Ылгоо: күнү | кароолор | пикирлер | рейтинг боюнча
ЖОЛБОРСТОР МЕНЕН ИШТӨӨДӨ АМАН КАЛУУГА КЕПИЛДИК ЖОК
№3230 4207 0
Жагымдуу маанай, күлкү тартуулаган оюн-зооктордун булагы болгон циркте жаныбарлардын кишилер менен тил табышып, алардын айтканы менен болуп жүргөндөрү жаш балдар эле эмес, бардыгыбыз үчүн кызык. Ар бир жаныбардын мүнөзүн сезе билген үйрөтүүчүнүн кесиби тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн учурда Бишкекте жүргөн Москва циркинин жолборс үйрөтүүчүлөрүнө кайрылдык. Алар Орусиянын белгилүү жаныбарларды үйрөтүүчүлөрү – Багдасаровдордун династиясы. Бул династиянын өзгөчөлүгү жалаң жолборстор менен иштешкенинде. Михаил Ашотович Багдасаров кезегинде СССРдин Эл артисти болсо, балдары Карина жана Артур Багдасаровдор учурда Орусиянын Эмгек сиңирген артисттери.
толугу менен
ОТУН-КӨМҮРҮҢ БАРБЫ, БУРАДАР?
№3220 3944 0
Аяздан колу-бутуң чымырап үшүп, үйгө кирип келериң менен жагымдуу жылуулукка чулгансаң кандай гана рахат! Бирок, жылдан-жылга эле ушундай рахаттын баасы кымбаттагандан кымбаттап баратат...
толугу менен
2009-ЖЫЛЫ БИЗДИ ЭМНЕЛЕР КҮТӨТ?
№3220 4117 0
Ар бир жыл ар кандай окуяларга бай эмеспи. Андыктан, жыл аягында арт жакка кылчая карап, эмне окуялар болгону тууралуу жыйынтык чыгарабыз. Ошол эле кезде “келерки жылы бизди эмнелер күтөт?” деген суроо кызыктырбай койбойт. Бул жаатында Бишкектеги көзү ачыктар менен төлгөчүлөргө кайрылган элек. Алардын 2009-жылга карата божомолдору төмөнкүчө болду...
толугу менен
Кыргызстан – Аяз атанын мекени
№3210 13504 0
Кылымдар бою жашап келе жаткан ак көңүл, жаш балдардын каалоо-тилегин орундаткан сыйкырчы, чоң куржун асынган Аяз ата ким? Анын мекени кайда? Башка өлкөлөрдөгү аталышы кандай экени сизге кызыкпы? Анда төмөнкү макалага көз жүгүртүңүз...
толугу менен
УЙ ЖЫЛДАРЫНДА КАНДАЙ ОКУЯЛАР БОЛГОН?
№3210 4786 0
Тынчы жок Чычканды дагы он эки жылга узатып, «мына-мына кирип келем» деп учурда Уй босогодо турган кез. Бул жылды тосуп алардын алдында биз артка кылчайып, акыркы 80 жыл аралыгында дүйнө жүзүндө, күнөстүү мекенибизде Уй жылдарында кандай иштер, окуялар болгондугуна көз чаптырдык.
толугу менен
2008-ЖЫЛ КЫРГЫЗДЫН ТАРЫХ БАРАКТАРЫНДА...
№3200 4227 0
«Оо, арман, арман, арман, арман,
Бул дүйнө кимден, өтүп кимден калган?
Ааламда эмне кыска? Өмүр кыска,
<Кызыгын бир көрсөтүп колдон алган»,
- деп Түгөлбай Казаковдун ыр саптарында айтылгандай, сапары карып бараткан 2008-жылы кыргызым бир эмес, бир нече дөө-шааларынан ажырады. Ушул жылы Чыңгыз Айтматов, Асанхан Жумахматов, Дооронбек Садырбаевдер баш болгон эмгеги опол тоодой инсандарыбыздан айрылдык. Анысы аз келгенсип, бортуна 90 адамды салган учак кырсыкка учураса, бир жагынан жер силкинип бүтүндөй бир айылды апаатка туш кылды. Какаганга муштаган болуп, суусу молдугу менен сыймыктанган мекенибизде суу жок, жарыксыз калдык. Ошентсе да, кирип келген жаңы жылыбыз «жакшылыктардын, ийгиликтердин жылы болсун» деп тилек кылалы.

толугу менен
БАЛА КАЙСЫ МААЛДА БОЙГО БҮТСӨ, ОШОЛ МААЛДА ТӨРӨЛӨТ
№3200 31852 2
Ыңаалап ыйлаган наристенин керемет үнү кимге гана бакыт тартуулабайт. Мына ошол бакытка алгач акушерлер бөлөнүп, бул жарык дүйнөгө келген наристени биринчилерден болуп колуна алышат эмеспи. Эне менен баланы бир бүтүн кылып байланыштырып турган киндикти кесип, жарыкка келген балага өз алдынча жашоого биринчи көмөгүн берген да акушерлер. Адатта акушер дегенде бул кесиптин ээлерин аялзаты катары элестетишет. Бирок, алардын катарында аялзатынын эң эле оор түйшүгү – эне болуу түйшүгүн эң жакшы сезе билген эркек акушер-гинекологдор да бар. Биз сөздүн ток этер жерин ошол эркек акушерден баштайбыз. Бүгүнкү каарманыбыз баш калаанын №4 шаардык перинаталдык борборунун акушер-гинекологу
Тимур Абдушахманов болмокчу.

толугу менен
2008-ЖЫЛДЫН АЛГАЧКЫ СУПЕРЛЕРИ АНЫКТАЛДЫ
№3190 3910 -1
2008-жылдын “Супер депутаты”
Бул наам боюнча тандоодо Аскар Салымбеков менен СДПКчы Бакыт Бешимов озуп чыгышкан. Элдин добушу бирде “Ак жолчу” депутатты көздөй оосо, бирде СДПКчыны көздөй жылып отуруп, чечүүчү мезгилге келгенде Бакыт Бешимов Аскар Салымбековду 5 добуш менен артка калтырды.

толугу менен
«БИШКЕГИМ,БИШКЕГИМ, БОРБОРУМ СЕН...»
№3180 27388 0
Дүйнөнү түрө кыдырып, миң түркүн укмуш шаарларды көрсөң да, өзүңдүн борбор калааң жүрөгүңө жакын. Союз учурунда “эң жашыл шаар” деп бекеринен аталбаган биздин борбор шаарыбыз бир келген кишинин жүрөгүнөн түнөк таппай койбойт.
толугу менен
УТРКда КҮН САЙЫН ДЕБАТ ЖАНА «ПЛЕВАТЬ» ...
№3170 3934 0
Улуттук телерадио компаниясынын алдындагы “кадр чыр-чатактары” ушуга чейин имиш болуп келди эле, эми минтип чоң чатакка айланганы турат. Нааразычылык акциясы менен чыккан УТРКнын кээ бир кызматкерлери “Эшимкановду ээрден оодармайынча жөн койбойбуз” дегендей катуу чыгышып, «бир эле күн эмес, күн сайын маалымат жыйынын өткөрөбүз» деп жатышат.
толугу менен
КУРУУЧУ БОЛБОЙ ҮЙ БОЛБОЙТ
№3170 6109 0
Борбор калаабызда акыркы жылдары жайдын аптабы болобу, кыштын кыраан чилдеси болобу, көк тиреген мекемелер, кооз турак-жайлардын биринен сала бири курулуп жаткан учуру. Куруучулардын жашоосуна биз да кызыгып, бир баш багып көрүүнү чечтик.
толугу менен
«ЖЕТИ ЖАШЫМДА УЯДАН БҮРКҮТТҮН БАЛАПАНЫН АЛГАМ»
№3160 9233 0
Ителги, ылаачын, жагалмай, турумтай, күйкө, бүркүт таптаган адамдардын баары жалпысынан мүнүшкөр деп аталат. Илгери ата-бабаларыбыз мүнүшкөрлүктү кесип көрүп, куш таптоо үчүн бардык убакыт-саатын, болгон дитин, иш-аракетин жумшашкан. Учурда мүнүшкөрлүк кесип эмес, айрым гана адамдардын сейрек кездешүүчү хоббисине айланды. Бүгүнкү биздин каарман Бишкек шаарынын тургуну Бейшенаалы Көпөбаев24 жылдан бери бүркүт таптоо менен алек болуп келет. Ал мындай өнөрдү түпкү теги болгон Ат-Башынын мүнүшкөрлөрүнөн мурас­тап алганын айтат.
толугу менен
БАШ КАЛААДАГЫ ЧОҢ СААТ –ЖОЛУГУШУУЛАРДЫН ОРДОСУ
№3150 4908 0
“Кел, сааттын алдынан жолугушалы” деп сүйүшкөндөрдүн болжошкон жолугушчу жерин кимдер гана билбесин. Борбор шаарыбыздын так ортосуна орнотулган бул саат мүнөт санап, секунд санап жебесин акырын жылдырып отуруп, канча жылдарды санабады. Бул сапар шаарыбыздын көркүнө көрк кошкон Бишкек сааты тууралуу окурмандарга кеп куржунун ачып берүүнү чечип, борбор шаарыбыздын так ортосуна саякатка жөнөдүк.
толугу менен
КЫТАЙДАН КЕЛГЕН АЗЫКТАР ЖЕ АРЗАНДЫН АЗАБЫ КӨППҮ?
№3140 4545 0
Учурда кытай товарлары дүйнөлүк рынокту бийлеп турган кези. Ар өлкөдөн ”Made in China” деп штампталган товарларды кадам сайын кезиктирүүгө болот. Ал эми биздеги рыноктордун 80 пайызын кытай товарлары ээлей турганын айрымдар билбесе керек. Айрыкча Кыргызстанда тамак-ашка болгон баа кескин көтөрүлө баштагандан тартып, базарларда арзандыгы үчүн кытай азыктарына суроо-талап жогорулады. «Арзандын тузу татыбайт» дегендей, сапаты жагынан бардык эле кытай тамак-аштары талапка жооп бере албастыгын көпчүлүк баамдабайт.
толугу менен
ГЕЗИТ КАНТИП ЖАРАЛАТ?
№3140 5346 0
Гезитибизди үзбөй окуган окурмандарыбыз көп. Аларга гезит беттерине чыккан макала, материалдар менен катар гезиттин өзү кантип жаралары да кызык экени турган кеп. Илгери гезитти чыгаруу үчүн ар бир сөздү атайын машинада тамгалап курап чыгуу зарыл болсо, азыр техниканын өнүгүшү менен ал процесс бир кыйла жеңилдеп калган. Андыктан, урматтуу окурмандар, сиздерди гезиттин жаралыш сапарына «ММКларды колдоо боюнча борбор» коомдук фондунун басмаканасына саякатка чакырабыз.
толугу менен
ТЕЗЕКТИН ОРДУНА ГЕНЕРАТОР...
№3130 5900 0
Жергебизде электр жарыгын үнөмдөө башталгандан тарта шамга, чыракка, генераторго талап өстү. «Совет мезгилинде генераторду чабандар колдонушкан» деген түшүнүк болсо, азыр мүмкүнчүлүгү барлар гана колдоно башташты. Негизи, үй тиричилиги үчүн колдонулуучу генераторлордун бензин, дизелдик күйүүчү май жана газ менен иштей тургандары бар. Бизде бензин менен иштөөчүлөрү көп болгондуктан, мындай генераторлор тууралуу маалымат топтоо үчүн “Дордой” базарына сапар тарттык.
толугу менен
КАЗАНЧЫНЫН ӨЗ ЭРКИ, КАЙДАН КУЛАК ЧЫГАРСА ДЕЧҮ БЕЛЕ?..
№3130 3986 0
Буга чейин 1-ноябрдан баштап жарыкты өчүрүү бүткүл Кыргызстан боюнча токтотулары айтылып келсе, 29-октябрдагы Өкмөт жыйынында энергетика министри С.Балкыбеков “3-ноябрдан баштап өчүрүлбөйт” деп билдирди. Бирок, бир шарт менен...
толугу менен
СДПК фракциясынын төрагасы БАКТЫБЕК БЕШИМОВ: “БИЙЛИК ЖАНА БАЙЛЫК ТАНДЕМИ КЫРГЫЗДЫ КУРУТУП ЖАТАТ”
№3120 4039 0
Республикабызда учурдагы кырдаалды стабилдүү, бейпил деп айтууга болбойт. Көпчүлүктү, анын ичинде бизди да түйшөлткөн суроолорубузга жооп алуу иретинде парламенттеги СДПКнын фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимовду кепке тарттык. Башкалардыкынан айырмаланып, ажонун эмес, Исхак Раззаковдун портрети илинген кабинетинде отуруп, СДПКчы депутат төмөнкүлөргө токтолду...
толугу менен
ЖОЛ ЧЫРАК КАЧАН ПАЙДА БОЛГОНУН БИЛЕСИЗБИ?
№3120 32636 0
Азыркы учурда машина адамдын канатына айлангандан тарта, кайсы жерде болбосун кыймыл көбөйгөндөн көбөйүүдө. Ошондон улам адам, жол коопсуздугу үчүн ойлонуп табылган жол чырактын маанилүү ролун эч кимибиз тана албайбыз. Жол кыймылын жөнгө салып турган бул система тууралуу кеп козгоону туура таптык.
толугу менен
ЖҮРГҮНЧҮЛӨРДҮН КООПСУЗДУГУ АЙДООЧУНУН КОЛУНДА
№3120 3618 0
Биз, баш калаанын жашоочулары, буларсыз турмушубузду бир күн да элестете албайбыз. Каалаган жериңен токтоп салып алып, каалаган жериңен түшүрүп койгон маршрутка айдагандардын кызматынан “крутойлордон” башкалардын баары эле пайдаланышат. Андыктан, жалпыга пайдалуу бул жумушту аркалап келе жаткан айдоочулардын кызматы менен таанышууну чечтик. Борбор калаабыз боюнча карап чыгып, орточо айлампадагы 202-маршрут каттамын тандап алдык.
толугу менен
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо