Баястан, Бегиш, Назгүл Токтакунова "Акыркы кат"
Жанр:Рэп (Хип-хоп)
00:03:50
47,7 Мб
Жүктөлгөн: 17-01-2013


Акыркы учкан катымды окуп, түшүнгүн, жаным,
Сен үчүн жаратып бермекмин бүт ааламдын баарын.
Өзүң деп ойлоп, өмүр бойлоп, карабайм мен башкаларын,
Ар дайым мени жыргатып жүрчү элең го күн сайын дайым.
Текке кеткен күндөр, сен үчүн үзгөн гүлдөр,
Сенин назик келбетиңди жанымда күндө күлгөн.
Кармашып колубуз жүргөн, жүрөгүм сезип жүрөт,
Карегиңден аккан жашыңды мен эстеймин күндө.
Тагдырымдын берген татаал убакыты болуп,
Ыр менен чыгарууну чечтим, жүрөгүм куса болуп.
Сүйүүнүн суугуна куса толуп,
Бошоттум сени толук.
Башка менин жолум,
Сен өз сүйүүңө жолук!

Кайырма:
Жараланган жүрөгүм сен кайрадан козгодуң,
Жаралап сезимдерди мезгил келди сактап жүргөн,
Биз бирге түшкөн сүрөттү.
Сага арнаган күндөрүм өттү,
Сага жазган күүлөрүм өчтү.
Мага чалба эми, чалба,
Мага жазба эми, жазба,
Тагдырымдын татаал күндөрү өттү.

Эми ажырадың менден, үзүлдү колубуз,
Ойлонбой кылган кадамың, үзүлдү жолубуз.
Мен да учамын сенден алыс, алыс тараптарга,
Коркпо, күчүм жетет жаңы сүйүүнү жаратканга.
Билем, сен деле билесиң жашоонун ырахат жолдорун,
Ишен, мен деле билемин, калп айтпастан сен колдогун.
Эми алыс боломун, карматпаймын колдорум,
Сагынганда угуп кой, обондордо боломун.
Кош бол, бош бол эми асманда учкан чымчыктай,
Ар дайым бийик бол, күндө жанган жарык жылдыздай.
Жүрөктү оюп кыйнаган окуяны укту Кыргызстан,
Менде болгон жомокту каалабаймын башкага.

Кайырма:


Өттүбү күндөр сени ойго салган?
Учамын алыс, жаңы сүйүү жаратам.
Эми баары элесимде калды,
Менин барым сага болду кайгы.
Жалган сүйүү алдады,
Биз экөөбүздүн күндөрүбүздү,
Сен мага болгон мээримиң төгө албай,
Сага болгон сөзүмдү айта албай,
Өттүбү күндөр сени ойго салган?
Учамын алыс, жаңы сүйүү жаратам.
  • Currently 4.63/5
(35 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (73)

23.01.2013. 21:35
 molly
наконец сняли шороший клип в kg шоу бизе.
26.01.2013 03:07
molly
molly,
24.01.2013. 15:30
 0987

Жакшы бирок Бегишти кошпой эле Баястан озун ырдап корсон кандай болот экен, Бегиш бузуп койгон бир аз.
25.01.2013. 07:56
 Gulnura92
наборот, Бегиш ырдын коркун ачкан!!
25.01.2013. 23:56
 sultan.kg
Баары эн мыкты ырдаган!
05.02.2013. 11:07
 Heavy
Бул клипти кайра-кайра коргондон тажабайм. ХИТ ыр жана ырга татыктуу клип!
11.02.2013. 13:50
 Ilays
Wow... sapsem super
17.02.2013. 22:18
 Tareg
En sonun clip, andan sonun yr! AZAMATSYNAR!!!
17.03.2013. 00:12
 banks
teren urmat!!!
18.03.2013. 20:29
 abai
en sonun HD
30.03.2013. 13:58
 melody
ушул ыр мени суйуумду чагылдыргандай
28.04.2013. 20:29
 ZarinaSM
Джастин Тимберлейк,нелли и Вильям болуп калыптыр!опять плагиат(((
12.05.2013. 22:08
 KaSuBa
"Коркпо, күчүм жетет жаңы сүйүүнү жаратканга" деген бала ийне жеп алгандай арык экен ужаааас..в общем клип жакты.азыр байкашымча баардык клиптин башталышында аткаруучулардын аттары,жаздырган студиясы,тарткан режиссёру жазылып калыптыр.
21.05.2013. 19:46
 ayildik_kiz
Баарынын да создору жакты...
21.05.2013. 20:56
 nurik9090
бегиш алга
31.05.2013. 15:54
 bek007
Азаматтар!
01.06.2013. 13:30
 Violet
мага назгулянын уну жагат
05.06.2013. 10:02
 bantik
Клип мага жаккан жок. Сюжети кайталанма, мындай клиптерди коп эле коруп журом, Качан креативдуу клип тартат болдук экен
17.07.2013. 10:12
 alik1602
бегиш аллга
13.08.2013. 18:57
 Muslim9595
Эээ адамдар бул деген Kg Rap теги абдан чон жетишкендик! Атак биздеги рэпчилердин эч кимиси мындай сапаттуу клип тарттыра элек! шоу Бизди тушунбогондор ар нерсе дей берет экенсинер! Уят болот!
22.08.2013. 17:00
 kgman92
Ыр жакшы болуптур,мага жакты,озгочо
''Ар дайым мени жыргатып жүрчү элең го күн сайын дайым''-деген жери хи хи
18.09.2013. 21:47
 jakshubaev
Жакшы ыр жаратыптыр эн алдынкы клип талантынар о раунд ой берсин бегиш
06.10.2013. 16:11
 Salim1
кыз соонун ырдаптыр! обону да озгочо. балдардын кийимдери бир аз более менее экен мурдагыларга караганда.
26.11.2013. 03:23
 altynbek-
просто супер
11.12.2013. 01:33
 raxatka
эн соонун клип)))))))))))))))
14.12.2013. 17:22
 kimsan89
респект
04.02.2014. 01:08
 kimsan89
респект шоубиз kg
22.03.2014. 12:25
 Kati
Эн сонун!Балдар алга!!!
10.10.2014. 20:23
 Begai.93
ииий сонун ыр да) жан дуйном менен берилип угам ушул ырды
11.02.2015. 11:59
 Kamila88
Азаматсынар алга!
15.01.2016. 12:54
 Bermet_Kasymova
МР3си жокпу?
15.01.2016 14:02
http
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: