Калыс Жакыпов "Комузум"
Жанр:Эстрада
00:02:53
44,45 Мб
Жүктөлгөн: 24-03-2009


Сөзү:М. Исраиловдуку
Ата-бабам чертип келген комузум,
Обонуна обон кошот добушум.
Комузумдан чыккан обон, чыккан күү,
Каалайм элдин купулуна толушун.

Комуз, комуз кыргызымдын аспабы,
Анда обон элдин күүсү, дастаны.
Жаңылбасын манжалары колумдун,
Жарылбасын комузумдун капкагы.

Комуз менен ырдын элге жеткени,
Үч кыл менен үч талантты эскерүү.
Бир комузчу, бири акын, бири ырчы,
Бириктирген комузумдун тепкеги.

Комузумда акындардын ыры бар,
Комузумда канчалардын муңу бар.
Кор кылбагын комуз менен талантты,
Коңгуроодой чыккан күүнү угуп ал.
  • Currently 3.67/5
(3 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (12)

24.03.2009. 11:11
 sapsary
Келечекте бул баладан бирдеме чыкчудай экен. Клип деле нормалдуу тартылыптыр
24.03.2009. 16:58
 qwerty
клип очень интересный, национальный колорит красиво передано, а песню можно послушать один раз.
умница!
25.03.2009. 14:24
 Кука
Молодец.
25.03.2009. 17:10
 jakshy_kyz
Азамат. Уну кандай таттуу! Бирок, бираз тартынгансып ырдаптыр. Шаттуураак болсо! Ийгилик!!!
29.03.2009. 04:00
 Legenda
Ir jaman emes eken birok klibi sonun tartiliptir
31.03.2009. 23:51
 Neo
Кыргыздын улуттук колорити абдан жакшы корсотулгон. Калыстын талантына ийгилик.
02.04.2009. 17:41
 erma
super!!! azamatsyn inichek 55555555555555555555
15.05.2009. 06:01
 simon
Maaaaaaaaaaaldes azamat chynygy kyrgyzdep seni aytsa bolot iygilik
13.12.2009. 06:50
 Demon
kichinekey bolgonuna karabay baleedey onoru bar eken, molodets ...
19.03.2011. 22:08
 aidaikuz
амээээй...жожого))))
10.07.2011. 21:49
 ERMANI
4y4kanday bolup alyp 4oon ele kishilerdi ubara kylyptyrda.Emi osholordun kadyryn estep juror beken bul bala>>>?
27.07.2011. 16:56
 Tuigun
azamat
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: