Өктөм Сапар уулу, Айганыш Абдиева "Жалгызымсың"
Жанр:Поп
00:03:56
46,34 Мб
Жүктөлгөн: 19-07-2013


Сөзү:А.Алымовдуку
Обону:Өктөм Сапар уулунуку

Маңдайыма сени жазган,
Ушул тагдыр буюрган.
Күлсөң күлкүң алтын-күмүш,
Ак жүзүңдөн куюлган.
Каректериң сыйкыр беле?
Кетпейт оюмдан.

Алмаштырбай бирге өттүм ушул жолумдан,
Түбөлүккө ажырашпай, кармайм колуңдан.

Кайырма:
Жалгызымсың менин ар дайым,
Жарым болуп мага кал дайым.
Жан дүйнөмдө жанып жашайсың,
Жыргалымсың ар дайым.
Жалгызсырап сенден калбайын,
Жамалыңдан сүйүп танбаймын.
Жылдызымсың күйүп асманда,
Жазда сүйүүм бар дайым.

Түбөлүккө сен деп жашайм,
Турмуш жолун улантам.
Көңүлүңдү көтөрөмүн,
Күлсөң, күлүп кубантам.
Жаратканым, айырбагын,
Сенден суранам!

Өкүнбөймүн, өзгөрүлбөйм – ушул убадам,
Өзүң менен өтсө өмүр, чексиз кубанам.

Кайырма:
  • Currently 4.00/5
(27 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (42)

20.07.2013. 09:36
 aidai88
адашпасам бул ыр,музыкасын озбоктордун ырчыларынан укканмын,окунучтуу,озубуз ыр жарата албай калдыкпы ушунчалык.
20.07.2013. 09:51
 sneg88
krasivaya para Kymbat i Ernist baktyluu bolgula!
20.07.2013. 10:15
 klubnika88
супер,бактылуу болушсун ;)
20.07.2013. 10:30
 emira
скучно
20.07.2013. 10:38
 erkele
Ырчы кыз шляпа кийгенде Сайкал Садыбакасовага окшошуп калат экен
20.07.2013. 15:10
 Karamel
Кыз аябай татына.
21.07.2013. 01:49
 kyrs
Эрнис чуркаганда артынан кыздарга окшоп чуркайт экен, и тишини эле ырсайта бериптир.Октом укам капа болбо жакын адам куйдуруп душман суйдуруп айтат...
21.07.2013. 03:35
 Baltuwka
kliptegi bala ernis sydykov tyrbaiby... Azamatsun jakwy klipterdi tartat atyn ele ykchym.
21.07.2013. 14:36
 Nurzada88
Клип да, ыр да класс!!!!!!!!!!!!!!!!! Талантынар ташкындай берсин.
21.07.2013. 18:09
 akulya17
Эрнист менен Кымбатка чоооон бакыт каалайм!Кымбаттын жузунон нур тогулуп турат го.Менин ойумча Кымбат Асизова кино дуйносно б.а актриса болууга жаралган адам!
21.07.2013. 21:25
 sani--85
Ото жакшы ыр болуптур
22.07.2013. 18:17
 mitalipov
жакты мага
23.07.2013. 09:48
 fast
жакшы болуптур
23.07.2013. 21:26
 kyrs
Көргүм келип, сагыныч басып,
Эстейм сени ызага батып.
Сүрөтүңдү карап отуруп,
Сыздайм, мени кимге таштадың?
23.07.2013. 22:41
 Muzik
Кайсыл озбекче ыр екенин тактап каойбойспу ?
23.07.2013. 23:03
 bakythka
booru.91 сага дагын кандай клип чыгарсын? заманбап кылып тартса деле бир деме десен керек бизге заманбап кылып тартып не кереги бар деп! бул клип аябай соонун болуптур эч кемчилиги жок, соз жок!
24.07.2013. 11:57
 fast
соонун
24.07.2013. 19:56
 upol92
Ырдын коркун клип ачыптыр !! Аябай жакты. Кыздын уну жакшы экен! Укулуктуу ...:-)
25.07.2013. 13:23
 zvezdochca
superrrr yr jana supeeerrrrr klip!!!!!!!!!
25.07.2013. 20:57
 sweet_27
Bul yr maga ayabay jakty,kliptegi Ernist menen Kimbat roldorun jakshi oynoshuptur.Eki jash silerge tuboluk tugongus bakit kaalaym,baktiluu bolgula.
26.07.2013. 18:10
 Zemlyanin
у певицы голос классный а внешность не ахти ну это чисто как мусчина говорю а клип не знаю не идеальный но понравилься излучает счатье. Октом молодец песнт его всегда нравились
27.07.2013. 05:21
 kreml87
Октом байке,Кызыл-Кыяда качан концерт бересиз?Клиптеги эгиз журокторго коз тийбесин!
28.07.2013. 19:02
 burka
Оххххооо Эрнист акоо женем ачылып чачылып клипке сонун корк берип коюптур гоооооооооо! проста нет слов
05.08.2013. 15:33
 periwtem
Бактылуу болунуздар ,клип аблан сонун болуптур.
08.08.2013. 18:39
 gul-bibi9109
Клип абдан жакшы тартылган Эрнист аке менен Кымбаттай уй булону ким каалабайт баары оздоруно жарашып турат,бакыт,бекем ыйман,сабыр тунук жашоо каалайм экоонуздорго))))
05.11.2013. 22:18
 КОЛЮЧКА
Өктөм байке красавчик, ыр сонун :)
11.11.2013. 00:14
 urmatto
Чындап эле кыздын аты Айгнышпы?жэ туура эмес жазып алышканбы?Менимче Айганыш болсо керек.
11.11.2013 09:12
admin_media
urmatto,
Саламатсызбы! Биздин титрда Айганыш деп турат.
03.05.2014. 10:24
 rozalina_4
Бул клип грамотно тартылыптыр, карасан эс аласын, бул жигиттин ырлары мазмуну голосу аябай жагат уккулуктуу, кыз татынакай экен, бирок башкы каармандагы жигит аябай арык экен, башка симпатичный жагымдуу бала табышса сонун болмок
24.05.2014. 14:52
 Muzik
ен сонун ыр
23.09.2015. 15:31
 angel_91
Сонун болуптур. Ыр да клип да аябай жакшы. Ырдын обонуна соз жок. Азаматсыз Октом байке, чыгармачылыгынызга мындан ары да ийгиликтерди каалайм
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: