|
Обону : М. Атабековдуку
Жаңы жылым келди,
Эшик ачып, салам айтып.
Жаңы жылым келди,
Бүт ааламга кучак жайып.
Жаңы жылым келди,
Нурун чачып, жарык чачып.
Жазалычы черди,
Ырдап-бийлеп достор.
Тосолучу келди,
Жаңырып жаңы жыл.
Кайырма:
Наристенин тунук сезиминдей,
Наристенин таза, аруу тилегиндей.
Ынтымакта элим жашай берсин,
Жаңы жылда.
Жыл айланып келет сагындырып,
Жаңы жылым ачып бизге жаңы сырын.
Ынтымакта элим жашай берсин,
Жаңы жылда.
Жаңы жылым, бизге,
Ала келчи ырыс-бакыт.
Жалпыбызга берчи,
Бейпил жашоо, асман ачык.
Жараткандан тилеп,
Барчылыкты, жайчылыкты,
Жашайлычы элим,
Биримдикте дайым,
Жакшылыктын жылы болсунчу.
Кайырма:
Сөзү : Н. Насиптики
Обону : Н. Насиптики
Көк асманда калкып учкан,
Ак куу болуп сен келсең.
Булбул сымал мен ырдайын,
Мени коштоп бийле сен.
Чыбыктай ийилген,
Басканы керилген,
Суктантып сен бийлесең.
Кайырма:
Ойго батам, мен оттой жанам,
Бийлесең сени менен кумарланам.
Татынасың, неге тартынасың?
Бийчи кыз, өзгөдөн кызганамын.
Жандап бассам, бийге тартсам,
Чимирилип бийлесең.
Акылымдан адаштырып,
Жүрөк козгоп жиберген.
Бийлесең наздана,
Карасаң кадала,
Жүрөктө калат жара.
Кайырма:
Сөзү : И.Сатаровдуку
Обону : Элмураттыкы
Айта албас болдум сага жүрөктөгү сырымды,
Арнадым сага көңүлдөгү ырымды.
Жоодурап көзүң, демиң,
Жамалың айдай сенин.
Тилегин мага,
Келсеңчи, жаным, мага.
Асылзат сулуу, неге жаралдың,
Сен ардагым?
Айдан да, күндөн кызганамын,
Ар дайым.
Абалымды түшүнгөндөй,
Жылдыздар мага карашат.
Көңүлүң сезеби?
Жүрөгүм ээси сен,
Жамалың жанды эргиткен.
Таштаба узун жолдо,
Түгөнбөгөн тагдырдын.
Өстүрсөк деймин,
Жашоо-турмуш тамырын.
Кабыл ал, айтам сага,
Ак сүйүү тунук сөзүн.
Канчалык карап,
Сага тойбоду көзүм.
Сөзү : М. Турсуналиевдики
Обону : М. Турсуналиевдики
Стой, погоди, не спеши уходить,
Я без тебя не смогу и дня прожить.
Ты для меня и солнце, и луна,
Милая, любимая моя.
Кайырма:
Останься со мною, ты строго не суди,
Пусть я виновен, молю тебя, прости.
За что мне всё это, Всевышний, скажи?
Уходит девчонка моей мечты.
Может быть это просто сон,
Сон, где мы с тобой не вдвоём,
В этом сне в мире глупых разлук,
Тихим голосом я тебе пою.
Кайырма:
Ты всё простишь в этом мире одна,
Вспомни те дни, освещала нас луна.
След рандеву смыли слёзы дожди,
В песне этой я тебя прошу.
Кайырма:
Сөзү : Самат Жалиевдики
Обону : Самат Жалиевдики
Ак куу болуп келип консоң,
Сен деңиз болуп.
Тосуп алсам дейм канат кагып,
Кучак жайсаң сен толкунданып.
Сага барамын, сага барамын,
Сүйүү таңында, сүйүү маалында,
Сүйүү шамында.
Кайырма:
Жүзүң кымбат,
Жүзүң сымбат,
Жүзүң кымбат мага.
Бир убакытта суук келип калды,
Жан дүйнөмдү колдон тартып алды.
Ак булутту көрүп калсам,
Сен деп элестетем.
Келатканыңды, мага келатканыңды,
Сүйүү таңында, сүйүү маалында,
Сүйүү шамында.
Кайырма:
Жүзүң кымбат,
Жүзүң сымбат,
Жүзүң кымбат мага
Сөзү : К. Качкынбаеваныкы
Обону : М. Атабековдуку
Улуу тарыхты канатына алган,
Улут болуп сакталган.
Урпактарынын мурасына калган,
Уңгу сөздөн кеп салган.
Байыртан мекен үчүн күйгөн,
Эр Манастын уулубуз.
Байырлап Ата Журтун сүйгөн,
Жоголбосун уңгубуз.
Кан майданга да төшүн тосуп барган,
Кайра тартпай душмандан.
Калкым үчүн деп чагылгандай жанган,
Кайратынан жанбаган.
Аий, Кыргызстаным менин,
Ачык болсун асманың.
Элим деп сактаган мекенин,
Азаматтын аскарың.
Кайырма:
Кыргыз эли кең пейил элден,
Кереметтүү жерден, ырыс береке берген.
Мекеним өркүндөй бер кылымдарга,
Ак калпагы асманга тийип.
Ала-Тоодой бийик,
Өркүндөй бер кылымдарга
Ынтымак болсо, биз жеңебиз баарын,
Ыйманыңды сактагын.
Биригели биз биримдикке баргын,
Бир бооруңду сатпагың.
Жараткан бейпил жашоо берсин,
Тынчтык болуп элимде.
Жаңы аткан таң нурунан келсин,
Береке кут жериме.
Кайырма:
Кыргыз эли кең пейил элден,
Кереметтүү жерден, ырыс береке берген.
Мекеним өркүндөй бер кылымдарга,
Ак калпагы асманга тийип.
Ала-Тоодой бийик,
Өркүндөй бер кылымдарга
Сөзү : Г.Рыспаеваныкы
Обону : К.Календаровдуку
Күттүм сени жолуң карап,
Күттүм сени келет деп.
Саамайыңды желге тарап,
Жалгыз турдум сени эстеп,
Күттүм сени күндөп-түндөп,
Күттүм сени сагынып,
Келет деген үмүт менен,
Турам зарыгып.
Кайырма:
Сен жүрөсүң кайда?
Таба албайм айла.
Таш белең кыздардын жүрөгү?
Ансайын көрсөм деп эңсеткен,
Ак сүйүүм бир гана сен деген.
Жоодурап көздөрүң элестеп,
Жолуңдан күтөмүн кетпестен.
Күттүм сени күн өтсө да,
Күттүм көңүл калбастан.
Үмүтүмдү үзө албай,
Максатымдан танбастан.
Күттүм сени, күтө берем,
Жашоо сенсиз жалгандай.
Жалгыз гана күтүү үчүн,
Жаралып мен калгандай.
Кайырма:
Мен убакыт санап,
Жолуңду карап.
Күндөрүм күтүүдөн жүдөдү.
Ансайын көрсөм деп эңсеткен,
Ак сүйүүм бир гана сен деген.
Жоодурап көздөрүң элестеп,
Жолуңдан күтөмүн кетпестен.
Сагынычта өткөрөмүн күндөрүмдү,
Ойго салып, оорутпачы көңүлүмдү.
Билесиңби сен, сезесиңби сен?
Күтүү менен күн өткөрүп жүргөнүмдү.
Көргүм келет сенин кара көздөрүңдү,
Айткым келет сагынычка толо сөзүмдү.
Жүрөгүмдө сен, ойлорумда сен,
Дагы эле күтөм өзүңдү.
Кайырма:
Сөзү : К. Качкынбаева
Обону : Айдин Шер
Жүрөккө жазылып,
Маңдайга жазылбаган.
Кол жеткис махабатымбы?
Жарыгым, өзүңдү эстесем жашып барам,
Кайталап улам атыңды.
Кызганам карааныңды,
Кымбатым, кабарымды,
Кылчайып сурап койбодуң.
Тиктесем көзүң албай,
Телмирип көңүл салбай,
Махабат менен ойнодуң.
Кайырма:
Сен дагы сүйүп, сезимиң арна,
Мен дагы ошол селкини тандап.
Ашыгып сүйүп жетпедик, бирок,
Ал сүйүп кетти башканы жандап.
Күн санап күтүп сени,
Келдик үмүт менен.
Тандайт деп эми кимди?
Күн менен дайым кош,
Чыгып өсүп келген,
Таалайдын гүлүн үздүңбү?
Ойлонбой туруп терең,
Ойноду сезим менен,
Оорутуп эки жүрөктү.
Кайрылып келет деген,
Кайгыны жеңет деген,
Үмүттүү канча күн өттү?
Кайырма:
Бактылуу бол теңиң менен,
Махабатта болбойт ченем.
Баркың билип эми,
Барктап алсын сени аярлап.
Сөзү : И.Абдыразаковдуку
Обону : И.Абдыразаковдуку
Керемет күлгөнү,
Көңүлгө чок салып өткөндөй.
От салып кеткендей ойлорума,
Жамгырдай себелеп.
Жан дүйнөм сергитип өткөндөй,
Жыргатып өткөн,
Жүзүмдөн өпкөндөй менин.
Кайырма:
Көздөрү арбалап,
Кеткендей жаралап.
Кареги карагат беле?
Сезимди тебелеп,
Сергитип себелеп,
Сунулган ыр беле?
Сүйүүсү анын беле?
Жылмайса жагымдуу,
Өмүргө дем берип өткөндөй.
Эм болуп калгандай көңүлүмө,
Ойлору сонунбу?
Оргуштап сезимде тургандай,
Оң колуң сунуп,
Дүйнөмдү кургандай менин.
Кайырма:
Жөн мен от болуп жүрөмүнбү?
Жөн мен от болуп күйөмүнбү?
Же жан дүйнөм жылыткан жүрөгүмбү?
Кайырма:
Сөзү : Э.Абайдиллаевдики
Обону : К.Газамовдуку
Кружатся девушки смелые, разные,
Чёрные, белые сводят меня с ума.
Но среди них есть одна, очень нравиться,
К ней подойду я и сердце предложу.
Дай мне надежду, красивая девушка,
Ты потанцуй, со мной ты потанцуй.
Ты потанцуй, со мной ты потанцуй.
Кайырма:
А танцевать я не хочу,
Сегодня в полночь улечу.
Ты не надейся и не жди,
И не обижайся.
Ты вроде парень не плохой,
Но для меня ты не крутой.
И на меня ты не смотри,
И не обижайся.
А может захочешь со мной станцевать,
А может ты будешь меня вспоминать.
Сердце моё разлетелось в куски,
Лети, ты лети, а меня ты прости.
Всё я отдам за улыбку твою,
Брошу я всё, за тобою пойду.
Брошу я всё, за тобою пойду.
Кайырма:
А танцевать я не хочу,
Сегодня в полночь улечу.
Ты не надейся и не жди,
И не обижайся.
Ты вроде парень не плохой,
Но для меня ты не крутой.
И на меня ты не смотри,
И не обижайся.
Сөзү : Кундуз Качкынбаеваныкы
Обону : Мирбек Атабековдуку
Мен эми башкамын, мен артыма кайтпаймын,
Ааламда, жалганда бир сени унутуш үчүн.
Жүрөктө так калды, көңүлүмдү ойлободуң сен,
Жүдөп чарчадым.
Сени эстеп сагынгам, кайрадан кайгыргам,
Жүрөктү эзбегин, мен эми башкамын.
Күн өтөт арадан, күтүүдөн тажагам,
Жүрөктү эзбегин эми.
Кайырмасы:
Кара көз, мени аябадың,
Жүрөктү жаралап койгон ырахатың сага.
Жалганда өзүңсүз калсам да,
Ыраазымын тагдырга.
Мен эми кайгырбайм өткөн күндөрдү эстеп,
Сүйүүгө кабылган тагдырга таарынбайм.
Адашкан ак сүйүүм, азгырба мени, азгырба.
Сени эстеп сагынгам, кайрадан кайгыргам,
Жүрөктү эзбегин, мен эми башкамын.
Күн өтөт арадан, күтүүдөн тажагам,
Жүрөктү эзбегин эми.
Кайырмасы:
Кара көз, мени аябадың,
Жүрөктү жаралап койгон ырахатың сага.
Жалганда өзүңсүз калсам да,
Ыраазымын тагдырга.
Кантейин, болду жалган,
Маңдайга ушул жазган,
Жолдор адашкан.
Өзөктө күйүп-жанган,
Өзүңсүз өмүр жалган,
Мен адашкам.
Жалгандардан жадап турган,
Менин жүрөгүм,
Үзүлүп үмүт жүрөмүн.
Кайырма:
Калдым каректен тамган,
Арман коштоп жаш аккан.
Жалган каректен жанган,
Көздөрүңөн адашкам.
Аппак сезимди сезбей,
Алыстасың сен келбей.
Ишенбей эми жашаймын,
Өткөн күнүм жалган.
Түйшөлүп күнүм өтпөй,
Түнөрүп түнүм бүтпөй,
Сени сагындым.
Кайрылбас күнүм артка,
Айыкпас ушул дартка,
Мен кабылдым.
Жалгандардан жадап турган,
Менин жүрөгүм,
Үзүлүп үмүт жүрөмүн.
Кайырма:
Калдым каректен тамган,
Арман коштоп жаш аккан.
Жалган каректен жанган,
Көздөрүңөн адашкам.
Тунук сезимди сезбей,
Алыстасың сен келбей.
Ишенбей эми жашаймын,
Өткөн күнүм жалган.
Сөзү : К. Качкынбаеваныкы
Обону : М.Атабековдуку
Сенин сүйүүң алдадыбы?
Же махабаттын жалганыбы?
Жалгыз калган, жадап турган,
Жараланып сен калдың кайгы-муңга.
Сезимиңден жаңылдыңбы?
Сүйбөгөнгө жалындыңбы?
Баары бирдей, баркын билбей,
Сезбегенди сен эстеп сагындыңбы?
Кайырма:
Махабат жаралап,
Ааламды аралап.
Бактысыз неге жаралат?
Ак сүйүүсүн арнаганды,
Аяп неге карабадың?
Төгүп жашың ыйлап жаттың,
Уктабастан арзуудан жараландың.
Кайырма:
Махабат жаралап,
Ааламды аралап.
Бактысыз неге жаралат?
Каждый день привет,
Каждый день пока.
Знаю, точно буду ждать,
Лишь до твоего звонка.
Не скажу пока,
Не скажу потом.
Я бы хотела жить,
Дышать вдвоем.
Кайырма:
Знаю, точно не поймешь,
Ты сейчас меня.
Пройдет зима,
Все равно буду ждать тебя.
Улечу, улечу.
Не было не раз,
Нет любви про нас.
Сочиняя жду себе,
Твой навстречу шаг.
Не скажу пока,
Не скажу потом.
Я бы хотела жить,
Дышать вдвоем.
Всё ни так и всё ни то,
А мне она всё.
Ведь жизнь моя без правил, да,
Но в облаках я не летаю.
Я живу как я хочу,
Быть куклой мне совсем не к лицу.
Знаю, я упрямая всегда.
Кайырма:
Ша-ла-ла-ла-ла, вместе,
Ша-ла-ла-ла-ла, в клубе,
Ша-ла-ла-ла-ла, споём с тобой.
Ша-ла-ла-ла-ла, время,
Ша-ла-ла-ла-ла, молча,
Ша-ла-ла-ла-ла, танцевать со мной.
Снова иду по городу,
А в след кричат: я твой.
А мне о тебе пора, прости,
Но тебе не со мной.
Ночь завела, игра началась,
Страсть, в глазах огонь.
К чёрту слова и любовь,
Пойдём потанцуем вновь.
Кайырма:
Сөзү : Ислам Сатаровдуку
Обону : "Сахар" тобунуку
Жамгыр нөшөрлөп тынбай,
Кусалыктан көңүлүм ыйлай.
Мейли өтсүн уйкусуз түндөрүм,
Ак сүйүүм, өзүңдү күтөмүн.
Мейли өтсүн уйкусуз түндөрүм,
Ак сүйүүм, өзүңдү күтөмүн.
Жаралуу жүрөгүмдөсүң,
Уйкусуз түндөрүмдөсүң.
Жамгыр, өтүнөм сенден, суранам,
Сүйгөнүмдөн кабар ала кел.
Жамгыр, өтүнөм сенден, суранам.
Сүйгөнүмдөн кабар ала кел.
Дайыма жанымда элең,
Алыстасың эми сен менден.
Тажабайм, күтө беремин,
Ак сүйүүмдөн кабар ала кел.
Тажабайм, күтө беремин,
Ак сүйүүмдөн кабар ала кел.
Боль в душе моей, позабудь скорей,
Забыть хочу тебя.
Любовь она поверь в словах не вечна,
Сердце плачет, сердце бьётся.
Ответь что было скрыто между нами,
Ты была со мной, в глазах играла счастье.
Это всё обман, в наших снах печаль, хрусталь,
Кайырма:
Весь мир для тебя,
Скучает душа моя.
Это хрусталь,
Рождает печаль.
Я не один, со мной ведь таешь ты,
Любовь наша зла, знай.
Сердце плачет вновь,
Где же ты любовь?
В снах пропала ты,
Стараюсь всё стереть, жаль бесполезно.
Всё так странно, ты желанна,
Поверь отныне я смирился с этим.
Ты была в руке моей,
Всё растеряли.
Это всё обман, в наших снах печаль, хрусталь,
Кайырма:
Весь мир для тебя,
Скучает душа моя.
Это хрусталь,
Рождает печаль.
Я не один, со мной ведь таешь ты,
Любовь наша зла, знай.
|