Ылгоо: күнү | кароолор | пикирлер | рейтинг боюнча
«НЕФТИЧИНИН» КЫЯЛЫ ИШКЕ АШАБЫ?
№4161 2110 0
Ошентип, КРнын кезектеги чемпиондугу да аяктап калды. 17-октябрда Кочкор-Атада жергиликтүү “Нефтичи” канттык “Абдыш-Ата” менен 1:1 эсебинде тең чыгып, өз тарыхында 1 алтынга ишенимдүү кадам таштады. Эми «нефтичилер» чемпион болушу үчүн 24-октябрда бишкектик “Шерди” жер каратышы керек.
толугу менен
КАНЫБЕК ДҮЙНӨНҮ КАЙРАДАН БАГЫНТТЫ
№4163 2368 1
Мекендешибиз Каныбек Сагынбаев бильярддын эркин пирамида түрү боюнча Дүйнөнүн чемпиону аталды. Германиянын Виллинген шаарында өткөн мелдешке 20дан ашуун өлкөнүн бильярддык каймактары катышты. Каныбекке финалда орусиялык Павел Кузьмин каршы турду.
толугу менен
ДАВИД ВИЛЬЯ
№4166 3772 4
Быйыл дүйнөлүк спорт асманында жарк этип жанган жылдыз Давид Вилья экени анык. Ал «ЮАР-2010до» Испаниянын чемпион болушуна зор эмгек сиңирип, мелдештин башкы бомбардири болду. Мындан тышкары «Барселонанын» курамына өтүп, күйөрмандарын мыкты оюндары менен кубантууда...
толугу менен
СТАЛБЕК МЕНЕН АЛЕКСЕЙДЕН ҮМҮТ ЧОҢ
№4151 2481 1
8-10-октябрь күндөрү Алматыда ушу саньда боюнча Казакстандын ачык чемпиондугу болуп өттү. Ага мыкты казак клубдарынын өкүлдөрү менен катар эки мекендешибиз да катышып, намысыбызды татыктуу коргоп келишти...
толугу менен
«НЕФТИЧИНИ» КИМ ТОКТОТОТ?
№4152 2329 0
10-октябрь – Шайлоо күнү өлкөбүздүн саясий өнүгүшү гана эмес, футбол боюнча улуттук чемпиондуктун тагдыры да чечилип жатты десек болчудай. Бул жекшембиде кочкор-аталык “Нефтичи” бишкектик “Алганы” кабыл алып, артка чегиндирди (оюн үй ээлеринин пайдасына 2:1 эсебинде чечилген)...
толугу менен
Ормон хандын кубогу-2010: КОЧКОР ТАНДАДЫ, КЕЗЕК БИШКЕКТЕ
№4150 2558 0
7-8-октябрда Кочкор районунун борборунда Ормон хандын кубогунун жарым финалдык баскычы өткөрүлдү. Бишкекте өтүүчү финалга тандоону Ормон хан туулуп-өскөн Кочкордо өткөрүү салтка айланган. Мелдештин финалы ноябрь айында Бишкекте өтөт.
толугу менен
КОЖОМКУЛДУН ЭРДИКТЕРИНЕН
№4152 14277 7
15-октябрь – даңазалуу Каба уулу Кожомкулдун каза болгон күнү. Суусамырдын визиттик карточкасы болгон айтылуу балбандын жаш кезинен эле жылкыларды куйруктан силкип токтотуп, кулундарды колтугуна кысып чакырым жерге көтөрүп, ат такаларды жалгыз колдоп кабыштыра ийип..
толугу менен
КОЧКОР-АТАДА МАЙРАМ ЖЕ «ДОРДОЙДУН» ДООРУ БҮТТҮБҮ?
№4140 2132 2
3-октябрда Кочкор-Атада чемпиондук үчүн айыгышкан күрөш жүргүзүп жаткан “Нефтичи” менен “Дордой” өз ара кылыч кайрашты. Чемпиондуктун аякташына саналуу оюндар калганын эске алсак, бул оюндун жеңүүчүсү абалын бир топ эле жакшыртып алмак...
толугу менен
РОЙ ЖОНСТУН БЕТТЕШИ ЖЫЛДЫРЫЛДЫ
№4140 2065 0
Апта башында Рой Жонстун 7-октябрга пландаштырылган беттеши болбой тургандыгы маалым болду. Беттеш мушкер өзү туулуп-өскөн Пенсакола шаарында өтүп, ага каршы рингге чыгууга Дэнни Сантьяго даяр турган. Беттештин белгисиз мөөнөткө калтырылышына Ройдун машыгуу учурунда алган жаракаты себепчи болду...
толугу менен
КУБАЛЫК СПОРТЧУ АЙЫМ АБИЙИРИН САТУУНУ ЧЕЧТИ
№4140 2304 -1
Кубалык жеңил атлетчи Ослейдис Менендес Афины Олимпиадасында жеңип алган алтын медалын сатууну чечти. Сыйлык е-Вау интернет-аукционуна коюлуп, анын башталгыч баасы 30 миң долларды түздү. Менендес ага атак-даңк жана абийир алып берген сыйлыгын сатууга эмне себеп болгонун айткан жок...
толугу менен
ДАНИЯРГА – ДАҢК, УРМАТ МЕНЕН ШАДЫБЕККЕ – АВТОУНАА...
№4142 4657 8
30-сентябрда КРнын Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү белгиленди. Жыл ичинде ийгиликке жетишкен спортчулар сыйланышты. Аларды куттуктоо үчүн өлкө президенти Роза Отунбаева өзү келди.
толугу менен
Канатбек Сыдыгалиевдин жубайы Айжан: «БРАЗИЛИЯДАН ФУТБОЛ КӨРҮҮНҮ ЭҢСЕЙБИЗ»
№4143 5232 4
“Бакыт деген эмне?” деп суроо узатканымда, бул түгөйлөр кучагында талпынып турган баласы Жоомартты көрсөтүп, “бул күнгө чейин ансыз кантип жашап келгенибизди билбейбиз” дешти. Кичинекей Жоомарттын атасы кикбоксчу Канатбек Сыдыгалиев жана апасы Айжан биздин “Жан шерик” рубрикабыздын коноктору.
толугу менен
КУБОК МЬЯНМАДА КАЛДЫ
№4131 2088 0
26-сентябрда Мьянма өлкөсүндө АФКнын президентинин кубогу жыйынтыкталды. Анда өлкөбүздүн намысын коргогон «дордойчулар» финалда жергиликтүү “Яданарбон” командасына жеңилип калышты. Оюндун негизги бөлүгү тең чыгуу менен аяктап, кошуп берилген убакытта үй ээлери жеңиш голун киргизе алышкан...
толугу менен
«НЕФТИЧИ» «АЛГАГА» ЧАЛЫНЫП ТҮШТҮ
№4130 2275 0
26-сентябрда Бишкектеги «Спартак» стадионунда улуттук чемпиондуктун көч башы – «Нефтичи» упай жоготту. Жергиликтүү “Алга” менен болгон оюн 1:1 эсебинде аяктады. Оюндун жүрүшүндө кочкор-аталыктар 2 ирет пенальти тебүү укугуна ээ болсо да, 2 жолу тең топтун жолун «Алганын» дарбазачысы тосуп алды...
толугу менен
ЧИНГИС БОРБАШЕВ КАЗАКТАРДЫН ФОБИЯСЫБЫ?
№4130 2449 0
Өткөн аптада мушкерлерибиз коңшу Казакстандын Алматы шаарынан дагы олжолуу кайтышты. Мындан бир нече апта мурда эле Астанада өткөн мелдеште ийгилик жаратышкан эле. Кызыгы, бул жолу да керекке Чингис Борбашев (81 килограмм салмакта) жарады...
толугу менен
АЯЛДАР ЭРКЕК СПОРТУНДА
№4133 4167 2
Учурда эркектер менен аялдардын спортунун ортосунда чек жоголуп бараткансыйт. Бул тууралуу жеке уруш түрлөрү менен алектенген спортчу айымдар эмне дешет? Айымдардын “эркек спорту” деп саналган спорт түрлөрү менен алектенүүсүнө дүйнөлүк жана жергиликтүү спортчунун мисалында назар салып көрдүк.
толугу менен
АЛИНА КАРАСАРТОВА
№4134 4725 3
Кыргыздын суйкайган сулууларынын арасында эркектердин спорту менен алектенип келаткан айымдар да бар. Келечектен көптү үмүттөндүргөн спортчу Алина Карасартова эмне үчүн эрежесиз эр мушташты тандагандыгы тууралуу айтып берди.
толугу менен
КАЗАКТАРДЫ ЖАЙЛАШТЫ
№4121 2565 0

18-19-сентябрда Алматыда ушу боюнча Казакстандын кубогу үчүн Эл аралык мелдеш өттү. Ага бизден “Гермес-профинин” 6 мушкери (Улукбек Маматов, Мирбек Сүйүнбаев, Алексей Федосеев, Айбек Дүйшөнбиев, Сталбек Дарканбаев жана Мирлан Ибраимов) жана ушу чебери Алмаз Тойчуев катышып келишти...


толугу менен
«НЕФТИЧИ» ЧЕМПИОНДУККА УМТУЛУУДА
№4120 1978 0
Ушул тапта улуттук чемпиондугубуз чечүүчү учуруна келди. Сезондун аякташына саналуу оюндар калганда мелдештин жадыбалында революциялык жагдай түзүлүп отурат. Сезондун башында быйыл да чемпиондук күрөш «Дордой» менен «Абдыш-Атанын» ортосунда жүрөт деп божомолдонгон...
толугу менен
ЧЕМПИОН ТЕҢ ЧЫГУУДАН БАШТАДЫ
№4120 2199 0
14-15-сентябрда УЕФАнын ЧЛсынын 2010-2011-жылкы сезонунун тайпалык 1-тур оюндары болгонунан кабарыңыз бар. Футбол күйөрмандарынын назарына анда катталган натыйжаларды сунуштайбыз. Ал эми кийинки 2-тур оюндары 28-29-сентябрда өткөрүлөт.
толугу менен
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо