Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Султан Садыралиев "Күнөөмдү кечир, Алла"
Жанр:Фольклор
00:05:39
71,28 Мб
Жүктөлгөн: 12-02-2014


Сөзү:Б. Жамгырчиевдики
Обону:С. Садыралиевдики

Жарык турса нур толгон жансыз күнгө бекиндим,
Жармашыпмын шайтанга теңин булгап бетимдин.
Карегимди дат басып, аруулукту табалбай,
Жаштыгымдын далайын жардан алыс кетирдим.

Көздү нечен май басып жолду көрбөй эсирдим,
Көкүрөгүм муз болуп барксыз күндү кечирдим.
Жамандыктан кайтарчу жалгыз өзүң бир Алла,
Жаркын жолго жетелеп күнөөлөрдү кечиргин.

Кайырма:

Алла, Алла, Алла,
Күнөөмдү кечир, Алла.
Алла, Алла, Алла,
Тозоктон сакта, Алла.
Ля Иляха илля Ллах, Мухаммадун – расулю-Ллах

Сактай көргүн, Жараткан, көкүрөгү сокурдан,
Калыстык бер чалдарга наркын сатып отурган.
Ыйлап сурайм, Аллахым, ал күндөрдү кечиргин,
Ыйманымды тарталбай никеси жок кошулган.

Бийлик үчүн намысын сойчуларды кечиргин,
Эл ырысын соодалап тойчуларды кечиргин.
Аруулугун жоготуп, битке турбас сом үчүн
Абийирине чок түшкөн сойкуларды кечиргин.

Кайырма:

Өлбөчүдөй күн көрүп жашап калдык жан сабап,
Өзөгүбүз күйүүдө аракечтик аркалап.
Келечеги жоголуп, багытынан адашкан,
Бир тууганды кечиргин жолдо жаткан чалкалап.

Баскан-турган жолуңдан кайдигерлик коштолуп,
Багытыбыз бузулду шайтан күчү топтолуп.
Бара турган жерибиз жарыгы жок түн беле?
Жанчылууда акыл-эс жан дүйнөбүз бош болуп.

Кайырма:

Жаңылууну кечиргин билип-билбей жасаган,
Жардам сурап журт үчүн карегиме жаш алам.
Барарыбыз кара жер, аларыбыз бир кепин,
Баарыбызды пенде кыл намаз мене жашаган.

Кайырма:
  • Currently 4.88/5
(25 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (78)

12.02.2014. 19:51
 bander
Ыраазымын ушундай ырды ырдаганынызга, Азаматсыз. Мындан ары маанилуу, адамга тарбия беруучу ырлардан ырдоонузду суранам. Ийгилик.
12.02.2014. 19:55
 samat220888
Жаратканым ыйман берсин баарыбызга
12.02.2014. 21:09
 jora.kg
Аллах ыраазы болсун!
12.02.2014. 23:36
 mikasso
Sultan brat seni ayabai syilaiym Chygarmachylygyndy baalaim Bardyk yrlaryn jagat>>> Molodes
Ushundai maaniluu yrlardy jarata ber>>>
12.02.2014. 23:40
 sneg88
сонун ыр болуптур ырыныздын омуру чексиз болсун
13.02.2014. 00:52
 Daiyr.95.04.11
Soonun soz jok iigilik baike.yimanga chakyrgan yrlardy dagyda jarata beriniz
13.02.2014. 01:22
 aman94el
ИншаАллах Аллах таала баарыбызды кечиргин жаман жолдон озу сактасын аамин аамин аамин сизге да чоон рахмат бир сыйра ыйлап да алдым эн сонун ыр супер ыр жана супер создор!!!!!
13.02.2014. 03:12
 gul_kiz
ИншаАлла Азаматсыз!С.Садыралиев баардык кайгылуу ырларды жеткиликтуу ырдайт угуп жатып козумо жаштар келди.......Оо Аллахым баардык пенделеринин куноолорун кечиргин.
13.02.2014. 03:27
 Destro
абдан сонун алга жигит дагы
жакшы чыгармаларынды кутобуз....
13.02.2014. 03:44
 ilgiz-kg01
уккулуктуу ырдагансын азамат
13.02.2014. 05:06
 name.pfs
EN soonun chygarma...ech kandai udarnyi ,Bas gitara degen symaal nerseler jok...ununuz ayabai soonun,manyzduu ,sozunu yabai maaniluu...azamatsyz Sultan bAike!Birok_Bawka Studiyadan jazdyrsanyz bolmok,kachestva goloso ancha emes bolup kalyptyr...owo ele >)
13.02.2014. 05:07
 altun.kairat
Ар дайым ырларынды берилуу менен угам,ийгилик
13.02.2014. 05:13
 altun.kairat
Мыкты обон азамат...
13.02.2014. 05:15
 altun.kairat
Созуно соз жок
15.02.2014 20:13
sambo
Эн соонун соз жок. Азаматсыз Султан байке. Аллах сизден ыраазы болсун. Сиз кандай ыр ырдабасаныз ийнине жеткире ырдайсыз. Сиздин концертинизди чыдамсыздык менен кутобуз.
13.02.2014. 06:40
 rnurzida
Супер.
13.02.2014. 07:00
 nurchik91
Алла ыраазы болсун! Жараткан Алла журогунуздорго ыйман берсин!
13.02.2014. 10:02
 Talastan
Азамат
13.02.2014. 10:54
 banks
Коро албагандарга кулагына сырга ыр экен.... кечирсин силерди да... бул ыр менен канча адам ойлонуп иш кылаарын эске алсан да болот...
13.02.2014. 11:27
 janno4ka
Тарбиялуу ыр экен, абдаан сонун азаматсын Султан дагы да чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!!! Султан сени сагындык чыдамсыздык менен концертинди кутобуз.
13.02.2014. 11:59
 bishkek.kg
просто супер! я обожаю все ваш песни,и ваш голос.Желаю вам удача и успехи !
13.02.2014. 13:27
 aitumar
Sultan ar bir yrdy jetkire yrdait negizi unu da soonun azzamat
13.02.2014. 14:46
 Тынчтыкбек Айылчиев
Султан брат жакшы клип болуптур ийгилик уну чынында эле керемет
13.02.2014. 15:02
 bopos
сабак болчу ыр экен,ийгилик сага дагы жакшы тарбия бере турган ырларды жаратып журо бер.сураныч бирок кийинкилеринде комуз менен ырдачы.
13.02.2014. 15:19
 kalys07
Султан байкенин ырларын уксан эс аласынго мага жагат Султан55555
13.02.2014. 15:23
 Altuna
Молодец!Ушул ырына Алла ыразы болсун. Вот послушав,понимаем насколько мы грешны. Вместо того,чтоб писать всякую ерунду,лучше дуа за родителей кылгыла.
13.02.2014. 15:26
 LISICHKA
Куноосуз адам жок,бирок ошону монга алып кудайдан кечирим суроо бул биздин милдет.Азаматсын Султан,ийгилик каалайм.
13.02.2014. 18:18
 erdem2014
Allahtyn jolunda bolup Allany danazalagandyn, yzatyn darajasin Allah kotorup, Danazalayt. Masha Allah jakshy...
13.02.2014. 18:22
 azat_sokrat
Азаматсын Султан добраны катыра чертетта мазмундуу ырлар менен
13.02.2014. 19:26
 Samat.A.A
Чыныгы талаттуу жигит. Бир ырлары манилу,бар бол ар дайым)
13.02.2014. 19:36
 ALAi..14
Эн сонун соз жок,талантыныз ташкындап дагы коп жакшы ырларды жарата беруунузду Алла насип кылсын,баарыбызга Алла Таалам ыйман берсин!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: