Замир Мырза "Өзүң деп"
Жанр:Поп
00:04:02
73,41 Мб
Жүктөлгөн: 01-07-2011


Сөзү:Алтынбек Алымовдуку
Обону:Замир Мырзаныкы

Карагат көзүңө, кадалып өзүңө,
Тамшанып тойбоймун,
Күлкүң толкуп көңүлдө.
Сезилет жомоктой,
Серпилген чачтарың.
Ирмелип кирпиктериң,
Ийилет го каштарың.
Гүл болуп ачылган,
Нур болуп чачылган.
Көз салып артыңдан,
Жүрөм сага ашыга.
Күндөгү чүрөксүң,
Жылдызды жазданган.
Бийиксиң кол жеткис,
Бийлеп жүрөк назданган.

Кайырма:

Кучагымды жайдым,
Чакырдым махабаттын шаарына.
Кумарымда айдын,
Бөлөнөсүң түн асманымда.
Кулачымды жайдым,
Таң жок сен менен тоскон,
Ак таңымдай...
Өзүң деп мен калдым,
Өзүң деп...жалгыз өзүң деп...

Ажарың бир сулуу,
Көктөгү булуттай.
Ак куудай жүзүңдү,
Жүрөмүн да унутпай.
Сезимди козгогон,
Секетим ардагым.
Жүзүңдөн нур болуп,
Бүт дүйнөмдү арбадым.
Эзилет жүрөгүм,
Эркимди баса албай.
Сүрдөнүп өзүңдөн,
Жандап кадам бара албай.
Катылган сыр болдуң,
Ачылбай каламбы?
Жел болуп артыңдан,
Жетпей аттиң кыламбы?

Кайырма:
  • Currently 4.55/5
(40 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (37)

02.07.2011. 01:00
 akbala90
tigil kim degen kyz? tatynakai go
02.07.2011. 02:25
 jameliya89
klip tipa v zapadnom stile..to4nee parodiya ..absolutno ne sootvetstvuet Zamir M..neestestvenno vse kak-to..hotya pesnya vrode neplohaya
02.07.2011. 09:34
 ROZI
Клип аябай жакты!!! Дагы да жаны форматтагы клиптерди кутобуз!
02.07.2011. 18:00
 jani
pesn9 +10, a klip nevajnii
03.07.2011. 14:52
 ilgiz
Бул озу Саткымбаев мырза жакшы тартат экен клиптерди!)) ыр болсо жакшы Замир озу да Жакшы тартылыптыр!) ким подросток деп жатат эмне эоте эле каарып алсынбы анан эн сонун эле кийинип турат!Тушунбогондон кийин эмне эле критикалап атасынар ой))))
04.07.2011. 00:21
 ERMANI
menin murdagy kyzymgo.
04.07.2011. 01:21
 Letty
Ыры жакты)) Жагымдуу экен уксан. А клиптеги сулуунун очкиси бир аз озуно чон окшойт)))
06.07.2011. 01:49
 joyfull
Abdan jakshy tartylgan klip. Alga Zamir Myrza!!!
batysh elderine okshop kalyptyrsyn :) Maga jakty!!!

06.07.2011. 17:01
 nazirka
Прикольно снят клип. Замир Вы такой хороший стиль одежды выбрали, вам очень идет!
07.07.2011. 14:53
 amirhan
жакшы ырлары бар Замир братта. алга!!!
09.07.2011. 21:50
 jazim
эч жакпады ыры да, клиби да
11.07.2011. 23:56
 akynbaev
жакшы маанай тартуулаган ыр экен. эн сонун!
12.07.2011. 19:31
 samashka
Мага аябай жакты Замир сен суперсин!
14.07.2011. 13:37
 kuttum seni
Бул кыз мен окуган жерде окуйт 1- курста,модель. Аты Айсулуу..
17.07.2011. 03:11
 akter
биздин клиптерди ушу Мирлан Саткымбаев которгону калды окшойт...азаматсыз сапаты форматы озгоруп келе жатат жакшы жакка..=)Модератор MiranA түзөттү 18.07.2011 10:20
31.07.2011. 12:37
 alnurik
Бул чон жетишкендик музкасы ыры абдан сонун Замир байке алга мен сизди колдой Western Forever
04.08.2011. 16:19
 Jiza
Бул ыр Замирдин стилине абдан жарашат. а клип орто. негизи Замир башкаларга караганда жылдыздуу ырчылардан. Бирок айырмдар айткандай олуттуу стилге кобуроок конул бурунуз..
15.08.2011. 18:03
 iam
мага ыры да, озу да, клип да жагат. копко издегем, рахмат жуктоп койгонунарга.
23.09.2011. 12:05
 snejinka
Замир Мырзаны негизи "стильный" ырчылардын бири деп эсептейм...ыры жакты....клип мыкты денгээлде деп ойлобойм, бирок вообщем +5
23.09.2011. 12:54
 Rooshan
эн жакшы коргон ырчым,ырлары аябай уккулуктуу,аялынын аты дагы Жаныл Мырза экен,ошол чынбы?западный стильди туураптыр дейт,элестет ушул ырды чепкен,колпак кийип ырдап жатканын,жон эле дооруйт десе эле дооруй беришет,еще расти и расти до его уровня
23.09.2011. 12:55
 Rooshan
P.S.калпак
24.09.2011. 15:57
 Krizi
Maga Zamir Myrzanyn yrlary abdan jagat. On MOLODEZ.Talantlivyj.
29.09.2011. 21:09
 Kyzsaikal
Super Zamir menin joldoshundun dosu bolot,aiabai munozu jakshy,kichipeyil,adamkerchiliktuu iygilik saga Zamir.kyzyn Raianany oop koi.
19.10.2011. 10:17
 Maral-kg
Клип орто, Замирден өзгөчө клип күткөм. Клиптин башындагы кыздын ич көйнөктөй болгон кызыл көйнөгү жаккан жок.
18.12.2011. 15:13
 luckyboy
супер нет слов
30.12.2011. 00:24
 Sultanbekovdor
ооооооооооооо.................
ЭЭЭЭЭРРРРКЕЕЕЕКККККК!!!!!!!!!!!!!
13.02.2012. 22:36
 moonray
Обажаю эту песню! Клип тоже хороший!
17.02.2012. 03:14
 aykani
Aisuluu zdes' takaya milashka)))
19.04.2012. 20:20
 anonim
клип просто супер. а ваш стиль еще круче!
02.05.2012. 06:18
 rokossovetz1987
Тем кому не нравится то что снимают сейчас и поют,наверно они хотят увидеть дискотеку 70-х. Алло щас 21 век,очнись. Не нравится так и не слушай,зачем нерв тратить? И не комментировать прошу
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: