Gulzada "Толгонуу"
Жанр:Поп
00:03:49
47,56 Мб
Жүктөлгөн: 28-04-2014


Жалган дүйнө кезип,
Чаңдар өткөн безип.
Жараткандын дүйнөсү,
Жакшылыкка үндөчү.
Аруу, аруу тилек,
Армандарды жиреп,
Аталардын керээзи,
Таамай аткан жебеси.
Эй, эй, эй...

Кайырма:
Өмүр, өмүр чиркин кандай, кандай?
Узак жолду бастым талбай,
Каректерим канбай бул өмүргө эй...

Кайдан, кайдан келдиң?
Укчу, укчу кебим.
Карегиңде сыр бардай,
Миң бир түркүн кыр бардай.
Шамал, шамал менен,
Шамда, шамда келген.
Шайыгы да кайыбы?
Байкап турган жайыбы?

Кайырма:
Өмүр, өмүр чиркин кандай, кандай?
Узак жолду бастым талбай,
Каректерим канбай бул өмүргө эй...

  • Currently 4.20/5
(25 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (51)

29.04.2014. 00:32
 orgochor14
Эмечи клип соонун экен бирок ырдын маанисин укканда бир тоолордун арсында,шамаал,буркут,сууну аралаштырып тартканда болот беле дейм да. анан да кийими анча эмесго
29.04.2014 18:21
kapkaida
orgochor14, тоо, сууну коргун келсе кыргыздарда андай клиптен коп неме жок, Ар бир кыргыз ырчы ошондой клип тартып чыккан. Мына суперде толтура, ачып алып коро бер.
09.05.2014 06:59
supeeri
orgochor14, Ойлосон андай клиптер толтураго, бир кийми жок да клип тартышсын озгочо клип жакты.))
29.04.2014. 03:06
 aman94el
klassno iygilik журокту эзет го азаматсыз ырга да клипке да+5
29.04.2014. 03:30
 nooken.kg
Баары жакшы бирОК деген жери бар.
Желкеси жабык КЫРГЫЗДЫН оймо-чиймеси бар кийим кийсе эң сонун болмок. Менин оюм ушундай.
29.04.2014. 10:45
 admin_superstan
ASO, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек. Коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынган.
Билдирүүңүз өчүрүлдү.
29.04.2014. 13:55
 aibek0001
Бул ырчыны тааныбайт экенмин.
29.04.2014. 15:12
 nasi00
Аай жалан жыланачтар го кийим менен эле тартылган жакшы биздин менталитетке туура келбейт экен
29.04.2014. 15:32
 tulpanka92
болбойт болбойт болбойт
29.04.2014. 16:34
 sagyz
Клипке соз жок. Необычный гоо ото ле
29.04.2014. 18:57
 Patriot007
Нурзада айым ырдоо стили,нукура таланты менен башкалардан айырмаланып турат.Бул сюжет да озгочо тартылыптыр.Матиралдык байлыкты эмес,руханий байлыкты чагылдырыптыр.Азаматсыз сизге ийгилик.
29.04.2014. 20:34
 elli_88
озгочо клип болуптур молодец!!!!!!!!

29.04.2014. 21:56
 aibars
Suuuuuuuuuper soz jok. men v shoke
30.04.2014. 07:33
 malik
Yr zhakshy tegiz kyrdy elestetet. Yrdyn chokulary zhok, zoolary zhok, bashkazha aitkanda kluminatsiasy zhok. Bir tegizde (tegiz dooshta) aitylgan. Yr degen de otkur soolary, chokulary bolup doosh tegen kulaktardy kar kylchudai odogo chygysh kerek.
30.04.2014. 12:24
 vira_95kg
Гулзада эженин чыгармачылыгын сыйлайм, баалайм бирок кобу айткандай эле желкесинин жыланач экендиги мага ото оон учурады айрыкча жашы улуу эженики...Эмнеси болсода ийгилик эжебизге!
01.05.2014. 12:05
 salfego
мага абдан жакты клип! мындай клип туура эмес дегендерге айтарым! илгери кыргыздар интернетте деле олтурушчу эмес оспойлубу кичине
01.05.2014 14:34
noeli
salfego, осуу деген жыланачтануу деген эмес.Далысын корсотуп койсо эле осуу деген туура эмес!эмкисинде ылдыйраак тушурсун дагы кобураак осуптур деп баа бергиле.
01.05.2014. 13:10
 brilliant
Гулгундой жап-жаш эжекени курагы азыр ачылып ырдабаганда анан качан ырдайт.Ички дуйноонун баасын билбегндер акылдуу болуп жаза беришет.Сизге окшоп дуйно жузун кыдырып копту корушсо башкача ой толгонуу болмок,эмне кылалы уйдон чыкпай интернетте отурушса жеткен акылдары ошол экен.
02.05.2014. 01:38
 anjella8888
Бул айым жанылышбасам башында чыкканда Манастын урпагыбыз деп кыргыздын арнаменти м.н чыктыле. Эми жыланачтанып Европаны туурап жатабы манастын урпагы?!
02.05.2014. 03:00
 Maisara
Мага аябай жакты козумдон жаш акты
03.05.2014. 05:24
 mekusha
Люди че вы на ее наижаеете?? странно вы все такие с перво такое сделайте а потом обсуждайте на вверху все видеть и он только будет судит а не вы ! Одни негативы ажж даж слов нету! Насчет клипа и песни я молчу отлично поработали хоть есть что то необычное
03.05.2014. 15:18
 kirpik
мурда ыр чыгарганда кандайдыр комиссиядан отуп анан ырдашчу а азыр баары озу билет укмуш демократия а бирок жыланачтанып чыгып алып аа уу деп ырдап элге жакпадывы ызначит жакпайт азыр эл комиссия эгер концерт койсо эл барбаса эл колдобосо сен эч ким эмессин ошон учун а бу дебей элдин купулуна жеткен ырларды клиптерди тарткыла
03.05.2014. 15:51
 NADUW
кандайдыр бир себептен козунон жаш чыгып кеттиго Гулзада эженин! бул да болсо ырдын кучтулугунон го.чын дилинен ырдаптыр!
04.05.2014. 18:45
 lusi2013
Ыры жагат,клипти тушунбодум
05.05.2014. 00:31
 k.aika.t_kg91
Маниси терен ырлардын бири экен,жана клипти жакшы чагылдырылган.
06.05.2014. 18:03
 admin_superstan
anjella8888, brilliant, жеке билдирүүлөр үчүн купуя бар! Билдирүүлөрүңөр өчүрүлдү!
14.05.2014. 17:40
 Altynai312412
эн сонун клип, оригиналдуу!!!
31.05.2014. 20:27
 mi-li-na
Жыланач ырдаганы шаманчылыгынын белгиси го деп ойлоп койдум... Каныкейди туурап ырдайт качан болбосун. Каныкейдин колокосундо осуп келе жатат...
17.06.2014. 10:49
 goodman02
Сонун клип экен, тушунгондорго +5!
21.08.2014. 13:35
 motomoto
мрачный клип болуптур. мага жаккан жок. ни чем не удивила. эмгек бар , бирок текке кетти деп ойлойм))))))))))
30.09.2014. 03:14
 Жакшы бала
Мага абдан жакты бул клип! Оригиналдуу жана жогорку сапатта тартылган клип экен ыры дагы мааниси терен экен. Башкалардан озгочолонуп природа же кафеде тартпай клипти супер кылып тартышыптыр! Гульзада ырчыга чын журоктон чыгармачылык жактан чон жетишкендиктерди каалайм!
18.08.2015. 21:54
 dastan_nookat
Клипби жакпады ыры жакшы!
17.03.2016. 12:59
 sanrisa
Ар бир ырчы озүнүн ички дүйнөсүн чагылдырганга аракет кылат. Гулзаданын озүнүн стили бар, Каныкейдиги өзүнукү. Эчкимди туураган жок менин оюмча. Чечинип такыр эле жылаңач чыккан жок да, туурабы? Өтө эле катуу сындаштын кажети жок.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: