АЯН тобу "Кыргызстан"
00:04:41
28,51 Мб
Жүктөлгөн: 03-09-2010


Сөзү:Жумали Сопуевдики
Обону:Жумали Сопуевдики

Гүл жайнаган Ала-Тоомдун,
Салкын, таза абасы.
Көз уялтат көк шиберлүү,
Көркөм жайлоо, талаасы.
Кыргыз элим мекендеген,
Берекелүү жеримди.
Нарын, Баткен, Ош, Жалал-Абад,
Чүй, Ысык-Көл, Таластын.

Кайырма:
Бакыт нуруң чачырап,
Жаралгансың жылдыздан.
Жарык чачып дүйнөгө,
Жаркырай бер, Кыргызстан.

Пейили тунук, дили таза,
Баатыр кыргыз элимдин.
Тарыхы бай ата-бабам,
Мурас кылган жеримдин.
Мекенисиң кен байлыктын,
Алтын, күмүш, темирдин.
Ыйык жерсиң дүйнөдөгү,
Нуру түшкөн Теңирдин.

Кайырма:
Берекеңди, Жараткан,
Аябагын кыргыздан.
Жашай берсин түбөлүк,
Кең мекеним, Кыргызстан.
Ала-Тоо – жерим,
Кыргызым – элим.
Ыйык мекеним,
Жашай бергин, Кыргызстан!

Мөңгүлөрдөн агат шыңгыр,
Мөлтүр тунук суулары.
Тынчтык тилеп кыргыз элге,
Учат көлдө ак куулары.
Көргөн сайын көргүң келип,
Кеткиң келбейт алыстап.
Комуз күүдөн таркабай эч,
Адамзаттын кумары.
  • Currently 4.67/5
(3 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (15)

03.09.2010. 20:47
 Demon
ырдын мазмууну жакшы экен, олкобуздун табиятынын кооздугу да укмуш, бирок ырчынын аткаруучулук сыпаты такыр жакпады ...
04.09.2010. 04:35
 Arstan
Эхх... кандай сонун ээ,озубуздун кооз Кыргызстан,кайда барсанда озубуздун туулган жерге жетпейт.
Ыр,клип жакшы чыгыптыр,+10 деген баа берем.
05.09.2010. 05:45
 cheBurashka
jakshi tartiliptir birok irchinin atkargani biraz nachar eken go.
06.09.2010. 01:25
 Akyikatchy
Иничек мындай Мекен ж-до ырдаган сон дух берип ырдаш керек ! Сен улгуроп эле ырдап коюпсун... Аракетин жаман эмес бирок азырынча сага -4 .
07.09.2010. 15:00
 Terner
Качан Кыргызстаныбыз жонундо бир соооонун ыр чыгат???!!!!!!!!!
Кутуп атып тажадым...Озумдун ырчылыкка талантым жок, а то жазмакмын :))
Урматтуу ырчылар,поэттер,композиторлор, чооон сураныч...ЧОГУ бир жакшы ыр жазып бергилечи бизге:)) жаны современный кылып,жаш журоктордо о
07.09.2010. 16:46
 MaRmeLaDka
Чын эле Кыргызстан ушундай керемет, кооз өлкө да... Эх-х, кандай сонун жерде жашайбыз,ээ? Клип жакшы тартылыптыр, жакшы кадрлар тартылыптыр. Бирок ырчы кишини уктатпай, бир аз шаңдуураак ырдаса болмок.
12.09.2010. 10:24
 лоло пепе
ИИИй кайсы кылымдагы клип???!!! Канча акча коротуп туруп ушундай клип тарттынарбы?? Даже аягына чейин коргум келген жок. Не ну конечно потриотческая песня и т.д. Но от таких на сцене надо избавляться!!! Модератор түзөттү 13.09.2010 03:09
26.09.2010. 16:19
 Dinara
Yrchyny ancha baalabadym,birok Kyrgyzstanymyn ushundai kooz tabigatyn aiabai sagyndym...
15.10.2010. 17:55
 Muratbei
Kudaiga shugur,sagynychym bir az bolso da tarkady.
20.10.2010. 14:29
 Nelya
Keremetuu kirgiz jerim.Alakanday jeribizdi saktap kalsak eken Kuday.
29.12.2010. 23:31
 KANAT85
Молоцы алга кыргызым!
05.01.2011. 12:15
 kyyal74
ыр абдан жакты баракелде
25.07.2011. 19:17
 Ismailova
кыргызстанды аябай сагындым.абанын тазалыгын, айылдын укмуштуудай эстен кеткис кечин.алма орук гулдогондо бак аралап басканды сагындым.
01.06.2013. 16:13
 ayjamal83
Супер, саламатсыздарбы! Силерден сураныч, Аян тобунун "Жалжалым" деген ырын жуктом коесунарбы, Гульзат Байзакова да бул ырды аткарат.
03.06.2013 16:38
admin_media
ayjamal83,
Азырынча Гүлзат Байзакованын аткаруусунда бар
http://www.super.kg/media/audio/82933/
"Аян" тобунун аткаруусундагыны да жүктөп коюуга аракет кылабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: