Гүлжигит Сатыбеков "Агенттеги махабат"
Жанр:Поп
00:03:19
46,61 Мб
Жүктөлгөн: 20-11-2013


Сөзү:Г. Сатыбековдуку
Обону:Г. Сатыбековдуку

Биз агенттен таанышканбыз жаңы эле,
Тизмегимде сендей кыздар аз эле.
Күнү-түнү тажабай, күнү-түнү тажабай,
Биздин сөздөр бүтпөй келет дагы эле.

Кайырма:
Бүгүн неге капалуусуң, каралдым?
Ачып көрүп статусуң карадым.
СМСке бир да жооп ала албайм,
Анда эмесе блогумдан жазайын.
Бүгүн неге капалуусуң, каралдым?
Ачып көрүп статусуң карадым...

Ооба, селки, болом дейсиң Нарындан,
Бирок сени көрбөгөнмүн, тааныбайм.
Бирде калат жазылып, кээде калат жашынып,
Мүнөзүң бар тамашага таарынган.

Кайырма:
Бүгүн неге бактылуусуң, каралдым?
Ачып көрүп статусуң карадым.
Тажабастан сүйүү сөзүн жазышып,
Макул болчу жолугууга барайын.
Бүгүн неге бактылуусуң, каралдым?
Тосуп алчы жолугууга барайын...

Бүгүн неге капалуусуң, каралдым?
Ачып көрүп статусуң карадым.
СМСке дагы жооп ала албайм,
Анда эмесе блогумдан жазайын.
Бүгүн неге жүрөк турат, каралдым?
Макул десең жолугууга барайын... Маалыматты өзгөртүү
  • Currently 5.00/5
(3 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (120)

20.11.2013. 16:55
 elmir13
xaxa jakshy klip boluptur zamanbap)))
20.11.2013. 17:38
 joni040494
жакшы клип экен
20.11.2013. 17:38
 Nursultan_kg
Супер
20.11.2013. 17:56
 janno4ka
Гулжигит турмуштан алынган ырларды жазганы, ырдаганы абдаан жагат жана клиптери да жакшы
20.11.2013. 17:58
 guljan_asankojoeva
Модемдери жок го))) "Ыстатусун караддыыым"...иийиий ысмыйликтери жакты анда))
20.11.2013 19:14
kushtar-bek
Гүлжан Асанкожоева, Wi-Fi колдонушса керек да.
20.11.2013. 18:03
 Shai
Мага клиптеги кыздын логинин жонотуп коесунарбы сураныч.
20.11.2013. 18:09
 TolonturCN
Клип ушундай комедиялуу болсо эсте калаарлык болот экен, Ошко сапар, Тико, анан бул клип баары комедиялуу болуптур, ийгилик Гүлжигит мырза.
20.11.2013. 19:33
 ZUR.NUR8693
Ийгилик ыры да клиби да жакшы чыгыптыр соз жок
21.11.2013 09:37
acer11
ZUR.NUR8693, Ыры озунуку а Клип Жоомарттыкы,жакшы клип болуптур алга ЖОКИ.
20.11.2013. 20:12
 don.kg
Абдан жагатта ушул ыр негедир, клипи мазза чыгыптыр OK! )))D
20.11.2013. 20:22
 kadyrova007
жакшы жакшы ......
20.11.2013. 20:25
 Mirbek.83
Сонун клип болуптур клиптеги кыздын логини болсо жакшы болмок.
20.11.2013. 21:46
 mirbakg
Гулжигит Сатыбеков сизге ийгилик !! Ыр да клип да эн Сонун!!!
20.11.2013. 22:06
 Puwkin
jakwy eken) maanaydy kotorot. es alip kalat ekensin.
22.11.2013 12:25
olokon39
Puwkin, Агенте отуруп убактысын кетирген бармеетерге екен
20.11.2013. 23:18
 kama_future_millioner
оооооууууу абдан соонун клип экен тамашалуу ырдын созуда жакты
20.11.2013. 23:19
 anara85
болоооооооооот,,,,,,,,.
20.11.2013. 23:28
 A.Aliev
Эн соонун,анан дагы Агентте куну-туну олтурган Кыз-Жигитти да жакшы оншоштурган экен))
20.11.2013. 23:48
 LASTO4KA_1
meni ba9ndap koigongo )))
21.11.2013. 01:51
 nurchik-92
Мына эмесе коптон куткон дагы бир жакшы клип болуптур, ишинизге ийгилик дагы да болсо жакшы ырларды жарата бериниз!!!
21.11.2013. 02:22
 mery.89
Ммм жакшы клип болуптур. Гулжигит оштук,баткендик кыздарга арнап ыр чыгарган эле.бул ырында нарындын кызын айтыптыр.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: