребята
23.12.2015. 10:10
 Роза Шакирова
Соонун клипп болуптур Гулмира эжеге соонун жарашып калыптыр.
23.12.2015. 10:17
 Erniet
Мага да бул аялдардын аткаруусу жарашпагандай сулуу кыздар болсо бир жон бирок идея жакты
23.12.2015. 11:51
 asha302
Эне тил
Кооз жерде төрөлгөм деп ойлойм ардайым
Төрт мезгил экенинде күз,кыш,жаз жайы
дайым элимдин алаканы жайык
жаратканым буюрса берет баарыбызга ажайып
мен ишенген адамдар бар, алар мага ишенет
Бир максатты көздөсөк бошонобуз кишендеп
Бийик учуп бүркүт сымал ала-тоонун үстүндө
Кыргызстаным муктаж салым кошкон ар бир кишиге
23.12.2015. 11:53
 asha302
Кайырма:
Бул чыгарма меники, менин энекемдики,
угармандыкы, сеники
Бизге кыргыз-тил сабагын берген эжекеники
Сөзүм менин мекенимдики,
Сөзүм менин энекемдики
Бул жашоодо кооз сеники,
сага кыргыз-тил сабагын берген эжекеники
Сөзү кымбат кыргыз элдики
23.12.2015. 11:55
 asha302
Элимдин жаны менен барабар жерге,
Илгери ата-бабаларыбыз келген
Улутум сүйлөсүн деп эне тил берген
Урпагы сактасын деп мээнетин арнагын
Сөз байлыкты баалаган,
күндөр өттү арадан
Жер кургап жамгыр төктү
дале кыргыз деген баратат
эй жашайт мейкин ааламда
мен да эркин баратам
23.12.2015. 11:56
 asha302
кайырма:
Кыргыз тил сенин тилиң
Менин тилим, эне тилим
Жашайт дайым урпактарга берет билим
Керек тилим сүйлөгөнгө
маселени чечкенге, маектешип түшүнүүгө
таарынычты кечкенге
кеч калба, кече алба
башка тилди биринчи орунга
эне тилиңди тиричилик орундат
эсиңдеби эне тилиң колуңда
сүйлөсө дейм кыргызча борборумда
23.12.2015 15:42
admin_media
asha302,
Рахмат! :)

23.12.2015. 14:51
 Nadya_90
Эжелер ашыкча болуп калган окшойт... Калганы жакты.
23.12.2015. 21:00
 svan
Эжелер эмнеге тартылганын мааниси тушунукту,бирок жарашпай калыптыр же кийимдеринин стили клипке туура келген эмеспи ...бирок клип мыкты,патриоттук денгээлде тартылыптыр!!!
23.12.2015. 21:25
 magbet
ыр жакшы бирок чыны менен эле тиги эжелерге жарашпай калыптыр
23.12.2015. 22:10
 elmurat.kg
РЭП деп ушуну айт.
24.12.2015. 00:58
 PATRIOT.KG84
Бир максатты көздөсөк,бошонобуз кишенден!!!
24.12.2015. 09:46
 damir007
Актриса эжелер сонун ачыптыр клипти. Чыгармачылыктагы озгочо жанылык экен. Образдарын сонун ойногон.
Мырзалар азамасынар!
24.12.2015 13:39
STAN_KG
damir007, Эжелердин кейпине кабатыр болуп жатамын, аялдын баары эркектердей шым кийип кетеби деп! Бизге биричи келген нерсеге таң калуу менен карайбыз, эгерде ал көп жолу кайталана берсе, көнүмүш адатка айланып калабы деп! же татыктуу аял эмес же өзүн башкаларга үлгү алып көрсөтүүгө болбогон кыз эмес! Бул деген адашуу, жаңылуу ХХХ!!!Модератор admin_media түзөттү 2015-12-24 14:04:49
24.12.2015 14:31
admin_media
STAN_KG,
Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
24.12.2015. 22:44
 Nigimdi.jogotup.aldym
Кыргыз жыттанатко ыр мага абдан жакты бул чыгарма меники созу Мекенимдики
24.12.2015. 23:46
 aikol87
Ото жакты азаматсынар.дагы коп чыгармаларды жарата бергиле.
25.12.2015. 02:19
 Manaskg.1
Эээээээ вапше зынк болуптур алга иним
25.12.2015. 22:39
 anyw
Классный клип ыр да сонун
27.12.2015. 16:07
 STAN_KG
Бул видео клип кээ бирлерге кантип жагып калганын түшүнө албай турам! Ырдоону кааласа серезный эле болуп ырдай беришпейби? ырдаганы сүйлөгөндөй болуп, обону жогорку ырларга жетпегени үчүн ушундай ырларды ырдашат болуш керек!
29.12.2015 13:44
nur16
STAN_KG, туура
30.01.2016 19:04
kglive
STAN_KG, Азыркы убакта жаштар рэп стилиндеги ырларды көп угушат. Ошондуктан жаштарыбыз уксун деп, мээсине ушул сөздөр жетсин деп, атайын ушундай ырларды жаздырып жатышат да. "Серьезный" болуп ырдаса жаштар укмак беле? Клип болсо мыкты)
27.12.2015. 16:23
 akynbaev
Москвада жургондо бир корей улутундагы адам: -Дуйнодо эн коп ырдаган (поющий народ) эл ким? - деп сурады. Мен ойлонуп калдым. Ал кайра озу жооп берди. Эн ырчы эл бул кыргыз эли - деп. Кыргыздын бут тарыхы ыр сабында калган экен, Улуу Манас эпосу ж.б. эпостор ыр сабында сакталган. Кыргыз торолсо суйунчулоп ыр сунган, кыз узатса, дуйнодон кайтса кошок кошуп узатышкан. Жаман кабарды да, жакшы кабарды да ырдап угузушкан. Дегеле ыр кыргыз учун эн маанилуу нерсе. Бул клип ото оригиналдуу,сапаттуу экен
28.12.2015. 21:17
 jyrgal.9595
Эжклерди кошуп койгону жакпады мага бегиш баястан каспер болуп тартылса болмок экен
30.12.2015. 09:44
 Xperiaedil
эжекелердин ордуна башкалар аткарса болмок, бирок ыр жакшы
05.01.2016. 03:31
 jeenmusa
Ото жакшы жазылган ыр маанисен коп соз камтылган ыр болуптур Азаматсынар чыгармачыл ийгилик
10.01.2016. 22:37
 Aidaika92
Песня хорошая клип какой та храмой
20.01.2016. 19:17
 antoshiin
Бул чыгарма меники, менин энекемдики,
Угармандыкы, сеники.
Бизге кыргыз-тил сабагын берген Жанан эжекеники
Сөзү менин мекенимдики,
Сөзү менин энекемдики.
04.02.2016. 01:15
 nasko
Аябай жакты азаматсынар
30.04.2016. 01:51
 aidai88
Мен реп укпай койгонума коп болгон Шайыр эженин магинен сон келип коруп отурам.Соонун баары сонун патриоттук сезимдерли дуулуктуротго.Эжелердин катышканы мага жакты кепка кийип алгандарына байланыштуу жуздору даана байкалбайт,кээ бир жеринде эле корунбосо.
09.01.2017. 17:21
 aibek.aku
:)))) эжелер чын эле ашыкча болуп калган
31.10.2017. 23:20
 DaniilDiana
Кыргызым ушул тапта эмне дейт? - туура. ЗЫНК)
31.10.2017. 23:22
 DaniilDiana
патриоттор да чыныгы! РАХМАТ, БАЛДАР
24.01.2018. 01:26
 DaniilDiana
бул дуйнодо Жерибиз бар учун, тилибиз бар учун, кыргызбыз! - кенен жеп, кенен уктап, кенен акыбыз бар учун, кыргызбыз!
уже писала комментарии, айтканымдай, ар дайым угуп, эки балага ыраазымын. благодарю за преданность своему делу
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: