Gulzada, Гүлжигит Калыков "Жалын бий"
Жанр:Фольклор
00:03:01
42,43 Мб
Жүктөлгөн: 17-09-2014


Сөзү:Кыялбек Урманбетовдуку
Обону:Кубандык Жаасын уулу

Байыркыдан жалын бий,
Бактыбызга жанган бий.
Башат алып кыргыздан,
Бардыгына майрам бий.
Өргө чапкан жалын жаш,
Өтүп кетсе таңылбас.
Эр жигитке шайма-шай,
Эргип бийле, карындаш.

Кайырма:
Шумкар канат каккандай,
Учуп бара жаткандай.
Талпыналы жарышка,
Тайторуну чапкандай.
Кандай адам тим турат,
Талбай жүрөк булкунат.
Жалпы тегиз бийлесек,
Жалындасын ынтымак.

Күүгө келип тилектен,
Күйүп-жанып күн өткөн.
Жаның барда өчүрбө,
Жалыныңды жүрөктөн.
Шарапаттуу дүйнөдөй,
Шаңга кошул сүрдөбөй.
Кантип чыдап турасың,
Карап четте бийлебей.

Кайырма:

Жарк эткендей чагылган,
Жаралган бий жалындан.
Шат өмүргө жарык бол,
Шам чырактай жагылган.
Күлкү менен жашарып,
Күн балдары аталып.
Бийлеп кары-жашыбыз,
Бир кумарга баталык.

Кайырма:
  • Currently 4.76/5
(25 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (51)

17.09.2014. 21:05
 Angel92
Во супер!
17.09.2014. 21:12
 Altuha
Бул бий нукура кыргызча бийлерге окшош экен. Тургунаалы младес
17.09.2014. 22:59
 nargizkesha
Баракелде, эн сонун болуптур!!!
17.09.2014. 23:55
 Desmond
Экоо биринен бири калбаган азаматтар экен го эээ???
Ийгилик!!!
18.09.2014. 00:23
 kozutay
Клип соонун, бийлегендери аябай жакты.
18.09.2014. 10:23
 sherzatik
Мага абдан жакты.Маданият тармагы өнүгө берсин.Ийгилик силерге!!!
18.09.2014. 11:24
 bolobai
Азаматтар!!!!
18.09.2014. 14:34
 4ever_Young
Гулжигит бийлей албай коюптур го
19.09.2014. 11:52
 Anisaydan
Азаматтар эн мыкты клип-ыр болуптур
19.09.2014. 13:36
 mirgul8186
Алга азаматтар жакшы чыгыптыр .
19.09.2014. 13:38
 Aika0812
мына сага бий. Бийчилер соонун бийлешиптир
19.09.2014. 15:40
 aitysha-91
Мына сага эми баары кара жорго кыргыз бий бирин бирине окшогон ырлар башка нерсе ойлонуп чыкса болбойбу
19.09.2014. 18:40
 Zari2013
Аябай сонун болуптур, негизи Кыялбек Урманбетовдун созуно жазылган ырлардын баары мыкты!
19.09.2014. 20:48
 BubleGum
Jalin biy... Kizik...
19.09.2014. 21:14
 Mariyana
соонугоо мага жакты..конулду которот экен.
21.09.2014. 15:45
 Акжол
en mykty nakta kyrgyz bii
21.09.2014. 18:21
 jolbors8989
super
21.09.2014. 19:19
 tima-27
Супер
21.09.2014. 21:07
 jazy
супер эн сонун ырда клипда соз жоок азаматсынар нукура кыргыздын ыры клиби болуптур чыгармачылык ийгилик нукура кыргыздын ырчылары дагыда коптогон чыгармаларды кутуп калабыз
22.09.2014. 14:41
 Tilek_tegin
азаматсынар!!! эн сонун болуптур!!!
23.09.2014. 17:59
 gooool
Бийчи кыздар мынча сулуууууууу,шилкей агып кеттиго,.....
05.05.2015 12:30
Guli.K.E.
gooool,
"Ажар" бийчилер тобу)))
23.09.2014. 18:28
 Aipri
Гулжигит тим эле соонун бийлептир.
24.09.2014. 12:59
 Saikalushka
Жарк эткендей чагылган,
Жаралган бий жалындан.
шайтан жалындан жаралган...
26.09.2014. 05:12
 aminali
Jakshy.
17.10.2014. 21:24
 Elnuram090
эн сонун ыр эн сонун бий эн сонун бийчилер тимеле баары сонун эн мыкты чыгарма мен коргон кыргыз чыгармаларынан азаматсынар
24.10.2014. 03:21
 vipinter95
Гүлзада аяш энем.гүлжигит аяш акем болот булар мн сыймыктанам эң сонун клип ыр да сонун
14.02.2015. 15:06
 Ilays
уккан сайын денеге дем берип атат, сонун...
23.02.2015. 14:10
 Aksy-13
админ силерден ото чоооон сураныч Гулзаданын жаны жылда ырдаган даны ырын таап бергилечи Тургуналы Жусуп мамай анан манасчы болуп чогу сонун ырды аткарышпады беле бир кечеде ошону таап бериниздерчи ото чон сураныч, жооп кутом.
23.02.2015 18:06
admin_media
Aksy-13, саламатсызбы! Жакынкы арада жүктөп коюуга аракет кылабыз.
18.08.2015. 21:51
 dastan_nookat
Жакшы
10.09.2016. 12:42
 Kyialkech
Жогорку денгээлдеги клип! Алга!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: