|
Айылдан мен көңүлдүү келсем,
Муздак бир кабар угуздуң неге?
Жактырган жаным көз жумуп кетти,
Ач ажал, неге таш боорсуң неге,
Сен таш боорсуң неге?
Кайырма
Сүйгөнүм менин, кайдасың эми?
Жалгыздык чөлгө таштадың мени.
Кантемин мен, кантем, кантемин?
Муздак бир жерден келбейсиң эми
Сен келбейсиң эми.
Жүзүңдөн сенин көрөмүн мен деп,
Ашыгып келдим жүрөгүм дегдеп.
Айтылбай сырлар калды го ичте,
Жүрөгүм менин ыйлайт го сен деп,
Сыздайт го сен деп.
Мына бүгүн сени көргөнү келдим,
Сүйөрүңдү мени билгени келдим.
Бирге жаныңда мен жүргөнү келдим.
Ошондо жакшы болобу?
Келчи Жаным, менин көнүлүмдү алчы,
Жүрөгүмө сүйүү отун салчы.
Бул кечеде мени менен бирге калчы,
Ошондо жакшы болобу?
Кайырма:
Жаным мага жагасың,
Жалын болуп жанасың.
Жымыңдаган көздөрүңдөн ананайын,
Сен оо секет перисиң.
Кучагыма келесиң,
Ошондо жакшы болобу?
Кучагымдан орун бир өзүнө берейин,
Кумарланып дагы сага мен келейин.
Кудуңдаган Журок сырын мен чечейин,
Ошондо жакшы болобу?
Эмнегедир бир өзүндү мен карадым,
Эмне мынча сулуулугуң мен бааладым.
Эрикпечи Жаным, чогуу бирге басалы,
Ошондо жакшы болобу?
Сөзү : Ташкент кызы Гүлдүкү
Обону : Бахрам Азимовдуку
Шуру тизип сөздөрү ң менен,
Шум кыялың, өнөрү ң менен.
Ишенбеске арга калтырбай, жаным, сага,
Ирмеледиң көздөрүң менен.
Билип турсам да, дилим бурсам да,
Бурганактайт сүйүү ашыгым.
Менде не жалган кабылып калган?
Каректерим жалгыз жашыгым.
Мен кайсары болсом жигиттин,
Жөө жомоктоп мени жибиттиң .
Жалганыңа, жаным, тойсом да тогологум,
Торго түштүм тозок жибектин.
Кайырма:
Алыска аккуу болуп учуп кетсем эмне кылаар элең?
Бүркүт болуп артыңдан учаар элем.
Калпың менен кармап алам го,
Кайтып келген жолго салам го.
Көзүр туткан кара көздөрүң, карагатым,
Жардам бербейт баары жалган го.
Кайырма:
Эң кайсары болсом жигиттин,
Жөө жомоктоп мени жибиттиң .
Жалганың а, жаным, тойсом да тогологум,
Торго түштүм тозок жибектин.
Махабатым жүрөгүм жарып чыктың ташкын болуп,
Алоолонуп күйүп турган, күйүп турган жалың болуп.
Жашоодо кайрат кылып жашасам да ,
Жашайсың жүрөгүмдө сен менин арзуум болуп.
Айткым махабаттын,
Жазгым келет жүрөк дартын.
Түшүнчү сен менин,
Сөзүмдү, көздөрүмдү.
Асыл дүйнөм жараланып, жараланып турат менин,
Жабырланып сүйүү чөлдө, сүйүү чөлдө калам эми.
Бир ууртам булак суусу болуп мага сен көрүнчү,
Жылдыздай жанып кайра , кайра, кайра.
Кайырма:
Оо, досторум ооматтары келишкен
Омал төкмөл, бул өмүрдө
Оор, жеңилин бөлүшкөн,
Жан досторум жарык кылган бактымы
Жандап чогуу көтөрүшкөн жаман-жакшымды.
Кайырма:
Досторум менин досторум -
Кымбаттар жүрөктөгү, кубаттар билектеги,
Мендеги жигердин тиректери,
Эң таза тилектери.
Ай, досторум алыс болсо жокторум
Аруу дилден урматташып алга жылсам кошторум
Ыраазымын ырысымдын барына
Ынтымакта бир бололу мындан ары да.
Кайырма:
Өмүр маңызындай, гүлдүн дарысындай
Чыныгы достор ишеничим, демим
Урматтарым менин.
Кайырма:
Каараныңыз бир сиздин,
Эч бир жанга теңелбей.
Асыл жаным мен сизге,
Ашык болдум ченебей.
Кайырма:
Алсырадым, ардагым,
Сансыз ойлор жандадым.
Сизге болгон сезимди,
Көңүлүмө сактадым.
Көөдөндөгү сезимге,
От тутантып өтөлү.
Жыпар жыты жыттанга,
Гүлдөй болуп өсөлү.
Чоктой күйгөн көөнүмө,
Суу болуңуз тамчылап.
Бул бир келген өмүргө,
Бир болуңуз ар убак.
Кайырма:
Ай жүзүн жамынып булутка жашынып,
Жашаймын ызамды күлкүмө жашырып.
Дүйнөдө бир сага, тирүүлүк барында,
Арнайын өмүрүмдүн баарысын.
Кайырма:
Жок, мага кереги жок!
Сүйүү элеси жалынткан, махабат
Жок, ыйык сезимдер жок!
Бул дүйнө бардыгы жалган.
Тажадым, тажадым баарынан.
Тепселеп сезимди жалгыздыктын көз алдым.
Көңүлүм калса да, жүрөктө асыл жанмың.
Дүйнөдө бир сага, тирүүлүк барында,
Арнайын өмүрүмдүн баарысын.
Кайырма:
Припев:
Да! Я любил тебя как никто, малыш
Не забудь меня, уходя, услышь,
что я растаман
И вокруг тебя только лишь обман
Еще вчера я к тебе бежал, я к тебе летел
И слышно вслед: «Как же ты хотел?», «Как же ты хотел?»
Я забыл обо всем, голова кружилась
Жизнь остановилась
Час-другой, сердце забилось, душа заторопилась.
Законы, порядки – это все не мое.
Силу мою ты однажды поймешь
Я считаю дни, проживаю года
Напоследок скажу лишь короткое да!
Припев:
Не надо снова начинать роман
Я с первого раза разгадал твой план
Ты украла сердце мое, разбила
Поиграла со мной – и отпустила
Год за годом, время – счет
Я теперь уже не тот
Я считаю дни, проживаю года
Напоследок скажу лишь короткое да!
Законы, порядки – это все не мое.
Силу мою ты однажды поймешь
Но любовь не вернешь
Припев.
Встреча с тобой для меня лишь урок
И как же много для себя я извлек
Историю любви я выучил на пять
Прощать, влюблять – жить начинаю опять
Припев.
Жылдыздар толуп асманга,
Нурларын чачып ааламга.
Көрсөм деп, сенин жүзүңдү
Кыялым учат алыска,
Колумду сунуп жете албай,
Жаныңда турам айта албай.
Кайырма:
Кыялымда, сырларымда,
Сен жашайсың ойлорумда.
Кыялымда, сырларымда,
Сен жашайсың кыялымда.
Сүйүү издеймин сөзүңдөн,
Сени издеймин түшүмдөн,
Жалдырап карап артыңдан,
Өзүмдү издейм көзүңдөн.
Колумду сунуп жете албай,
Жаныңда турам айта албай.
Кайырма:
Колумду сунуп жете албай,
Жаныңда турам айта албай.
Кыялымда, сырларымда,
Сен жашайсың ойлорумда.
Кыялымда, сырларымда,
Сен жашайсың кыялымда.
Арман сүйүү дүйнөсүндө,
Жашап келем сен деп жаным.
Тагдырыма баш ийе албай,
Жылдыз аралап жан жаным
Күтөмүн сени гана
Кол сунам сага гана.
Кайырма:
Мейли, мейли кете бергин,
Жылдыз болуп уча бер жаным.
Тагдырыма баш ийбеймин,
Жалгыздыкка ишенбеймин,
Жаным.
Кайрылып артка кете албай,
Торго түшкөн куштай болуп.
Жүрөгүмдө сен жашайсың,
Нөшөрлөгөн жамгыр болуп.
Күтөмүн сени гана
Кол сунам сага гана.
Кайырма:
Мейли, мейли кете бергин,
Жылдыз болуп уча бер жаным.
Тагдырыма баш ийбеймин,
Жалгыздыкка ишенбеймин,
Жаным.
Махабат ырына бөлөнүп, жүрөбүз бактыда
Болуп сен экөөбүз
Жүрөгүңдө сыр бардай
Жүрөсүң мени алдай
Жылмайсаң көзүңөн нур төгүп,
Каламын карай албай.
Кайырма:
Күлүп коюп, сен мага
Күлүп коюп...
Жүрөсүң дайыма көзүмдөн,
Көзүмдөн сүйүп коюп.
Колуна кызыл гүл кармаган,
Алыстан келе жатты бир адам.
Келе жатты мени көздөй күлүп коюп,
Күлгөнү өзүнө жарашкан.
Жүрөгүңдө сыр бардай
Жүрөсүң мени алдай
Жылмайсаң көзүңөн нур төгүп,
Каламын карай албай.
Кайырма:
Кериле басып сен жай гана, жай гана
Оролсун гүл менен айлана, айлана
Кайырма:
Айтып аралдарга,
Кайтып барам сага.
Тартып жаным сени жүрөгүмө
Татып сүйүү балын
Батып кусага жаным
Чаччы сезимдин баарын
Бир өзүңө...
Кайырма:
Барам, барам, барам сага,
Жалжалым күлкүм менин
Алоолонтуп сүйүү демин
Сени гана жалгыз сүйөм
Ишенгин, ишен эми
Канат жайып сенсиз
Азап тарттым сенсиз
Тажап жаным сенсиз, бул жалганда
Жанып ай ааламга
Танып жамалыңа
Канып ажарыңа
Барам сага...
Кайырма:
Ай жарыңа айланам, айланам
Алыс кетпей мен сага байланам
Сен билесиң чынбы?
Уланат сүйүүбүз кайрадан
Алоолон сезим сүйүү шаарында
Фараон сен менин жылуу канымда
Бир, эки, үч көз ирмем
Көзүңдү ач мен сенин жаныңда.
Кайырма:
Сөзү : Ташкент кызы Гүлдүкү
Обону : Ташкент кызы Гүлдүкү
Негедир мен өзгөрүп баратамын...
Өчүп барат сенин караның
Жанбайт го эми менин жамалым
Сагынбай эми сени мурункудай,
Негедир мен өзгөрүп баратамын...
Албетте сага арнап ыр жаратамын,
Атайлап сезимимди каратамын.
А бирок сени сүйбөй баштагыдай,
Ишенсең мен өзгөрүп баратамын.
Убакыт өтөт кетет кайрылайт,
Жалындап сүйүүм сага жагылбайт.
Кечиргин кечиктиң сен ардагым
Жоготкон сүйүүң эми табылбайт.
Сагынбай эми сени мурункудай,
Неедир мен өзгөрүп баратамын.
Сөзү : И.Абдыразаковдуку
Обону : И.Абдыразаковдуку
Мен көкөлөп учамын, көкүрөк тумарым,
Бар байлыгым өзүң менин.
Бул жашоодо жөлөгү,
Апакем өмүрдө өнөгүм.
Кайырма:
Алыста жүрсөм да,
Сапарым күтсөм да,
Ыйласам, күлсөм да,
Суранамын Жараткандан,
Апакемден айрыба.
Мен мейкинде сызамын,
Жан берген кубатым.
Таянган аска-зоом сенсиң,
Өмүр берсин Кудайым,
Бар болсун апакем ылайым.
Кайырма: Маалыматты өзгөртүү
Сөзү : Ж.Алымовдуку
Обону : М.Рыскулбековдуку
Кыялда кылымдап издегем,
Түйшүктүү түбү жок из менен.
Капыстан жолуктук, сырдаштык,
Жолубуз кайчы эмес, түз белем?
Чын эле мен сени таптымбы?
Сүйлөсөң сүйүнө караймын,
Салаалап чачымды тараймын.
Күлмүңдөп көздөрүң от чачса,
Күлкүңдү кайра эле самаймын.
Чын эле мен сени таптымбы?
Сен дагы мени издеп шаштыңбы?
Түбү жок санаага баттыңбы?
Шам болуп жагылчы, жыргалым,
Жылдыздай жайнатып бактымды.
Чын эле мен сени таптымбы?
Жаз беле, жай беле,
Жанырган ай беле?
Жаңыла жаздагам,
Жаным күчүм кайда эле?
Ашыкпайм, адашпайм,
Жанашып, жарашпайм.
Барктаган байлыгын,
Башкаларга багыштайм.
Кайырма:
Таткым келет суйуу мүрөгүн,
Табышмагын талкап жүрөктүн.
Таалайымдан табаар татынам,
Табыша албай тарып жүдөттүң.
Күүгүмдөгү күндүн нурундай,
Күтүп келем кылчак бурулбай.
Бурганактайт бугум сыйпалап,
Чындык менен чындап жуурулбай.
Күз беле, кыш беле?
Көнүлүн түз беле?
Көздөрүң жашоомдун,
Жарык кылар түс беле?
Күтүүгө түтпөдүм,
Курчалдым, күчтөндүм.
Караанын чырактай,
Кагылып мен бүтпөдүм.
Кайырма:
Күтөөр элемин, билем күмөн экенин
Бой бербеген баёо сезим жетегиндемин.
Жетеленгенмин бирок жекеленемин,
Жеңилбеген өжөр сезим жемиш бербедиң.
Кайырма:
Жадабайм жаным дечү элең
Жалгыздык алыс дечү элең
Жар салган махабатыма
Жараткан калыс дечү элең
Тилегим жаным дечү элең
Тийгизбейм баарын дечү элең
Телмирген махабатыма
Теңирим калыс дечү элең.
Батына албаймын, кантем багына албадым
Бар деп берген бакытыма жакындалбаймын
Сага каралдым, каным жаралгандаймын
Жандап койчу илебиңе, жаным жагайын.
Кайырма:
|