Султан Садыралиев, Чыңгыз Турдубеков "Кайдасың?"
Жанр:Поп
00:03:37
37,31 Мб
Жүктөлгөн: 16-07-2013


Билинбей күндөр узап,
Сагынычым үмүт менен жол карап.
Жалындап күйүп-жанат,
Көңүлдөгү жандырмаксыз табышмак.

Кайырма:
Кезигүүнүн издеп келем айласын,
Ойлор курчайт таппачудай пайдасын.
Супсак сымал күңүрт алып айлана,
Жалгызсырап буулугамын, кайдасың?

Тамчылайм ак жамгырдай,
Шаркыраймын көл издеген агындай.
Асманда жалгыз куштай,
Теңселемин шамал соккон булуттай.
  • Currently 4.80/5
(5 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (118)

17.07.2013. 10:25
 FIANIT
Мага Чыңгыздын ырдаганы, өзү, ырлары жагып жүрөт. Билинбегени менен аябай эле таланттуу жигит экен. Гүлжигит Калыковдун "Кайрылбаймын" ырынын, Назира Кадыеванын жана көптөгөн белгилүү ырчылардын ырларынын автору дал ошол жигит экен. О.э. канчалаган аспаптарда ойнойт да экен. Ийгилик Чыңгыз!
17.07.2013. 12:33
 Laden
Супер Супер ыр!!!жагат мага.
17.07.2013. 12:37
 Debi
Чыңгыз абдан таланттуу жигит турбайбы! Үнү да сонун экен! Актер жигит болсо, тим эле маңдайы жарык, сүйгүнчүк экен. Кыргыз киносунан кабелтең орун ала тургандай. Өсө бергиле иши кылып, таланттуу жаштар, элди бир аруулукка сугарбасаңар болбой калды.
17.07.2013. 13:00
 Jakusya
snejinka, MaRmeLaDka,
Бул мырзанын аты Амантур, Жаштар театрында ойнойт болуш керек, жаны чыгып келип жаткан актерлордун бири экен.
Билген маалыматымдан болуштум))) Айнура эженин клибинен коруп мен да жактыргам)))
17.07.2013 13:58
snejinka
Jakusya, рахмат!!! бирок мага бул маалымат аздык кылат %)) эн негизгиси уй-булолук абалы деген суроого жооп кутом))
17.07.2013 14:13
Jakusya
snejinka,
Журогунун ээсин бар или жогун билбейм, но бопбойдок))))
17.07.2013. 13:00
 Baltuwka
Султан кандай ыр ырдабасын Султанда журок бар. Азамат! Ушул баланын Талантын сыйлайм.
17.07.2013. 13:10
 Zemlyanin
Респект Суля брат Красава!!!! Чика вроди новый в шоу бизе дерзай мы тебя поддержим!
17.07.2013. 14:10
 aijanajana_7
super.Soonun boluptur..alga
17.07.2013. 15:40
 nurperishka05
сонун ыр чынгыз турдубеков алга
17.07.2013. 16:33
 bakyt.anara
Барибир Султанда озгочо талант бар, образга кирип ырдайт эмотция менен молодец Султан чыгармачылык ийгилик.
17.07.2013. 16:35
 kuyorman
Кино эмне жонундо? Жакшы тартылган окшойт ээ? КАчан чыгат?
17.07.2013. 17:54
 rayana86
kliptegi balany maeke 4akyrgyla4y super info jagyp kaldy (((
17.07.2013. 18:51
 NADUW
домбрасын толук чертпегенден кийин таштап эле койбоптур.тили казакчага бурулгансып кеткенби?! мага ошондой сезилди.
17.07.2013. 19:33
 Bekish-kg
эмне добра чертип ырдаган?комуз болбойт бекен?!!!!же султан казакбы?
17.07.2013. 20:28
 anas
komuz menen ele yrdabapsyn da? kazaktar maktanat emi. birok men kazak yrchynyn komuz menen yrdap chykkanyn koro elekmin..
17.07.2013. 20:52
 anara85
ээээээнннннн жакшыыыыыыыыыыы алгааааааа !!!!!!!
17.07.2013. 22:13
 kg_07
nusi95 dombranin orduna komuz mn 4iska dele taanylmak je emne el dombra korbobputrbu anisi mn taanylgandai! komuz kotorup 4iksa budan da jakwi sozdor aitylmak maktamak daje emnege maktamak emes komuz kotorup 4iksa! ozubuzdun aspapty ozubuz kotorbosok ne kazaktar je orustar kotormok bele I tak dele kul kilip jatiwat baikuw kirgizdardy! ki4ine bolso da patriot bol4u !
18.07.2013 01:54
nusi95
kg_07, кечириниз мен домбраны эл коргон емес дебедим.ошол башында домбра менен чыкканда деле угуп журбодук беле. экинчиден патриот Елемин иншаллах султандын канында казактын да каны бар. казак кыргыз деп болгондун кереги жокко.
17.07.2013. 22:43
 slanting
комуз менен ырдаса болмок!!!
18.07.2013. 06:34
 Chikarito10
Комуз мн ырдаганында дагы да мукамдуу чыкмак. Анткени комуздан чыккан куу домбрадан кыйла эле жандуу жана журокко жетиши бачым. Кантседа жакшы чыгарма, ийгилик болсун!
18.07.2013. 07:38
 yylkan
алга Султан ийгилик сонун экен!!!!
18.07.2013. 12:41
 adalsvards
Султан менен Чыңгызыңарды билбедим го, бирок мову актёр жигит катуу кызыгууну пайда кылватат! Буга чейин кайда жүрдү экен, ыя? :)
23.07.2013 19:30
shanushka
adalsvards, men da ayabay kisiguu ajratip atat ayabay suykumdu bala eken kozdoruuuuuuuuuuun ozuncho ele keremet go !
18.07.2013. 14:54
 emilbekov_90
jakwu ur eken jaktu maga,
18.07.2013. 17:25
 moon_honey
Султан азаматсың!Талантыңа таазим..Султандын үнү аябай сонун жүрөккө жеткирип ырдайт.
18.07.2013. 19:29
 Tyncha_89
Salam super.kg saityna videonu kantip juktoso bolot munkun bolso aityp koiosuzdarby men jany koldonuchumun aldyna ala rahmat
18.07.2013 19:32
admin_media
Tyncha_89,
Саламатсызбы!
Бул шилтеме аркылуу кирип жол-жобосун үйрөнүп чыксаңыз болот.
http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=9151
18.07.2013. 19:58
 Tyncha_89
choon rahmat
18.07.2013. 20:56
 beko-
жакшы ыр экен
18.07.2013. 23:09
 aida92
салам достор клипке5 ал эми созуно да 5 коем аа обону болсо кан досумдукуго бул жагын жакшы иштешпептир
19.07.2013. 01:52
 ainura220888
Клиптеги баланы бир коруп суйуп калдым.
19.07.2013. 03:04
 asylzat_meka
жакшы ыр экен!аябай жакты!
19.07.2013. 15:11
 koroleva_zimy
Сонун ыр экен. Эххх, жакты!
19.07.2013. 22:43
 aksana96
bul ne degen kino tuwunuksuz yrdy buzuwuptur ka4estvosu da abdan na4ar eken, a bul yr menen oorup jurom eger klipke ak4asy jok bolso men sponsor bolom
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: