00:10:26
99,84 Мб
Жүктөлгөн:
Автор : Бекжан Рыскулов
Оператор : Мундузбек Нурланбек уулу
5-январдан 6-январга караган түнү “Тез жардам” кызматы аркылуу Аламүдүн районундагы Үмүт жаңы конушунан "өгөй чоң энеси тарабынан сабалды" делип 3 жаштагы бала жана анын 6 жаштагы эжеси Бишкектеги №3-шаардык балдар ооруканасына алынып келинген. Аталган оорукананын дарыгерлери балдардын денесинен көк ала тактарды жана буга чейин да сабалгандыгынын белгилерин көрүшкөн. Окуянын чоо-жайын билүү үчүн Үмүт жаңы конушуна барып, сабалды делген балдардын ата-энеси Талант Борончиев жана Жазгүл Ыдыева менен жолугуштук.
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!