Өктөм Сапар уулу "Жолдор башка"
Жанр:Поп
00:03:22
55,13 Мб
Жүктөлгөн: 03-09-2010


Сөзү:Алтынбек Алымовдуку
Обону:Өктөм Сапар уулунуку

Өкүнүчтөн өзүмдөн өзүм кыйналдым,
Өзөгүмдөн өртүмдү билбей кыйнадың.
Жалган сенин жасалма айткан ал сөздөрүң,
Арман кылдым, адаштым, бирок мен сынбадым.

Кайырма:
Аттиң арман, мага салган,
Маңдайыма жазганы жалган.
Экөөбүздүн жолдор башка бул биз адашкан.


Чыйрыгамын махабатымдан айрылып,
Чыдай албай жүрөмүн өксүп, кайгырып.
Түшүнбөдүм, ким менен кеттиң сен кай жакка?
Өкүнөмүн, өкүнгүм келбейт го кайрылып.

Кайырма:
Аттиң арман, мага салган,
Маңдайыма жазганың жалган.
Экөөбүздүн жолдор башка бул биз адашкан.


Жаңылдым го, бирок түшүнбөйм,
Сенсиз бирок өкүнбөйм.
Аттиң арман, жазганы жалган,
Экөөбүздүн жолдор башка бул биз адашкан
  • Currently 4.17/5
(6 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (39)

06.09.2010. 11:39
 andormeda
Ыры соооонун ыр, аранжировкасы да жакшы...клип супсак!
06.09.2010. 15:20
 Bayish
эмнеси тушунуксуз?просто анын жолдошунун причёскасы главный герой-баланын причёскасына окшош экен,кыздын вкусу ошондой экен да...а так клип нормальный эле экен-можно посмотреть
06.09.2010. 18:28
 Шаиста Шатманова
Мирлан Ниязовдун командасы го. Өктөмдүн үнү жакшы ачылбаптыр.
07.09.2010. 17:08
 Zoro
Азамат Октом! Сени жакшы аранжировщик катары билчу элек,эми ырчы катары тааныла бер! Жаш аранжировщиктерди топтоп клип жасаганын да жакшы экен.
07.09.2010. 18:22
 Terner
жакшы ыр экен...эмоция даже унундо...бир аз уялып, тартынып калган окшойт Октом...озун бошураак,уверенней кармаса... а так баары алдыда... кечинде...жалгыыыыыз, машинада озун кетип баратканда уксан...жакшы...
08.09.2010. 23:17
 lider-kg
Октом красавчик бул жерде Ильяздын таптакыр тиешеси жок Октом озу аранжировшик башка ырчылар деле Октомдун ырларын ырдашат.Супер,Октом алгаааааааааа
09.09.2010. 16:49
 ХАНЗАДА
Азамат, Октом! ыр жакты, клип да озгочо. Клипте мыкты аранжировщиктер да бар экен. Кыскасы, сонун ыр.Модератор түзөттү 21.09.2010 03:03
17.09.2010. 17:38
 Izati
уну жакшы ырдаганы жакшы эле аракет кылыптыр,бирок мага жетпейт.
20.09.2010. 10:40
 Journ
Жарайт, кантсе Октомдун жаны эмгектеринин бири. Жаныларды колдоп гана туруш керек. Азаматсын, онорун оркундосун Октомбай!
20.09.2010. 19:37
 DooZzyWooZzy
Вы [adm] клиптерди бири-бирине окшоштура берип)
Озунор бир ыр менен болсо да ырдап чыга аласынарбы?!)Модератор түзөттү 21.09.2010 02:59
22.09.2010. 01:51
 meriam
aaaa emi menda tushundum jigit okshosh tura osho uchun chainik bolup tushunboi jatkan turbaibyzby//yr sonun//
23.09.2010. 15:09
 vorobey
Azamatsyn? yrchylardy gana chygara berbesten alarga yr jazyp, ozun da akyryndan koldon kelgen ayraninda chala ber dosum. iygilikter!
25.09.2010. 18:41
 Sirgak
Клип чет элдики го.Ыр жакшы экен.
26.09.2010. 15:43
 aijanasan
Бизге болот,чет жерге жарабайт.
26.09.2010. 20:56
 Aipesh
Мен вообще тушунгон жокмун.Бул кыздын куйосу бар бекен? даана жинди го бул.Шакеги кайдан пайда боло калды?
27.09.2010. 19:42
 Barika
Мен да тушунбой эле калдым
28.09.2010. 16:09
 Нукура кыргызка
комментерди окуп тушундум,а так тушунуксуз клип болуп калыптыр.Бирок,ыр жакшы...
29.09.2010. 14:33
 Nelya
shakek baykashimcha sol koluna salinip turat ko?
01.10.2010. 13:48
 Dashi
Эмне ырчылар бироону туураганды жактырышабы?
16.10.2010. 08:19
 japarova
kizdi suygon balasi tawtap ketken..anan al iylap jatkan jerden bala alaksitip taaniwat.eko suylowo bawtayt,kundo koruwup.anan kizga kayra bayaki tiwtap ketken jigiti 4alat..anan kiz adawa bawtayt))tuwungonum boyun4a.
08.11.2010. 00:59
 EFDN
Музыкага тушунбой эле жаза бербесенер.Озунор ырдап чыккылачы,жок дегенде клипсиз эле.
18.02.2011. 07:51
 Sherlokkk
Сонун, стильный клип болуптур. Ушул багытта кетсен жакында Depeche Mode жолдо калат го.
26.07.2011. 15:35
 safi
Алга Октом биз сени менен сыймыктанабыз
13.09.2011. 17:24
 nurbek_posol
ОКТОМ Супер !!!
23.09.2011. 14:17
 Janayim
Клиби анча эмес экен...Ыры жакты :)
20.10.2011. 19:58
 urmatto
Ильяздын ырларына окшоп калыптыр.
23.03.2012. 16:30
 nulan2505
Жакшы клип жакты
30.06.2012. 03:50
 bermetlatipova
Супер!!!
27.05.2013. 18:58
 don_mika
Аранжировкасы Кимдики жакшы экен! запись деле норм
07.02.2018. 17:27
 AlibaevO
Эми биринчи клиби туугандар түшүнгүлө
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: