|
Сөзү : К.Калыковдуку
Обону : К.Калыковдуку
Кылымдар жашап келген кыргыз жерим,
Кылычын бербей келген кыргыз элим.
Кыр ашып жоо келсе да күттүрбөгөн,
Кармашка тике турган менин элим.
Кайырма:
Кимдир бирөө киндик каны тамган жерди,
Көз жашы апалардын аккан жерди.
Кой жайып аталарым баккан жерди,
Таштап качпаса экен, шашпаса экен, сатпаса экен.
Байыртан эч кимиси жеңген эмес,
Басынтып кыргызымды келген эмес.
Батышы, чыгышыбы, кыргыз жерин,
Баатыр Манас эч бир жоого берген эмес!
Кайырма:
Кимдир бирөө күнү-түнү атканы ок,
Кимдир бирөө курсагына бир наны жок.
Кимдир бирөө эч нерсени укпадым деп,
Уктап жатпаса экен, качпаса экен, шашпаса экен.
Кыйкырсам үнүм жетпейт кыйындарга,
Бакырсам башым жетпейт жыйындарда.
Бар болсо Жараткандын жакшылары,
Бардыгын тең кылбайбы, эли-жерин?
Сөзү : Алтынбек Алымов
Обону : Байыш Момунов
Санаага мен батып жүрөм,
Өкүнүчтөн улам өмүр жолун сүрөм.
Садагам, мен сени сүйөм,
Адашканым ушул, айлам таппай жүрөм.
Садагам, сени жүрөм эңсеп,
Караймын күтүп жолду,
Көздөр жашка толду.
Каралдым, сени жүрөм издеп,
Айыкпас арман болду,
Күтөм карап жолду.
Кайырма:
Кабарыңды кай жактан издеймин билбедим,
Кайтпадың кайрылып, сен мага келбедиң,
Жолуга албадым, унута албадым.
Махабатым, кайрылчы, суранам кетпегин,
Кыйналдым, артыңдан издедим, жетпедим,
Айтчы кабарың, сен деп барамын.
Билбедим мен кабарыңды,
Кеттиң колуң шилтеп, сезбей абалымды.
Үмүттөн мен үмүт үзбөйм,
Тагдыр буюруп сени, билем табарымды.
Садагам, сени жүрөм эңсеп,
Караймын күтүп жолду,
Көздөр жашка толду.
Каралдым, сени жүрөм издеп,
Айыкпас арман болду,
Күтөм карап жолду.
Кайырма:
Лето, солнце, жара,
Окунись в море блаженство и ласки.
Лето, солнце, жара,
Почувствуй дыхание новой жизни.
Лето, солнце, жара,
Будь собой, поймай ритм.
Лето, солнце, жара,
Отдайся страсти, лови волну.
Лови волну, лови волну,
Лови волну, лови волну.
Лето, солнце, жара,
Лето, солнце, жара.
Лето, солнце, жара,
Лето, солнце, жара...
Сөзү : Медер Турсуналиев
Обону : Амантай Бержибаев
Ноты на розовом холсте,
Соприкоснулись две судьбы.
Так хотел любви твоей,
Путник серых, скучных дней.
Предали однажды мы,
Прогадав свою любовь.
Два созвучия,
Две мечты,
Два крыла!!!
Припев:
Не уходи, не оставляй,
Проживи эту жизнь со мной.
Не разлучит нас никогда,
Я хочу чтоб ты знала.
До + Фа, До + Фа,
В сердце я храню!
Вопреки злым ветрам,
Что бы ни было я с тобой!
Ноты рисуя на окне,
Я вспоминаю те слова.
Просто я хотел сказать,
Что люблю, устал скучать.
Всё однажды ты поймешь,
Не гадайте на любовь.
Два созвучия,
Две мечты,
Два крыла!!!
Припев
Ноты звучат в моей душе,
Мы не вдвоём, мы врозь - одни.
Так хотел любви твоей,
Путник серых, скучных дней.
Предали однажды мы,
Прогадав свою любовь.
Два созвучия,
Две мечты,
Два крыла!!!
Припев
Сөзү : Кыялбек Урманбетов
Обону : Азамат Такырбашев
Жаным, жашоомдун негизи,
Жаным, ойлордун деңизи.
Жаным, жүрөктү эздиңби?
Жаным, сүйүүмдү сездиңби?
Кайырма:
Кетпей койдуң эсимден,
Келем сага кайра.
Кайда качам мен өзүңдөн эми,
Кайда, кайда?
Жаным, тоолорго кетели,
Жаным, гүлдөрдү кечели.
Өзүң өмүрдүн тиреги,
Жаным, бөлүнбөй жүрөлү.
Кайырма:
Сөзү : Айсулуу Сопубекованыкы
Обону : А.Аскаровдуку
Мен бара жатам Бомбейге,
Табылар жумуш мендейге
Табылбаса кантейин мага окшогон кедейге?
Мен бара жатам Бомбейге,
Табылар жумуш мендейге
Табылбаса кантейин мага окшогон пендеге?
Сөзү : Илгиз Абдалиевдики
Обону : А.Аскаровдуку
Унчукпадың, көпкө турдум мен дагы,
Алгансыңбы жүрөгүңө муз катып?
Ачуу тиет мындай кезде жел дагы,
Сезимимди, сай-сөөгүмдү сыздатып.
Көңүл жибийт созсоң эки колуңду,
Унчукпадың, үмүттөрдүн соңубу?
Кайырма:
Сендей эч ким ээлеген жок сезимди, сезимимди,
Сендей эч ким жарыткан жок кечимди.
Сендей эч ким багынткан жок көңүлдү, көңүлүмдү.
Сенден албай карыктырып көзүмдү.
Унчукпадың, тагдыр менин таразам,
Кереги эмне жылуусу жок төрүңдүн?
Унчукпадың, үздүң сезим гүлдөрүн,
Ырым эмес, өмүргө мен жакынмын.
Кайырма:
Сөзү : Фархат Салакеевдики
Обону : Фархат Салакеевдики
Дүйнөдө бир кайгылуу арманым,
Арманга кабылган бир адаммын.
Адашкан ара жолго таштаба,
Бактым деп жалгыз сени тапканмын.
Кайырма:
О, менин, арманым,
Арманга кабылган бир адаммын.
Армансыз адам болбойт турбайбы,
Азабын дагы канча тартамын?
Жүрөктө арман терең уялап,
Жүрөмүн санааларды кубалап.
Сөз таккан сезимим муз болуп,
Муз болуп паралаган бууласа.
Кайырма:
Дүйнөмдүн өзүң болуп каарманы,
Ай жүзүң мени өзүңө арбатып.
Айтсам да, түгөнбөгөн эч убак,
Жүрөктү түбөлүккө арбатып.
Кайырма:
Эсиңде болду бекен,
Биз сүйгөн алма дарак.
Күндөрдөн күтүп жүрдүм,
Мен сенин жолуң карап.
Кайырма:
Чын эле, чын эле унуттуңбу?
Жаздагы жамгыр ырын.
Сүйүүгө, күйүүгө кусаланып,
Мен сени күткөнүм чын.
Күзүндө жаз чакырып,
Жүрөгүм сүйүү көксөйт.
Чачылып тамчы жаштай,
Сагынчым көөдөн өрттөйт.
Кайырма:
Кантип мен унутайын,
Өткөндүн убайын жеп.
Күндөрдүн арт жагында,
Күтөмүн сени дегдеп.
Кайырма:
Жүрөктөгү сезимдердин эң тазасы сен,
Жашагым келип ырахатка бөлөнөмүн мен.
Экөөбүздү баш коштуруп бактылуу кылган,
Жаратканга миң мертебе рахматым айтам.
Кайырма:
Көзүңдөн сенин жымыңдаган,
Күн болуп мага нур чачкан.
Ыраазымын абдан тагдырыма,
Сен экөөбүздү жолуктурган.
Сенсиз бир күн бир кылымдай өтүшү анык,
Жанымда жүрсөң, жаным, менин маанайым ачык.
Өмүр бою ынак болуп өмүр сүрөлү,
Ак сүйүүнү өчүрбөстөн барктап жүрөлү.
Кайырма:
Жүрөгүмдү кыйнабачы,
Сүйүүңдү арнап ыйлабачы.
Капа болбо, сен жаш жигит,
Жалооруба, сыздабачы.
Жүрөгүмдүн толгон сырын,
Түшүндүрүп айтуу кыйын.
Сурабачы абалымды,
Жооп айтамын бул ыр менен.
Кайырма:
Таарынба тагдырга,
Кайыл бол баарына.
Бактылуу күндөр дагы келер.
Таарынба тагдырга,
Кайыл бол баарына,
Бактылуу күндөр дагы болор.
Кечирип кой, сүйө албаймын,
Башка жанды сүй, ардагым.
Бул сүйүүдөн көңүл калган,
Сага түгөй боло албаймын.
Азыр билем, көзүң туман,
Сени карап аяп турам.
Сүйө албаймын, бирок, жигит,
Бул ырымды сага сунам.
Кайырма:
|