|
Сөзү : Ильяз Андаш, Нурмат Садыровдуку
Обону : Мирлан Абдраевдики
Сезбесең кайдан, махабат жалган,
Сүйүүдөн көңүлүм арылып калган.
Эркеле мага, теңебейм айга,
Эми кайгырбайм, жалынбайм,
Кеч болот арман.
Кайырма:
Жүрөгүм сагынат,
Жаныма келсе деп кайра,
Кайгыга багынбайм, кетсең да арбап.
Керемет жаныңа жагынам,
Мөлтүрөп жааган,
Жамгырдай агылам, алсырап барам.
Керемет таңда келсемби кайра,
Аярым, айдайым, эркеле мага.
Кайгыга салба, сйүйп тандаба,
Махабат алдаба, кетсе башкага.
Кайырма:
Согревает нас Ваша теплота,
И всю боль рукой сняла.
Катится слеза, верила в меня,
И с надеждой ты ждала.
И не зная сам, следовал стопам,
Всех своих друзей, обман.
А теперь затих,
Всё в себе затмив,
Понял я ,что мне пора.
Кайырма:
Мама, ты прости, обними,
Ведь уже всё позади.
Мама, ты одна у меня,
Лишь бы ты была всегда.
Мама, знаю я нет дороже для тебя чем я,
Вся надежда в материнской теплоте.
Как всегда светла, ко всему добра,
Ты заботливая мать.
Пережитки все, прошлую печаль,
Позабыла ты уже.
Но я сберегу всю твою мечту,
Разведу тоску твою.
И слова приму, боль твою пойму,
Тяжесть в руки я возьму.
Кайырма:
Сүйөм дедиң, көзүң айтат калпыңды,
Ойноп айттың, оюң дагы салкынбы?
Буга чейин алдаптырсың көп кызды,
Бул жолкуда бузат окшойм салтыңды.
Эркелебе, калпың калды билинип,
Күлүп койсом алдың го сен сүйүнүп.
Кара тизме жазып жүрөм жүрөктө,
Сенин атың калды анда илинип.
Кайырма:
Эркелетпе, эркелетчү сен эмес,
Сөзүң мага тамашадан бир элес.
Колун сунуп чуркагандар толтура,
Ашса ашат, бирок сенден кем эмес.
Жаным дедиң жалган айтып жалдырап,
Билем, бул сөз көп кыздарды азгырат.
Жылуу сөзүң жибитсе да жүрөктү,
Сүйө албайм, сезимимди камчылап.
Эркелебе, калпың калды билинип,
Күлүп койсом алдың го сен сүйүнүп.
Кара тизме жазып жүрөм жүрөктө,
Сенин атың калды анда илинип.
Сөзү : У.Усеновдуку
Обону : А. Такырбашевдики
Ах-бах, чиркин,
Көздөрдүн чагылганын карачы.
Жүрөктөр кагылат,
Ах-бах, ширин, таттуу,
Бул тилектердин арасы.
Таранып тагынат,
Эй, кадалып билинбей,
Эриндери дирилдей,
Эркелеп барып эрмек тапкан сезимдей.
Себеби сезилбей, теңелип теңиндей,
Терметип тең бакыт менен кемесиндей.
Кайырма:
Сезим келет, сүйүү демек,
Бул сен күткөн күндөрдөн белек.
Сүйүү демек, ал керемет,
Жүрөккө сезимдерден белек.
Тах-тах, чиркин,
Жүрөктүн кагышканын карачы,
Жаңылбай жалынам.
Таптак тийген айдын ак нурларынын арасы,
Жаңы ырдай жаңырган.
Таң жарым ай жаңыдан,
Табышкан, таарынган.
Таттуу бир кыял табият тартуулаган,
Сүйүүнүн жүрөгү, биригип түнөгү,
Өмүрдүн өзөгү, махабат мүрөгү.
Кайырма:
Сөзү : Нурмат Садыровдуку
Обону : Аман Бержибаевдики
Барамын жай,
Башталат жаңы барактай.
Кадамы жалгыз, эй,
Табышмак атын айта албай.
Тазасын ай,
Тунугу айдын нурундай.
Барамын жалгыз эй,
Сага...
Барамын жай,
Башталат жаңы барактай.
Кадамы жалгыз, эй,
Табышмак атын айта албай.
Тазасын ай,
Тунугу айдын нурундай.
Барамын жалгыз эй,
Сага...
Сен сезип турсаң,
Сезимге көңүл бурсаң,
Себелеп жамгырдай төгүп турсаң.
Мен жайып кучак,
Тагдырга салган тузак,
Татынам калбайын сенден узап.
Знаю, ты ждешь и не поймешь,
То, чем жила я,
И не смогла.
Не проси, не проси, не моя вина,
Не проси, не проси, я уже ушла.
Знаю, уйдешь (без слов),
И не поймешь (того, что было).
То, чем жила я,
И не смогла.
Не проси, не проси, не моя вина,
Не проси, не проси, я уже ушла.
(Жизнь тебя увела…)
Знаю, ты ждешь и не поймешь,
То, чем жила,
И не смогла.
Все равно люблю,
Все равно люблю,
Я люблю тебя…
Өзгөдөн башка болуп сен мага турчу элең,
Сезимиң жашыргансып сен неге жүрчү элең?
Жанымдан алыстабай, жалооруп байкатпастан,
Жаз болсо жар айланган жан дүйнөм өзүң элең.
Айылдын кечтерин сагындырган,
Алтындай жаштыкты чагылдырган.
Арнаган ырларың эсимден кете элек,
Эскирген эстелик дептериң сүрөт менен.
Экөөбүз жолукчу чынар терек,
Эч кимди жолотпой турса керек.
Эми да күткөнсүйт жалдырап күн сайын,
Жалбырак саргайып жазды эңсеп жашыгансыйт.
Бар эсим багындырган,
Бар болгон өзүң элең.
Балкыган гүл жыттанып,
Бал болгон өзүң элең.
Башымдан тегеренип,
Бирдеме дегиң келип.
Бар болуп учуп жүргөн,
Бал аары өзүң элең.
Сөзү : И.Абдалиевдики
Обону : Нурлан Насип, А. Акимовдуку
Жылгадан чыккан ысык күнүмсүң,
Жыпарын чачкан гүлүмсүң.
Жумшак жел сылап өтсө жанымдан,
Булуттан түшкөн сулуусуң.
Аткан таңым сен,
Жүрөк каным сен,
Махабаттын балын таттым мен.
Кайырма:
Сен бердиң махабат,
Жүрөк жар салат, сүйүүм арналат.
Мен тапкан бактыма,
Жазган тагдырга турам кубана.
Козгодуң беле бир сезимди,
Бүлүк салдың, жүрөк эзилди.
Өзүңдөн башка, жаным, эркем,
Жүрөгүм сүйбөйт эч кимди.
Аткан таңым сен,
Жүрөк каным сен,
Махабаттын балын таттым мен.
Кайырма:
Күтүүдөн күндөр жылбай,
Кусадан санаам чыкпай.
Кечиктиң, жол караймын,
Керемет ыр ырдай.
Кайырма:
Жайдары басып эй,
Жарыгың чачып эй,
Жаркыным, жаныма сен келсең.
Маанайым ачып эй,
Махабат ташып эй,
Маралым, сезимге дем берсең.
Саамайың көзгө сүйкүм,
Сагынып шыңгыр күлкүң.
Самадым, күтүп сени,
Сары оору болуп бүттүм.
Кайырма:
Сөзү : А.Сопубекованыкы
Обону : А.Аскаровдуку
Сөзү : А.Алымовдуку
Обону : И.Абдыразаковдуку
Байланам шок кыздардын,
Көздөн учкан сыйкыр нуру.
Мен балкыган жанга дары,
Алтын жибек, мончок шуру.
На, на, ней,
Ал жомоктогу перидей.
Сезилет жылмайганы,
Сезим өрттөп тамшандырат.
Көрсөң көзүң тойбос болуп,
Көксөп адам арман кылат.
На, на, ней,
Ал бийкечтер оттой болот,
Кол тийгизбес чоктой болуп жанат, эй.
Кайырма:
Байланам көздөрүнө анын,
Жалындаган жазым, жаным ай.
Жан дүйнөмдө жашайт жалындай,
Ай, ай, ай...
Байланам көздөрүнө анын,
Жымыңдаган жазым, жаным ай.
Жыргалымдын аткан таңындай,
Ай, ай, ай..
Тамшанам тал чыбыктай,
Ичке бели, көздөрү күйүп.
Алтын күлкү, шыңгыр добуш,
Ашык болуп келем сүйүп.
На, на, най,
Ал жомоктогу перидей.
Сырларын сактап келет,
Айтылбаган жомок болуп.
Учкун учуп күлсө нуру,
Көз уялтат күндөй болуп.
На, на, ней,
Ал бийкечтер оттой болот,
Кол тийгизбес чоктой болуп жанат эй.
Кайырма:
Сөзү : Шахназар Бөрүкулов
Обону : Ильяз Абдыразаков
Туюлган арзуулардай,
Алгачкы махабатым,
А бирок азыр армандай.
Куюндап учкан чаңдай,
Кайрылбай бара жатат,
Ак сүйүүм менден алыстай.
Кайырма:
Негедир жүрөгүм эзилгенсийт,
Эгизин жоготуп, жалгыз калгандай.
Махабат мүрөгүм соолуп баратат,
Менин...
Буулугуп учкан куштай,
Армандан сыздап кеттим,
Айта албай, ичимен ыйлай.
Эмне үчүн тагдыр кыйнайт,
Айрылтып жүрөктөрдү?
Бирине-бирин буюрбай.
Кайырма:
Сөзү : Ташкент кызы Гүлдүкү
Обону : Ташкент кызы Гүлдүкү
Күн чыкканда уядан,
Күмүш нурунан уялам.
Күндөр өтсө өкүнүп,
Токтой турчу деп суранам.
Түн жамынып айлана,
Ай баратат жай гана.
А биз ырдап бийлейбиз ла-ла-ла.
Кайырма:
Убакыттар учат,
Көктөн жылдыз тарап.
Студенттик күндөрүм,
Улам жылып барат.
Жүрөккө тартуулап,
Сүйүүнүн гүлдөрүн.
Табылбайт издесем,
Студенттик күндөрүм.
Таң агарып атканча,
Чолпон жылдызы батканча.
Шайыр достор менен бирге,
Бөлөп айлананы шаңга.
Күндөр зымырап кайрылбайт,
Достор, жандангын кайгырбай.
Калсак кана ушул күндөрдөн айрылбай.
Сөзү : К.Качкынбаеваныкы
Обону : Омардыкы
Көз жаш болуп ыйлап төгүлөм,
Көз мончоктой сынып бөлүнөм,
Сени эстесем.
Көлдөй терең ушул өмүрдөн,
Көп киши жок, жалгыз көрүнөм,
Сен кетпесең.
Кайырма:
Өтүнөмүн, өзгө жанга кетпечи,
Өткөн күндү эстечи,
Өкүнүчкө эзбечи.
Күнөө кылсам,
Койчу мени кечирип.
Кайгы-муңга кезигип,
Калдымбы же кечигип?
Айтпадың чечилип.
Кош эми, сезбедиң арманым,
Колум сунуп, жетпей калганым,
Сен кайрылбай.
Билемин сүүүңдүн жалганын,
Бир келген таалайың танганың
Сен кайгырбай...
Кайырма:
Жетпесимди түшүндүм,
Жалбырактай күздө үзүлдүм.
Муздак сезим кабылып,
Муза болбой сүйүүм үшүдүм.
Жалынсам да келбедиң,
Жалын сүйүү бербедиң мага,
Бербедин мага...
Сүйүү –деңиз, махабат – ак кемеси,
А мен толкун, кучагымдын сен эркеси.
Белгисиз күч өзүң карай сүрөй берет,
Сен болдуң го түңгуч сүйүү керемети.
Кайырма:
Эргиткен көңүлүмдү,
Сенсиң менин сезимдерим.
Ыр сүйгөн, жылдыз сүйгөн,
Кезимдеги, кезимдеги.
Өкүнбөчү бул жашоодо,
Сендик гана, сендик гана.
Жүрөктүн эң бир назик,
Сезимдери, сезимдери...
Өмүр деген билинбей өтөт дечи,
Өтсүн мейли, бирок ага кейибечи.
Баягы биз жадыраган жаштык кездей,
Түбөлүккө бир өзүңдү сүйөм дечи.
Кайырма:
Сөзү : Булан
Обону : Булан
Узакка кеткен оболоп үнүмдү сага беремин,
Сезимди бийге келтирген сүйүүмдү сага беремин.
Алоолоп күйгөн түтүнсүз арымды сага беремин,
Жүрөктү турган камчылап канымды сага беремин.
Түшүмдө сени көрүп ойгонуп,
Талпынып сага, жаным, келемин.
Жанымды жөнсүз жаралап кыйнабай,
Өзгөчө дүйнөм менен,
Мен өзүмдү сага беремин.
Кайырма:
Көп кыздардын арасынан сени тандадым,
Жаз гүлүндөй сулуулугуңа, жарым, арбалдым.
Оо, өзүңө ашык болдум жалгыз өмүрдө,
Жан шеригим, жана берчи, мен карып өткөнчө.
Суурулуп чыккан ааламдан сөзүмдү сага беремин,
Өрт болуп кокус жаралган жүрөгүм сага беремин.
Жан дүйнө бирге жаралып, жалжалым, көңүл табалык,
Жалындап күйүп түбөлүк, жашоодо бирге жаналык.
Түшүмдө сени көрүп ойгонуп,
Талпынып сага, жаным, келемин.
Жанымды жөнсүз жаралап кыйнабай,
Өзгөчө дүйнөм менен,
Мен өзүмдү сага беремин.
|