Башына чыгыш жоолугун салынып, чөл кезип, дербиштин кейпин кийип ырдаган Мистер Кредо чындыгында эле табышмактуу адам. Анын табышмактуулугу ырларында, өзүнүн эч кимге окшобогон имиджинде жана сырга бекем мүнөзүндө. Ушундан улам Мистер Кредонун көзүнүн өңүн, улутун билбей келгендер бар. Анын “Мама Азия”, “Медляк”, “Чудная долина”, “Я улетаю” деген ырлары миңдеген мызыка күйөрмандарынын жүрөгүнөн орун алып келет.
Жакындан бери «Махабат арманы», «Гүл бактамын», «Кыял мырзасы» аттуу ырлары, татына жүзү менен көпчүлүктүн, анын ичинде жигиттердин көңүлүн бурдуруп келе жаткан
Бактыгүл Бадыева менен тааныштырабыз.
Бактыгүл 1985-жылы 29-майда Ошто төрөлүп, Токмокто өскөн. Музыкадан тышкары сууда сүзүүнү, түрдүү тамак-аштарды даярдаганды жакшы көрөт. “Жашоо керемет жана таңкалаарлык” деген девизди туу тутуп...
Жолдошу Мирлан менен дуэт ырдоодон тышкары “Арман эй”, “Сагынам”, “Кумарым” жана башка түркчө, англисче ырлары менен эл оозуна алынган Асел Кыдыкова эки жылдан бери сахнадан көрүнбөй келет. Буга анын сахнаны таштап, Кудай жолуна түшүп, беш маал намаз окуп кеткени себеп болгонун көпчүлүк билсе керек. Биз билген ырчы кыз азыркы убакта эмне менен алектенип жүргөнү тууралуу Аселдин өзү менен маек курган элек. Кызыгы, Асел атайын гезитке сүрөткө түшүп берүүдөн баш тартты...
Кыргызча котормосунда “Кара тактуу буурчак” деген түшүнүктү берген бул топ учурда дүйнөнүн бардык бурчунун дискотека, клуб, радиолорунда айрыкча “My Humps” жана “Pump it” аттуу ырлары менен өзгөчө популярдуулукка ээ болуп жаткан кези.
Уилльям Жеймс Адамс
Ырчы 1975-жылы 15-мартта АКШнын Лос-Анжелесинде туулган. 3 бир туугандын эң кичүүсү. Кичинекей кезинен бери эле белгилүү бий түрү “брейк-данс” менен алектенет. 8-класста окуп жүргөн мезгилинде...
«Принцесса», «Девочка ночь», «Спасти любовь» аттуу ырлары менен жаштардын сүйүктүү тобуна айланып, популярдуу боло баштаган «Дэль Мар» тобу менен тааныштырабыз.
– “Дэль Мар” бул испан тилинен которулганда “көлдүн жээги” дегенди билдирет. Ролан экөөбүз бир жарым жыл мурун Сардар менен көлдүн жээгинен таанышканбыз. Ошондон улам топтун атын ушундай коюп алганбыз. Топ түзүлө электе Ролан экөөбүз шаардагы ресторандардын биринде ырдачубуз. Ал эми Сардар менен таанышкандан ...
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |