Gulzada "Толгонуу"
Жанр:Поп
00:03:49
47,56 Мб
Жүктөлгөн: 28-04-2014


Жалган дүйнө кезип,
Чаңдар өткөн безип.
Жараткандын дүйнөсү,
Жакшылыкка үндөчү.
Аруу, аруу тилек,
Армандарды жиреп,
Аталардын керээзи,
Таамай аткан жебеси.
Эй, эй, эй...

Кайырма:
Өмүр, өмүр чиркин кандай, кандай?
Узак жолду бастым талбай,
Каректерим канбай бул өмүргө эй...

Кайдан, кайдан келдиң?
Укчу, укчу кебим.
Карегиңде сыр бардай,
Миң бир түркүн кыр бардай.
Шамал, шамал менен,
Шамда, шамда келген.
Шайыгы да кайыбы?
Байкап турган жайыбы?

Кайырма:
Өмүр, өмүр чиркин кандай, кандай?
Узак жолду бастым талбай,
Каректерим канбай бул өмүргө эй...

  • Currently 4.20/5
(25 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (51)

28.04.2014. 21:20
 kama_future_millioner
Абдан жакшы тартылыптыр 55555555 ырынада соз жок. Алга Гулзада эже
30.04.2014 00:37
ULUUBEK.KG
Гулзада эже эмнеге Каныкейди туурайсын сиз жакшына эле кийинип жургон айым эленизго эми болсо чечинип озунузго кошуп чоон аялдарды жыланачтап((( жакпады. Сизди жакшы эле деп ойлосом обу жоктоно баштапсыз((( ининиз катары айттым (((
28.04.2014. 21:50
 kapkaida
Эмне демек элем эми. Соз жок!!! Коркомдоп айтканга соз жок, клип озун озу коркомдоп турат. Кыргыз ырчыларынын арасында мындай клип болгон эмес, Гульзада жаны багытты баштады. Азамат! Ийгилик!
28.04.2014. 22:20
 spanchik
klip ayabai kuchtuu tartylyptyr!!!!! soz jok!!!!.... maanisi abdan teren eken!!!!!!
28.04.2014. 22:21
 Bayimbet3
Сонун болот биздин клиптер да онуго баштады Эрнист Сыдыков жана башка клип тартуучулардын айынан монтажга да соз жок.Алга кыргыз клип!!!! Эмне дебединер кыргыз калкым.
28.04.2014. 22:29
 chyngyz84
Салам "супер"! Бирде клип кочурсом, нокиа с6 дан коргозбой койду? Мб да чон экен. жон жон элежж
29.04.2014 10:43
admin_superstan
chyngyz84, Саламатсызбы!
Сиздин телефонуңузда Flash жок болсо, сайттан көчүрүлгөн видеолор көрүнбөйт.
28.04.2014. 22:34
 byityk
Мындайй ыр, клип коро элек болчуумун. Азамат сапаты жана каражатты аябай жасаптыр. +5555555
28.04.2014. 23:13
 noeli
Чон эженин далысын жыланачтабай эле койбопсунар,ВиаГранын клиптериндей кылып.Жашыраагына го мейли эми,чыгармачылык бул.
13.05.2014 15:41
babaevtima
noeli, сиздерге мындай клиптер жакпаса корбой эле койгонго укугунар бар :)))))
28.04.2014. 23:40
 kirpik
баарыле жыланач го андан коро кыргыз койнок мн шамалда учпаптыр
28.04.2014. 23:47
 sumka
men jakshy tuwuno albai koidum,owogo kop jaga bergen jok ,a negizi bul yr4yny baalaim. maga taarynyp jininer kelip minus koup sokpogulo ee dostor)))minus koison ozun bil plyus koison ozun bil,kompyuter senin kolunda)))
29.04.2014 03:03
kirpik
sumka, мен кошуу койдум бирок менин омуруму 1минутка узартканына олло кулдурдун бирок чындап эле бир да тушунбодум арбактардын ырыбы деп тушундум хахаха
29.04.2014 03:28
sumka
kirpik, plyusuna rahmat))))
02.05.2014 02:49
kuba.86
sumka, тата sumkaсынго, ххххх
04.05.2014 18:35
sumka
kuba.86, 4yn men tuwungon jokmun)))
28.04.2014. 23:48
 sumka
birok men baaryna plyus koup 4yktym)))
29.04.2014. 00:06
 nurizka..
Азаматсыз ийгилик!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: