Жалгыз бой атанын башынан кечирген окуясын угуп отурдум. Карыя агынан жарылып ичтеги арманын да, кубанычын да төкпөй-чачпай баяндай берди...
– Билимдин булагына сугарылып, чындыгында, жаман адам болгон жокмун. Апамдын сөзүн эки кылбадым, дүйнөнү кыдырдым, тил үйрөндүм, миӊдеген адамдар эӊсеген жакшы жумушка орноштум. Сырттан караган адамга мен эӊ бактылуудай болуп сезилем...
– Адилет экөөбүз тез эле жакын болуп кеттик. Биздин ынак мамилебиз түбөлүктүүдөй туюлчу. Адилет да үйрүлүп менин көӊүлүмдү карайт. Мындан артык мага эмне керек эле өзүм да түшүнбөйм. Балким, жаштык кылып жаттым...
Тагдырга таӊ калам. Жашоодо бир нерсени жек көрсөӊ, ошол нерсе сенин башыӊа келет экен. Себеби мен эмнени жек көрсөм, ошол нерсе жашоомдо өз башымдан өтүп жатат. Анда кеп башынан болсун...
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |