Жанр:Эстрада
00:04:29
42,98 Мб
Жүктөлгөн: 14-05-2012
Сөзү:Ж.Сыдыков
Обону:Ж.Мамажановдуку
Канча ирет аппак болуп алма гүлү,
Канча ирет куурап түштү гүлдүн бүрү.
Калган бейм ал гүлдөрдүн далдасында,
Кыз жандап жүргөн чагым кечээ күнү.
Ишенбей сен улгайдың десең мага,
Боз улан эмес белем кечээ гана.
Ал кезде махабатты эстеп алып,
Азыр да жүрөгүмдө сыздайт жара.
Ах, чиркин, сонун мезгил артта калып,
Түнкү оттой тээ алыстан бүл-бүл жанып.
Тутантат куса болгон жүрөгүмдү,
Ээрчитип, өзүн көздөй тартып алып.
“Дүрт” этип махабаттан келсем эрип,
Дагы эле келет сага эркелегим.
Кайдасың, айтсаң боло, кызыл алма?
Кайдасың жүрөгүмдүн эңсегени?