Gulzada "Курманжан датка"
Жанр:Фольклор
00:05:13
72,65 Мб
Жүктөлгөн: 24-11-2011


Атырылган ак булак сенин,
Атың белек Курманжан датка.
Ак жамгырдын данеги сенин,
Баасы белең Курманжан датка.
Кубалашкан барчындын өзү,
Куунарысың Курманджан датка.
Куса болгон жүрөктүн өзү,
Кумарысың Курманжан датка.

Жарыгыңдан нур жыйнап элиң,
Буралат бир Курманжан датка.
Жаштыгыңлан нур жыйнап сенин,
Куралат бир Курманжан датка,
Курманжан датка,Курманжан датка.

Карегиңдин дубасы сенин,
Жайнап турат Курманжан датка.
Карегиңдин дубасы сенин,
Арбап турут Курманжан датка.
Бек тактысын чимирген өзү,
Дөөлөтүң бар Курманжан датка.
Бекти дагы чимирген өзү,
Сөөлөтүң бар Курманжан датка.
Бегечигим сага чыктайын,
Башка белең Курманжан датка.
Бекти дагы чимирген өзү,
Кашка белең Курманжан датка.

Адамкерчилик кубака сенде,
Канда белең Курманжан датка.
Ак жоолукчан сендейлер анда,
Чанда беле Курманжан датка.
Көз карашың бийикте сенин,
Башка белең курманжан датка.

Жүрүгүңдөн күү чыкса ошол,
Элиңдин деми Курманжан датка.
Жүрөгүңдү өйүгөн ошол,
Элиңдин кеби Курманжан датка.

Арбагыңды ар жерден сенин,
Издеп келем Курманжан датка.
Арбагыңды ар жерден сенин,
Карап келем Курманжан датка.
Өлсөң дагы тирүүдөй сенин,
Ардагың бар Курманжан датка.
Тирүүлөрдү колдогон сенин,
Арбагың бар Курманжан датка.
Кылымдарга түбөлүк өчпөс,
Ырымдасың Курманжан датка.
Жүрөгүмдүн тереңиндеги,
Сырымдасың Курманжан датка.
Түбөлүй өчпөс болуп бир дайым,
Жүрө бергин Курманжан датка.
Уламыштардай узун өмүрдү,
Сүрө бергин Курманжан датка.
Курманжан датка, Курманжан датка.
  • Currently 4.74/5
(23 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (31)

24.11.2011. 19:07
 mayramgul90
Aibai jakshyy...
24.11.2011. 22:01
 Ashan
Мынча соонун ..!!!
24.11.2011. 22:05
 Aelina
jakshy boluptur.
24.11.2011. 22:09
 nurbek_posol
Уну сонун экен
25.11.2011. 13:59
 kgbala_90
Kyrgyz Kyzdary Kurmanjan Datka enebizdei akyldyy, erktuu!!!
25.11.2011. 15:34
 moinok
Эн жакшы тартылыптыр.Рахмат Гулзада унун да соонун угулат.Ийгилик каалайм.
25.11.2011. 16:52
 matatas
Мыкты ырдаптыр жана клипи да татыктуу болуптур. Гульзадага ийгилик. Абдан жакшы ырдайт. Дал ушул стилинен жазбасын :)
25.11.2011. 21:20
 nikolay
Бул ырды мурун Роза Аманова ырдаган эле.
26.11.2011. 02:21
 Bishkek
kim yrdaca dagy conun boluptur
igilik
26.11.2011. 13:36
 bosmos7
Зор Ийгилик.
26.11.2011. 18:08
 zamir
Кыргызстанга Датка энебиздей акылдуу алысты коро билген эрктуу адамдар кайра жаралар бекен? анын басып откон жолун окусан ыйлагын келет, элинин амандыгы учун уулунун жанын да аябаган, ушундай кыйын кездерде элинин башында турган Курманжан Датка энебизди элибиз эч унутпайт анын ысымы туболуко сакталып кала бермекчи, жана бул ыр да туболук жаныра берет демекчимин....
26.11.2011. 18:52
 LD9R
Клип жакты мага! Бирок кыздан ат мингендеги кадрында бутундагы сапожкасы современный болуп калыптыр ))
26.11.2011. 20:30
 lapyska
Гульзада эже ырынызга чон рахмат эн жакшы!!!!!!!Достор бул клип эмес "Тоо Ханышасы" аттуу документалдык фильм жакшы тартылган кино,коргуло деп сунуштайм.
28.11.2011. 06:52
 suke12
yr super ********super yr
28.11.2011. 08:40
 cubich
1:45 убакта сапошкасы азыркы мезгилдеги болуп калыптыр.Бирок клип сонун.Ийгилик каалайм.
28.11.2011. 15:49
 lapyska
Ырдын тексти неге жок?Качан жазылат?
03.12.2011. 18:34
 Kamilacan
Кыргыздын кыздарынын баары ушул Гулзада сыяктуу болсо!
09.12.2011. 18:39
 jigit92
ырдын тексттин жазып койсонор жакшы болот эле
11.12.2011. 04:07
 Karkyra
Азамат Гулзат! Курманжандын жаш кезин Жаным Айзат ойногонбу?
09.01.2012 23:24
lapyska
Karkyra, ooba janym aizat oinogon
21.01.2012. 00:45
 chicho
Гулзат жакшы ырдайт экенсин,ушунунан жазба.
13.02.2012. 23:30
 nurkan97
эже я в ваш голос влюблена... и вы тоже мне очень нравитесь.. всё суппппееер
23.02.2012. 17:33
 Riss
Гулзада эжеге чоон рахмат,даагы дагы оркундоп осо берсин............
06.04.2012. 02:49
 anteya
Ал убакта ак сапоги кийчу эмес, дароо эле козго урунат экен. Дагы Курманжан датка ото эле жумшак суйкумдуу болуп калыптыр.Ал озу кайраты кучтуу, властная, суровая,строгая деген сапаттардын ээси болгондуктан, ушуга жакындатса сонун болмок. Негизинен жакшы болуптур.эмкиде мындан жакшысын кутом. Гулзада сага ийгилик
20.05.2012. 20:42
 Alimurat
bul yrdyn mp3 kimde bar boldu eken?????????
17.01.2013. 13:45
 adash07
Гуулзада сага ийгилик Курманжан даткадай улуу бол!
01.03.2013. 20:10
 zilish_kg
mp3 форматында кайсыл жерден кочуруп алсам болот????
01.03.2013 23:02
admin_media
zilish_kg,
Аудиосу мында)
http://www.super.kg/media/?type=audio&id=83935
01.11.2013. 10:14
 ilknur_95kg
mykty yr boluptur
15.08.2014. 10:56
 dastan_nookat
"Жакшы клип болуптур"
17.09.2014. 15:02
 indirkg
Клип жакшы,бирок бул создор коркутчудай го.
Арбагыңды ар жерден сенин,
Издеп келем Курманжан датка.
Арбагында колдосун, бирок козгобошу керек.

1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: