Асема "Туулган жерди сагынуу"
Жанр:Эстрада
00:04:21
44,31 Мб
Жүктөлгөн: 02-07-2013


Уйкуман серпилгенде алыс жактан,
Айылдын ак таңдары эске келет.
Жолунун боз чаңдары көздөн учуп,
Көңүлүм өскөн жерге имерилет.

Чыгыш жак ак шоокумдан көйнөк кийип,
Бетинде жылдыз өчөт бийик көктүн.
Апалар таңда туруп уй сааганда,
Желге ойноп жыты келет жылуу сүттүн.

Туулган жер, кудуретиң сагындырып,
Элесиң көз алдыма мелт-калт этет.
Айылыма өзүм жетпей, оюм жетип,
Yмүтүм закымдарга батып кетет.
  • Currently 3.86/5
(14 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (46)

03.07.2013. 18:21
 honey
Коруп алып, аябай эс алып калдым. Жаратылыш кандай гана керемет!!!
03.07.2013. 20:27
 begusia
клип сонун,ырдаганына кичине туз жетпей калыптыр...
03.07.2013. 23:29
 kuba.kg
илгерки аймдардын кийми жакшы корунот экен
04.07.2013. 00:12
 Agusha
байкадыыыым байкадым койногунун артын сыдырып албаптыр да
04.07.2013. 00:38
 kg_07
gulnur satylganova irdaganda ar bir adamdin juroguno jetkire irdait go
04.07.2013. 02:29
 Jyrgal_msk
асеманы актрисалыкты эле дагы өркүндөтсө демекмин.ыр жакшы эмес болуп калыптыр.
04.07.2013. 02:46
 booru.1991
Ээххх. кереметко, менда бул клипти коруп айылыма баргандай еле болдум. Рахмат Асема!
04.07.2013. 11:30
 Musio
Гулнур Эжебизге жетиш кайдан .Актриса эле болгонун жакшы го деим!
04.07.2013. 11:44
 KG_URPAGI
Ар бир адамдын уну ар кандай болгону менен ар биринин голосу озунчо талант. Чыгарманы жогорку денгээлде ырдай алган. Эмне баарынын голосу Гулнур эженикиндей болушу керекпи? Ар бир ун кайталангыс, озгочо жана уникалдуу болоорун тушунбогон манкурттарга соз жок! Азаматсыз!
25.07.2013 23:06
suiush
KG_URPAGI,ооба да лично мага деле жакты.Азамат Асема!!!Соонун ырдаптыр назик ун менен...
06.09.2014 19:30
Zarina92
KG_URPAGI, Menda sizge tolugu menen koshulam. Asema azamatsyn, onorun orkundoy bersin!
04.07.2013. 13:55
 Doka
Ээээх Клипти коруп алып балалыгым эске тушуп, козумо жаш тегеренип кетти.
04.07.2013. 15:00
 Poliglot
Эт бышып жатканын коруп шилекей куюлуп кетти. Жумуштан чыгып айылга кетип калгын келет экен. Кок Жайыкты сагындым!
04.07.2013. 16:44
 Aslana
Баягы кымбат машина, кара очки, тоо-таш кайра мода болуп атабы дейм да артисттерде кайра)))
04.07.2013. 21:29
 sara90
atty men 4apkandai 4abuptyr..:))))men da aiuluma baryp 4on atamun ak jorgosun mingendi a9bai sagyndym...klip jakwy...
05.07.2013. 00:34
 NADUW
уну аябай назик ушул эженин
05.07.2013. 03:04
 Aizadka1311
eeeeehhh men dagy aiylyma bargym kelip ketti :-)yr soonun ....
05.07.2013. 15:10
 lonestar
АСЕМА эжеке клип аябай сонун болуптур,мага жакты кыздарыныз сулуу экен,клип кинонун тасмасындай болуптур,азаматсыз так держать вы супер) не смотрите назад продолжайте в том же,духе..))))
05.07.2013. 15:29
 lonestar
вы так сильно изменились но вам идет,еще красивее стали я каждый день смотрю,ваш клип мне очень нравится)
07.07.2013. 05:51
 ayjara
клипи жакты азаматсынар ишендим.
08.07.2013. 00:25
 omor.86
Ушул кыз ырдабай эле койбоду,ненавижу.
08.07.2013. 10:39
 admin_media
lonestar,
Ар бир колдонуучу өз ой-пикирин жазып калтырууга укугу бар, эске алып коюңуз.
08.07.2013. 19:27
 DaniilDiana
) коншу-колон, аксакалдар сапарга чыккан маалда, батасын бергени - уй-булоон менен коштошконундан дагы кээде жылуу болуп кетет... соску
чилась по Родине...(((
21.07.2013. 22:40
 Кайрат
ырдайт десе биздин ырчылар колунан келсе келбесе ырдай беришет. Эн начар аткарган. ун деген жок кичине колунан келген нерсени кылып алы жеткен ырдаса болмок. Мумкун башка озуно ылайык ырдарды жакшы аткараар бирок бул ырды эмес
31.07.2013. 22:29
 erkekyz22
Эх Асема баарыбир Гулнур эжекебизге жетпейсинда)
02.08.2013. 04:00
 azile8691
уну да клиби да жакшы
06.09.2013. 02:42
 chikakorea
2:16 Замок застегивать не учили. Ужассс!
15.09.2013. 20:34
 azigrun
Asema en sonun boluptur, men yilap da jiberdim =( sagyndym Kyrgyz jerin. Gulnurdan da ashyp ketiptir unun, anyky grubyiraak go, seniki abdan nejnyi. kyskasy supersin!!!!
23.08.2014 17:46
IRA
аябай жакты клип да ыр да соонун болуптур Гульнур эже жолдо калыптыр азаматсын Асема!!!!
24.11.2013. 14:48
 Fernando
jakty maga Ket kelge karaganda min ese oido
24.11.2013. 14:49
 Fernando
Asel ejenin kyzy jurobu???
12.12.2013. 15:16
 Роза Шакирова
Асема кыйын актриса уну да соонун.
27.12.2013. 14:21
 Lazat
Ушул ырдын аудиосун жүктөп коесуздарбы
27.12.2013 15:02
admin_superstan
Lazat, Саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, уксаңыз болот: http://www.super.kg/media/audio/106613/
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: