Дайыр Исмадияров "Кайдасың?"
Жанр:Поп
00:03:22
52,61 Мб
Жүктөлгөн: 30-05-2011


Сөзү:Кудрет Тайчабаровдуку
Обону:Эрлан Андашевдики

Сезим оту дүйнө каптады,
Жүрөгүмө эч ким жакпады.
Мага дагы буйруган жан бар, азыр таппадым...
Сүйгүм келет мен да бирөөнү,
Ал да мени күтүп жүрөбү?
Кыялданып издеп сүйүүсүн, сезип жүрөгү...

Кайырма:

Кайдасың, сүйүү, кайдасың?
Мени да сезим арбасын.
Жүрөгүмдү сага арнайын мен,
Каптасын жалын, кайдасың, жаным?


Жалгыздыктын тарттым азабын,
Издейм мен да сүйүү тазасын,
Тандай берген табитим менин, алды жазасын...
Ыксыз жүрөк канчасын чанды?
Куйкалады кусалык жанды.
Суусап турам сүйүү балына, куткарчу барбы?

Кайырма:
  • Currently 3.98/5
(41 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (65)

13.07.2011. 01:21
 raim
Лично мага жакты.Кыргыз клиптерин бир тепкичке которуптур.Азаматсын биз сени дайым колдойбуз.
17.07.2011. 03:54
 akter
morena ушу создорду жазбай эле койсонуз болмок,мусулман адамга харам болуп эсептелинет го,
а балким достору,тааныштары.мисалы менин дос балам мас уйуно баргысы келбесе гостиницага,алып барып жаткырып коёбуз да,анын эмнеси бар экен,
бул 1 эле варианты...
20.07.2011. 00:35
 raim
MORENA--сиз Дайырдын душманы экенинизди билдирип койдунуз.личный жашоосуна соз келтирбей жазсаныз боло?модераторлор иштейби бул сайтта мындай комментарийлерди ондошунар керекда
28.07.2011. 07:24
 tunaev_joni
Сүйгүм келет мен да бирөөнү,
Ал да мени күтүп жүрөбү?
28.07.2011. 11:28
 Kaibek
вокалдык талант таптакыр жок. Эгер ырдын музыкасын жок кылып акапелла ырдатса жон эле декламация айткандай болуп калса керек.
28.07.2011. 12:11
 ALBERT
Азамат клип жакшы болуптур!
28.07.2011. 14:09
 EkaMika
Klibin kanday tartup koygon???Tushunbodum!?
28.07.2011. 18:38
 Shahinia
Пусть говорят что он не умеет петь, нет голоса...Дайыр...его лицо и манера поведения, манера одеваться, вообщем он красавчик. Ему не суждено на конкурсах петь, но на него оооочень приятно смотреть, аж душа радуется...держись сладкий, удачи тебе. Твори и радуй всех
29.07.2011. 22:08
 Prokuror
Да он красавчик, да у него другой стиль. Но у него голос противный!!! А для певца только красота и стиль играет да роль?!! А я сомневаюсь!!!
01.08.2011. 03:37
 erko77
Дайырдын уну эч образга келе албайт..
01.08.2011. 06:08
 Guljamal
kyrgyz4a ele tartsa bolboitda.sozsuz japondordu tuuraw krk da
03.08.2011. 17:48
 ide
менин ойумду айтсам.
клип вообщем 10
режиссерго 4
дайырга как актер 5
клиптеги кызга 5
идеяга 10
Эн сонун болгон кичине болсо озгочолук киргизиптир красавчик Дайыр Исмадияров
06.08.2011. 12:43
 alina.kubatbekova95
клип жакшы,бары жакшы тартылган.молодец Дайыр байке!!!биздин шаарга тез келип турун г. Новосибирск. ждем с нетерпением!Алинаю.Кубатбекова.
06.08.2011. 13:37
 jubarymbek
клипте берейин деген оюн корбодум. ырына дал келбейт.
08.08.2011. 15:16
 Sanibegi
дайыр-байке-енсонун-баардык-жагынан-топ-келет
21.08.2011. 22:11
 saida
pesnya xorowaya no klip bez smysla
22.08.2011. 11:09
 Jiza
Дайыр аракети бар жигит. Бирок ал ырчы эмес. жандуу ырдай алганырчыларга кирбейт. Убактылуу булбул жанат да очот менимче.
23.08.2011. 16:39
 aziato4ka
режисер абдан жакшы клиптерди жараткан бирок ушул клип супсак болуп калыптыр
25.08.2011. 17:41
 argen
eee tuugandar kitaida tartiliptyr dep kim jazdy ele? kitai emes ele bizdin koitashta tartylyptyr go.))) klip jakkan jok. nachar emes Birok bardyk ele klipterge okwow eken.jasalma akter bolo beret eken go yrchy jigit))) yry dele kiyratpaptyr. eger mawineden ukkanga yrlardy toptop jazdyrsam uwu yrdy jolotpoit elem))) NE Duwevniy yr eken...
05.09.2011. 18:20
 Pakal
Super
10.09.2011. 12:37
 ldr.
козун бойосо Каникейге окшошуп калат экен)))))
12.09.2011. 02:00
 aminali

Кыргыз кытайга окшошуп бара жатабыз бара-бара,бизди башкалар ошондуктан кытай дешет турбайбы,Музыкасы жакты кейигени жаккан жок.
26.10.2011. 21:17
 tori
за монитором отуруп алып"ФУУ УЖАС" деген создон башка эч нерсе билбейсинер!!! кана силер ырдап, клип тартып коргулочу?!!! бироонун дагы эмгегин баалай билиш керек!!!
11.11.2011. 18:31
 bakan
Nachar jana golosy, talanty jokko ese. Baa -2
03.02.2012. 11:54
 xaxa
жакшы.жакшы ийгилик сага!!!
05.02.2012. 11:23
 tolkunbek
мен да кошо кетсем Дайыр сонун ырдаган бирок ырына клиби дал келбей калыптыр АЛГА ДАЙЫР ИЙГИЛИКТЕР БОЛСУН!
16.05.2012. 17:41
 rooz
Алга
03.10.2012. 01:33
 prima
ar kimdin oyu ar kandai demek4i- maga jakkan jok e4 nersesi. Emi menin artyman kandai sozdor keleer eken?!
12.11.2012. 02:13
 el_king3003
жакпады мага
уйкум келип кетти
28.05.2013. 12:46
 admin_media
nooruz.kg,
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
Дагы кайталанса сайттан четтетүүгө аргасыз болобуз.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: