Жанр:Фольклор
00:03:01
42,43 Мб
Жүктөлгөн: 17-09-2014
Сөзү:Кыялбек Урманбетовдуку
Обону:Кубандык Жаасын уулу
Байыркыдан жалын бий,
Бактыбызга жанган бий.
Башат алып кыргыздан,
Бардыгына майрам бий.
Өргө чапкан жалын жаш,
Өтүп кетсе таңылбас.
Эр жигитке шайма-шай,
Эргип бийле, карындаш.
Кайырма:
Шумкар канат каккандай,
Учуп бара жаткандай.
Талпыналы жарышка,
Тайторуну чапкандай.
Кандай адам тим турат,
Талбай жүрөк булкунат.
Жалпы тегиз бийлесек,
Жалындасын ынтымак.
Күүгө келип тилектен,
Күйүп-жанып күн өткөн.
Жаның барда өчүрбө,
Жалыныңды жүрөктөн.
Шарапаттуу дүйнөдөй,
Шаңга кошул сүрдөбөй.
Кантип чыдап турасың,
Карап четте бийлебей.
Кайырма:
Жарк эткендей чагылган,
Жаралган бий жалындан.
Шат өмүргө жарык бол,
Шам чырактай жагылган.
Күлкү менен жашарып,
Күн балдары аталып.
Бийлеп кары-жашыбыз,
Бир кумарга баталык.
Кайырма: