Жанр:Эстрада
00:03:46
47,39 Мб
Жүктөлгөн: 07-03-2013
Жамгыр төктү эч басылбай,
Биз келаттык көл-шал болуп.
Жол кароого көз ачырбай,
Бет алдыдан шамал согуп.
Кайырма:
Күн күркүрөп, жамгыр төккөн,
Ошол күндөр кайда кеткен?
Жаштыгымдай же кечээги,
Кайрылбай кетеби?
Жамгыр төктү, эске түштүң,
Алыс калган жаштыгымдай.
Сагынтасың жүрөктү эзип,
Колдон учкан ак куумдай.
Кайырма:
Жылдар учар канаттуудай,
Жамгыр төгөт эч басылбай.
Жамгырларда эске түшөт,
Тунгуч сүйүү унутулбай.
Кайырма: