Динара Акулова "Ай кызым"
Жанр:Поп
00:04:53
75,26 Мб
Жүктөлгөн: 02-06-2011


Сөзү:Б.Борбиевдики
Обону:Б.Борбиевдики

Ай кызым ай, ай кызым,
Ай кызым менин.
Жүрө бергин көңүлдө,
Жүрөгүмдө бийлей бергин.

Арбайт ар бир кыймылың,
Бийчи кызым, махабатымсың,
Махабатымсың...
Айдан түшкөн, ай кызым,
Таазим кылам чырайыңа мен,
Чырайыңа мен...
Жайкалган өрмөлүңдөн,
Көзүңдөн мөлтүрөгөн.

Кайырма:

Өткүр жаштык өмүргө сүйүү берген,
Жүрө бергин көңүлдө,
Жүрөгүмдө бийлей бергин.
Ай кызым ай, ай кызым,
Ай кызым менин.
Жүрө бергин көңүлдө,
Жүрөгүмдө бийлей бергин.


Жомоктон келген ханзаадам,
Сулуулардын периси белең?
Мен издеген...
Байкатпай жүрөк уурдаган,
Бийчилердин сыйкыры белең?
Мен билбеген...
Алтын көкүл саамайыңдан,
Аппак жүзүң, маанайыңдан.

Кайырма:
  • Currently 5.00/5
(7 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (11)

03.06.2011. 15:26
 ХАНЗАДА
Динара апчем 3 куплетти кайра-кайра кайталап ырдаптыр го, кайырмасын айтпай эле коеюн. Айтор, кызына арналганы менен бул ырдын мазмунунда Бек Борбиевдин ашыгына болгон арзуусу жатат. Демек, тандоо туура эмес болуп калган.
05.06.2011. 21:01
 cosmopolit
Чындыгында таптакыр туура келбейт го...жон эле ырдайт деп эле ырдай беришет...
08.06.2011. 13:30
 nazirka
Ооой менин суйгон ырым! Менин 2 жаштагы кызым бар, ушул ырды койсом эле кулуп, суйунуп эле болбой калат!
08.06.2011. 22:21
 altynkamikola
bul bektin yry!!!bek chynygy talant!taazim kylam!!ar bir yry gurogumo gakyn!!dinara egenin unu gakshy.
11.06.2011. 16:37
 Myrzake
Мага жакпады.
17.06.2011. 20:39
 merikeit
"ханзада" сага эмне ыр жазышь оной деп ойлойсунбу....динара эже жакшы ырдаган кайталаса да коркун чыгарган так что девочка моя прекрати здиваться....
30.08.2011. 14:16
 mirgulxan
эн сонун ыр. озунор 3 эмес 1 куплетин ырдап коргулочу.
15.11.2011. 21:50
 abduvali
Жакшы ыр.москвада журуп.айылдагы 1-жашар кызым эсиме тушот
03.02.2012. 00:37
 miru_kg
динара эжедей уну булбул ун жок азырга че кыргыздын эн танылуу эжелерден кызынын бактысын корсун ии кызы барларга аябай жакшы кочуруп алгыла деп совет бермекмин эже соз болушу мумкун эмес
09.12.2012. 18:12
 Jenish_kg1
klipte emne jonundo bolup jatat yr emne jonundo yrdalyp jatat??? Birin4i jakshylap maanisin tushunup anan jazsanar tuugandar. En sonun bolgon yrga klip jarashkan.
26.01.2014 13:42
ulik.2014
Jenish_kg1, Ыр да клипда бири бирине уйкашып эле турат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: