Асель Кадырбекова "Кеттиң башкага"
Жанр:Поп
00:03:12
32,3 Мб
Жүктөлгөн: 14-10-2013


Сөзү:Айпери Сыдыкованыкы
Обону:Нурлан Насиптики

Кош бол эми, көрүп бүттүм анык жүзүңдү,
Коргойм эми, кор кылдырбайм алсыз сүйүүмдү.
Отко салдым сүрөтүңдү ыйлап ызамдан,
Оор болсо да унутамын, жаным, өзүңдү.

Кайырма:
Сагынбайм, кайгырбайм, кайра азгырба,
Каректерим кургап калган,
Көңүл калган, бүттү актанба.
Жүрөгүмдү оорутуп, оорутуп,
Кеттиң башкага.

Күнү-түнү сени ойлоп, сенсиз кыйналдым,
Күйүтүмдү ичке салып азапта калдым.
Ыйлабайм деп сооротомун алдап өзүмдү,
Жалган айтып булгап алдың тунук сүйүүмдү.

Кайырма:
Сагынбайм, кайгырбайм, кайра азгырба,
Каректерим кургап калган,
Көңүл калган, бүттү актанба.
Жүрөгүмдү оорутуп, оорутуп,
Кеттиң башкага.
  • Currently 4.75/5
(4 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (59)

14.10.2013. 17:59
 Нуркыз Курманбек кызы
мага короче жакты актер бала соооонункен да озгочо ойноптур вай вай вай вай
14.10.2013. 18:03
 Debi
Жакты, сонун болуптур. Өзү эле сулуу кыз, көзүн азыраак боёсо кантет, көзү көрүнбөй калып жатат. Модератор admin_media түзөттү 14.10.2013 18:50
14.10.2013. 18:03
 sumka
ukmuw eken...
14.10.2013. 18:58
 aminali
Eki suluu kyzdyn ortosunda turuu suuk balany talawtyryp koiuptur,a mumkun duwasy jakwydyr.Nency Ajram arab yr4ysynyn klibine okwowo eken,jazdyka oonap alyp yrdait ko.
15.10.2013 05:16
akusya.kg
aminali, родная бала жылдыздуу туру суук эмес ага жетпей жургон канча...мыкты актер дагы...
14.10.2013. 22:03
 NADUW
клип сонун! жигитти ырчы эмес беле ошону клипке тартса болмок, биз дагы ким экенин билип калмакбыз! клиптеги кыз ким эле? тааныштай болуп жатат.
14.10.2013. 22:32
 kanat4ik
Клиптеги баланын ордуна Нурлан Насипти тартса кандай болмок экен эле ээ))
14.10.2013. 22:38
 kadyrova007
оо ыр да клип да мыкты!!!!
14.10.2013. 22:57
 jazy
соонун чыгыптыр клипда ыр да ийгилик
14.10.2013. 23:17
 upol92
Ачпай жататкооооо
14.10.2013. 23:21
 spanchik
Daa)) klip jakshy boluptur... Maga köinögü jakty v krujeva)) klass!
15.10.2013. 00:41
 rnurzida
Ыры жагат. Укмуш. Клип да жакшы чыгыптыр. Ийгилик Асель!
15.10.2013. 04:07
 Edik_nura
жакшы клип болуптур!!! Асель сага чыгармачылык ийгилик!!!
15.10.2013. 04:29
 tengara
Koinogy jakwy eken
15.10.2013. 05:15
 akusya.kg
Сулуулугунга чек чок...азаматсыз...а клип соонун тартылган...ийгилик...
15.10.2013. 08:29
 sale-81
Аселя качан эл учун ырдайсын? Клип,катардагы клиптердей еле экен,,
15.10.2013. 08:58
 KUMU89
Bul klip adawpasam, arap kyzy yrdagan klipti tuuragan emespi?. Attyn tochna unutup atam. Birok klip owol yrdyn klibida ozu ele.
03.11.2013 18:42
erkekyz22
KUMU89, Ооба Nensi нин клиппин туураптыр)
15.10.2013. 09:03
 KUMU89
Nansy Ajrem inta eih uwul yrdagy klip.
21.02.2014 09:03
Aelit
KUMU89, Да, точно 200 % согласна !!!
15.10.2013. 09:04
 snejinka
Акырында жигит стаканды ыргытып, Асель ыйлап жиберсе эффектнее болмок окшойт..
15.10.2013. 09:13
 Lada
Плагиат. Даже торт которуп кирген жеринен бери туурашыптыр.
04.11.2013 17:33
erkekyz22
Lada, Туура айтасын)
15.10.2013. 16:20
 periwtem
Абдан сонун чыгыптыр.Ишинизге ийгилик
15.10.2013. 22:12
 Cho
мен сени суйом аселя номеринди жазып жиберчи мага 89260467707 мен москвадамын
16.10.2013. 01:45
 Raumaa
Аселдин сулуулугуна кыз болуп туруп менин шилекейим агат. Балдар кантет экен. Бирок Асел, бул сулуулукту токтоолук жана жонокойлук бийиктетет экенин унутпа.
16.10.2013 14:18
jalgyzdyk
Raumaa, Болгон толгону абдан жонокой кыз, ))
16.10.2013. 20:28
 ratmir
Жакшы клип сонун чыгыптыр,Аселя
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: