АЯН тобу "Ашык болдум"
00:03:43
21,84 Мб
Жүктөлгөн: 21-08-2009


Сөзү:Жумали Сопуевдики
Обону:Жумали Сопуевдики

Бир көрүштө алтыным, арбап мени алдың,
Жүрөгүмө махабат, сүйүү отун салдың.
Ак маралдай келбетиңе менин сугум артып,
Айдай сулуу жүзүңө ашык болуп калдым.

Жаралады жүрөктү ак куу сымал элесиң,
Кыйноо салып сезимге тынчтык бербей келесиң.
Сен жылмайсаң жаным көрккө толуп айлана,
Шоола чачып көзүңдөн жүрөккө дем бересиң.

Кайырма
Жаныңа барсам жанаша,
Тартынам тике караштан.
Эй сулуу, сөзүмдү угуп,
Түшүнсөң боло садага.
Күйдүрүп жаным жүрөктү,
Бурулуп тетири караба.
Ак сүйүүң чын экенби деп,
Ишенсең боло садага.

Саргаямын сени карап сары жалбырактай,
Айтчы жаным, тезирээк мени жалдыратпай.
Сен да мени алтыным, жактырарың айтсаң,
Жүрөйүн мен ак сүйүүмдү жүрөгүмө сактай.
Асмандагы ай жылдыздай жаркырап жаналы,
Кол кармашып түбөлүк жанаша басалы.
Махабаттын туптунук кенен дайрасында,
Ак сүйүүнүн кемесинде биз бирге агалы.
  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (19)

21.08.2009. 11:53
 erma
:):) jakshyle
22.08.2009. 03:33
 Ayzat
Болот... Балага убал болдубу десе
22.08.2009. 03:49
 Tokmok
ukmushgo........ :)
22.08.2009. 13:24
 azeko
просто ужас!!! оздору деле уялса боло, глос дегенден дайын жок! эптеп-септеп ырдамыш боло бергенден уялса го.
24.08.2009. 04:29
 karyshkyr
kiyaldin 100chu kabatina chigip ketishiptir xe xe :D
24.08.2009. 10:33
 Fred
Prosto ujas,yrdabai ele koigulachy
25.08.2009. 16:36
 МАЛЫШ
Тишим аааай
16.09.2009. 15:53
 Бекболот Абдимомунович
ырдабай эле койбой!!!!
18.09.2009. 18:41
 Единственный
на мыло
18.09.2009. 22:18
 Japalak
ушундай стипде ырдагандан кийин, бийлегенди уйронуп алышса боло.
18.09.2009. 22:20
 Japalak
Согласен саралтын! Каныкей - это сама оригинальность!
13.01.2010. 10:48
 sher
haaaaaaaaaaaa
ey sonun go klip da iri da jani bagit lazaros degen
da
esli serozno chachi uzun balanin unu jakshi eken birok al jetpeyt okush kerek tuugandar okup
tishki kebetege da ancha mincha konul burush kerek raz sahnaga chigip jatkandan kiyin
20.05.2010. 03:31
 MIRJAMEL
тообо кылдым...ар жак бер жакты карасанар боло???
23.08.2010. 21:01
 sani
xa xa xa xa xa xa,,, bashka soz jok!
01.10.2010. 18:14
 NEZER
каращка, жанащща дебей эле нормально айтышпайбыыыыыы
05.01.2011. 11:12
 kutush
Биз кыргыздар эч денгээлибизди которо албай койдук го. Жакшы ырдаганды коро албайбыз, жаны чыгып келе жаткандарды колдогондун ордуна сындап, намысына тийип, жердигине асылып, шылдындагандан нары ото албайбыз.Эмне жаман болсо сын пикиринерди маданиятуурак жазып жоноткуло мумкун кийинкисинде эске алышаар.[adm] Модератор info түзөттү 05.01.2011 05:22
14.09.2011. 10:56
 boke
tura aitas kutush ake jakshy ele
04.10.2011. 09:58
 bakytbek0015
Бул "Аян" тобунун озунун стили жокпу ар кайсы стилде, ар кимди туурап ырдай берген го, ар кайсы ырында
03.12.2012. 01:41
 argen15
клип тунук эмеско кыргызстан качан жетишет экенбиз ееееее
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: