МИРБЕК ИМАНБЕКОВ: МЫНДАЙ ОКУЯ БУГА ЧЕЙИН ШОУ-БИЗНЕСТЕ БОЛГОН ЭМЕС
№21100
Ырчылардын сүйгүнчүгү, канчалаган кыздардын жүрөгүн сыздатып, жада калса көздөрүнөн жаш агызган Мирбек Иманбеков өзүнүн борбордогу экинчи жолку концертин элине тартуулоо алдында турат. Анын бетачар концерти жай айынын башталышында болуп көрбөгөндөй аншлаг менен өткөнү ырчынын күйөрмандарынын эсинде болсо керек. Учурда Мирбек ыр сү­йүүчүлөргө эсте калаарлык майрам тартуулоо үчүн катуу даярдык көрүп чуркап жүрөт.
толугу менен
БЕКЧОРО
№21100
Жакындан бери «Капа болбо», «Ишенбе» аттуу ырлары менен эл алдына чыга баш­таган жаш ырчы жигит Бекчоро менен тааныштырабыз. Бекчоро 1984-жылы 14-ноябрда Тогузторо районунун Казарман айылында төрөлүп өскөн. Музыкадан тышкары күрөшкө, бокска кызыгат.
толугу менен
ЖЫЛДЫЗДАР ПЛАСТИКАЛЫК ОПЕРАЦИЯГА ЧЕЙИН ЖАНА КИЙИН
№21100

Учурда медицинанын өнүгүшү менен сулуулукту кол менен жасап алууга мүмкүнчүлүк бар. Айта кетсек, дүйнө жүзүндө атактуу жылдыздардын дээрлик бардыгы пластикалык операция жасаткан. Алар жакшы келбет үчүн денсоолугун, убактысын, каражатын да аяшкан эмес.

МАЙКЛ ЖЕКСОН
Поп-музыканын королу Майкл Жексон 48 жашка чыкканга чейин...


толугу менен
ЫРЧЫЛАР ДА ЭКИ ТАРАПКА БӨЛҮНҮШТҮБҮ?
№21000
2-ноябрдан 8-ноябрга чейин уланган Конституциялык реформа үчүн уюштурулган митингде карапайым элдин катарында аттуу-баштуу ырчылар да келишип, митингди колдогондорун билдирип өз өнөрлөрүн тартуулап берип жатышты. Ошол эле убакта 7-ноябрь күнү антимитингге чыккан Жогорку Кеңештин алдына топтолгон элге башка ырчылар кошулушту. Ал эми жөн гана ырчылык милдетин аткарып, элди тынчтыкка үндөп эки жакка тең ырдагандар да болбой койгон жок. Булардын...
толугу менен
АЛЕКСЕЙДИ «ХИТ-ПАРАДДАН» КИМ КЕТИРДИ?
№21000


Алексей Филатов «Хит-парад» берүүсүнөн кетип, НБТ каналында «Жаңы жылдыз НБТ» берүүсүн алпарып жатканы белгилүү. Алек-сейдин «Хит-параддан» кетүүсүнүн себебин билгиси келгендер көп. Мунун себебин Лёша өзү: «Акыркы учурда мен «Хит-парадды» ал-паргым келбей калган. Анткени, башында чыныгы мыкты делгендер катышып келсе, кийинки учурда ырдай алганы деле, ырдай албаганы деле чыга баштады. Ушундан улам менде нааразычылык жаралды. Мындай көрүнүш менин да, «Хит-параддын» да...


толугу менен
КЫРГЫЗ КЛИПТЕРИ КАНЧА ТУРАТ
№21010

Кыргыз клиптери биринин артынан бири жаралып, эл тарабынан ар бири өзүн­чө баага арзып жаткандыгы талашсыз. Даяр клипти көр­гөндө албетте, кө­рүү­чүгө оңой эле тартылгандай көрү­нөт. Бирок, жакшы клип болобу, жаман клип болобу, алардын өзүнчө түйшүгү, убаракерчилиги болот. Ошого жараша аларга кеткен чыгым да аз каражатты талап кылбайт. Сөзүбүз куру болбош үчүн айрым популярдуу клиптердин чыгымына көңүл буруп көрөлү.

толугу менен
«КЕҢЕШ» ТОБУ
№21000

”Эркелей”, “Асыл энем”, “Сулуу кыз” аттуу ырлары менен көпчүлүктүн купулуна толуп келаткан “Кеңеш” тобу менен тааныштырабыз.

– Мүзүр, «Кеңеш» тобу качан жана кандайча түзүлгөн?
– Топ 1998-жылы түзүлгөн. Өзүм бала кезимден чыгармачылыкка кызыгып, ырчы болууну самачумун. Мар­кум жердеш агам Чубак Сатаевдин бардык ырларын жатка билип, анын ырларына ушунчалык таасирленчү элем. Ушундан улам...


толугу менен
ФИЛИПП КИРКОРОВ
№21000

Талантынын аркасында Россияга гана эмес, башка өлкөлөргө да таанымал болгон Филипп Киркоровдун жеке жашоосу, чыгармачы-лык жолу миллиондогон күйөрмандарын кызыктырып келет. Чыгар-мачылык дегенде ичкен ашын жерге койгон ырчы 1967-жылы 3-апрелде Болгариянын Варна шаарында төрөлгөн. Музыка күйөр­мандарынын арзуусуна татып келген Примадоннанын экс-жолдошу Филипп Киркоров 17-ноябрь күнү Бишкекте өз өнөрүн тартууламак-чы.

толугу менен
«МТВ ЕВРОПА» СЫЙЛЫГЫНА КИМ ТАТЫДЫ?
№21000

Жыл сайын тапшырылуучу «MTB Europa Music Awards» сыйлыгынын тапшыруу аземи Даниянын Копенгаген шаарында өттү. Көпчүлүктүн сүймөнчүлүгү болгон поп-жылдыз Жастин Тимберлейк «Жылдын мыкты аткаруучусу», «Жылдын мыкты поп-музыканты» наамдары-нын ээси болду. Ал эми «Мыкты ырчы айым» наамы Кристина Агилерага ыйгарылды. Дима Билан «Мыкты аткаруучу» наамын утуп алды. Эң көрү­нүктүү Мадонна, Шакира, Робби Уильямс өңдүү ырчылар наамга...

толугу менен
Бактыгүл Бадыева: «САХНАНЫ ЖЕ ЖИГИТИМДИ ТАНДАЙ АЛБАЙ БАШЫМ КАТЫП ЖАТАТ»
№20900

Чыгармачылыктын татаал жо­лунда өз ордун таап, көпчү­лүк­түн арасынан суурулуп чыгып кетүү өзгөчө кыздар үчүн татаал эле нерсе. Ушуга карабай өзүнүн өжөр­лүгү менен чыгармачылыкка баш-оту менен киришкен Бактыгүл Бадыева аз убакыттын ичинде эл оозуна алына баштады. Бактыгүл 1985-жылы 29-майда Ош шаарында төрөлүп, Токмок шаарында чоңойгон. Төрт бир туугандын кичүүсү. Бойдок.

толугу менен
ЧЫҢГЫЗГА ӨЗГӨЧӨ НОМЕРЛҮҮ МАШИНАНЫ КИМ БЕЛЕК КЫЛДЫ?
№20900
BДИ-ДЖЕЙ B да... Андан алынды. сатылып акчага түшкөн концерттен күнкү биринчи ал машина, го Машина кылды. белек машинаны маркасындагы «Гольф-3» сахнадан ырчыга Адамов Ильяс продюсери Чыңгыздын Себеби, болду. окуя күтпөгөн өзү Чыңгыз эмес, эле эл күнү экинчи концерттин Ушул кетели. айта өзгөчө­лөнгөнүн концерттерден башка түшүп, шыптан каармандын» «баш башталышында Концерттин чогултту. элди коюп концерт башында жуманын ушул Мырзаев ырчы жана
толугу менен
ЖЫЛДЫЗДАР АТАКТУУ БОЛГОНГО ЧЕЙИН КИМ БОЛУП ИШТЕШКЕН
№20900

Адамга турмуш шартына байланыштуу ар кандай иштерде иш­төөсүнө туура келет. Анын сыңарындай, ырчылардын арасында да ис-кусствого аралашып, сахнага ырдап чыга элегинде жашылча-жемиш сатканы, көчө шыпырып иштегени да кездешет.

БАХТИЯР ТОКТОРОВ
«Биз» тобунун жетекчиси Бахтияр Токторов бекерчиликти жаман...


толугу менен
ЗАМИР КАЗАКБАЕВ
№20900

Шаңдуу үнү менен көпчүлүк радио угармандардын сүйүктүү ди-джейине айланып келаткан «21-кылым» радиосунун ди-джейи Замир Казакбаев менен тааныштырабыз.

Замир 1977-жылы 26-октябрда Тоң районунун Карашар айылында төрөлүп өскөн. Кесиби боюнча актёр. Бош убактысында тоого чыгып эс алганды жана футбол ойногонду жакшы көрөт.

толугу менен
АТАКТУУЛАР КАНДАЙ ҮЙДӨ ЖАШАШАТ?
№20920

Дүйнөгө атагы чыккан адамдардын жашоо образы ар дайым карапайым адамдарга табышмактуу сезилет эмеспи. Башкача айтканда, алардын машинасынын маркасы, канча жолу пластикалык операцияга туш болгону, алтургай, канча жолу нике жаңыртканы көпчү­лүктүн кызыгуусун жаратат. Ошондуктан, бул жолу дүйнө жылдыздарынын жашаган бардык үйлөрү тууралуу болбосо да алардын көпчүлүк учурда убактысын өткөргөн үйлөрү тууралуу баяндап бермекчибиз...


толугу менен
Чыңгыз Мырзаев: «БАНКАДАГЫ МАЛИНАНЫН ВАРЕНЬЕСИН ООЗУМА КУЮШТУ»
№20800


Жагымдуу үнү менен алгач радио угармандарынын, андан соң ыр күйөрмандарынын көңүлүн өзүнө буруп, укканды кайдыгер калтырбаган ди-джей, ырчы жигит көпчүлүк окурмандарыбызга белгилүү болсо керек. Чыңгыз Мырзаев 1983-жылы 11-сентябрда Ош областынын Каракулжа районунда төрөлгөн. Үч бир туугандын улуусу. Бойдок.


толугу менен
СЪЕЗДБЕК «АРДАК ГРАМОТАСЫ» МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ
№20800
Мукам обондору жана аткаруучулук чеберчилиги менен көпчүлүккө таанымал жаш ырчы Съездбек Искеналиев жакында 21-22-октябрда Жалалабат шаарында болуп өткөн «Кыргызстан обондору, Токтогул-2006» фестивалына өзү­нүн «Эсим­де» жана жаңы «Арзуу» аттуу ыры менен катышып, чоң ийгиликтин ээси болуп кайтты. Анткени, фестивалдын аягында Жалалабаттын губернатору Съездбектин кайталангыс талантын баалай тургандыгын билдирүү иретинде ырчыга өз колу менен «Ардак грамотасын» тапшырды.
толугу менен
ЭЛДИ СУЛТАН, МИРБЕКТЕР АЛДАДЫБЫ ЖЕ ФИЛАТОВБУ?
№20800
Ушул жуманын башында Спорт Ордосунда бардык жылдыздардын башын бириктирген “Звёздный десант” аттуу концерт болуп өттү. Ушул концерттен кийин биздин редакцияга окур­мандардан концертке нааразы болгон телефон чалуулар түшө баштады. Ал эле эмес, ушундай тариздеги кат да келген эле. Ал каттын кыскача мазмуну мындай: “Саламатсыздарбы, “Супер-Инфо” гезити? Жакында болгон “Звёздный десант” аттуу концертке биз атайын Султан, Мирбек Атабеков, Мирбек Иманбековдор үчүн барган элек. Бирок...
толугу менен
САПАР, АРТЫК
№20800
Өздөрүнүн «Атага» ыры менен белгилүү болгон Артык жана Сапар менен тааныштырабыз
.САПАР ЭРКЕБАЕВ 1982-жылы 21-декабрда Ош областынын Карасуу районуна караштуу Башбулак айлында туулуп-өскөн. Музыкадан тышкары футбол ойноого кызыгат.
АРТЫК САИТОВ 1977-жылы 5-апрелде Жалалабат областынын Базаркоргон районуна караштуу Шыдыр айлында...

толугу менен
ЮЛЯ ҮНҮН ЖОГОТУП АЛДЫ
№20800


Профессионалдуу вокал ырчысы Юля Савичева жакында гастролдон келгенден кийин үнүнүн кырылдап чыгып жатканын сезет. Бирок, ырчы буга маани бербестен, жакшы болуп кетет деп коёт. Тилекке каршы, эртеси ырчынын үнү ого бетер кырылдап, чыкпай калат. Үнүн жоготуп алуудан чочулаган Юля тезинен продюсери Макс Фадеевге билдирет. Фадеев тажрыйбалуу продюсер болгондуктан, ырчынын абалын тез эле түшүнөт. Продюсеринин айтымына...


толугу менен
СЕРГЕЙ ЛАЗАРЕВ
№20800
Алгач сахнага «Smash» тобу менен чыгып, «кара чачтуу» жигит болуп таанылган Сергей Лазаревди билбегендер аз чыгаар. Мурун топтун сүйүктүү солисти катары көпчүлүктү кызыктырса, кийин оригиналдуу имиджи, жагымдуу ырлары менен өз күйөрмандарын чогултууга жетишти. Сергей жашоосунда ырчылык карьераны биринчи орунга коюп келатат.

Лазарев Сергей Вячеславович 1983-жылы 1-апрелде Москва...

толугу менен
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: